Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:18

Кыргызстан тышкы карыздан жашыл долбоорлордун эсебинен кутулса болот


Дастан Абдылдаев
Дастан Абдылдаев

Баку шаарында COP29 саммити cоңуна чыкты. Эки апталык жыйын эмне менен аяктады? Дүйнөдөгү кубаттуу мамлекеттер 2035-жылга чейин жылына 300 млрд доллар берип турууга макул болду. Бирок бул өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн нааразылыгын жаратып, айрымдар саммиттен эч кандай майнап чыккан жок деп баалашты.

Азербайжан баш калаасында өткөн климат саммитинин катышуучусу, Кыргызстандын президентинин тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча атайын өкүлүнүн секретариатынын климаттык диломатия боюнча эксперти Дастан Абдылдаевге "Азаттык" бир нече суроо узатты.

- Дастан мырза, COP29дун күн тартибиндеги негизги маселенин бири - дүйнөнүн кубаттуу өлкөлөрү экономикасы өнүгүп келаткан, климаттын өзгөрүүсүнөн жапа чеккен өлкөлөргө берилчү акчаны 1 трлн долларга чейин жеткирүү болчу. Бакуда лидерлер так бир пикирге келип, багыт аныкталдыбы?

- Климаттык туруктуулукка жетүү үчүн өнүккөн өлкөлөр өнүгүп келаткан өлкөлөргө буга чейин жылына 100 млрд доллар бөлүп берип турууну убада кылган. Акыркы эки жылдан бери ошол убада өтөөсүнө чыгып, жылына акча бөлүнүп, өнүгүп келаткан өлкөлөрдөгү климаттык долбоорлорго багытталып турду. Эми ошол 100 млрд доллар бөлүнгөн мөөнөт 2024-жылдын аягында бүтөт. 2025-жылдан тарта өнүгүп келаткан өлкөлөр климаттык туруктуулукка өбөлгө болчу жаңы салымдарды өнүккөн мамлекеттерден күтүп турат.

Жалпы эсептөөлөр боюнча 2035-жылга чейин өнүгүп келаткан өлкөлөрдө ушул тапта пландалган долбоорлорду ишке ашурууга жылына 1,3 трлн доллар талап кылынары тууралуу талкуу жүрүп жатат. Айрыкча бул чечимди өнүгүп келаткан өлкөлөр өзгөчө зор үмүт менен күтүп турган маалы. Белгилүү болгондой, Баку шаарында өткөн COP29дун эки жумага созулган сүйлөшүүлөрүнөн кийин жылына 300 млрд доллар климаттык каржы бөлүү чечими консенсус менен кабыл алынды.

Албетте, бул сумма талап кылынгандан бир канча эсе аз, андыктан өнүгүп келаткан өлкөлөр мындай чечимге ызалануу менен аргасыздан макул болду. Башкача айтканда, Бириккен Улуттур Уюмунун климат боюнча алкактык конвенциясына мүчө болгон 198 өлкө текши макул болгондо гана консенсус жолу менен чечим кабыл алынат.

- Бакудагы глобалдык саммитке бир топ лидерлер, өкмөт башчылары катышты. Бирок кызык жагдай – дүйнөдө абага булганыч газдарды көп чыгарган сап башындагы – Кытай, АКШ, Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн лидерлери келген жок. Алардын делегациялары отурганы менен лидерлердин катышпаганы жогоруда сиз айткан триллиондон ашуун доллардын бөлүнүшүнө канчалык кедергисин тийгизет?

- Жагдай ошондой болду. Сиз белгилеп кеткендей көмүр кычкыл газын атмосферага көп бөлүп чыгарып, климатка өтө чоң зыянын тийгизип жаткан мамлекеттердин катышпаганы, албетте, өкүнүчтүү. Себеби дегенде, алардын катышуусу менен каржы жана башка маселелер чогуу талкууланып, чогуу чечим кабыл алынса иштиктүү болмок. Кандай чечим болбосун, чоң мамлекеттер катышып, түздөн-түз ишке ашырбаса, чечимдердин жыйынтыгы иштиктүү болбой калат деген орчундуу кооптонуу бар.

- Дастан мырза, демек глобалдык климаттык саясатта экономика негизги фактор экенин, акча бул инструмент деп айтсак канчалык негиздүү? Анткени катардагы окурманга түшүндүрө кетсек – глобалдык алкакта атмосферага булганыч газдарды көп чыгарган мамлекеттер Кытай, АКШ, Евробиримдиктеги өлкөлөр, Индия, Орусия, Жапония сиз белгилеген триллиондон ашуун доллардын үлүшүн өз мойнуна алышы керек, туурабы?

- Албетте, чындыгында каржы маселесине келсек, климаттык туруктуулукка жеткирген долбоорлор гана эмес, көп нерсенин, бардык чечимдердин түбү келип каржы маселесине такалат. Себеби долбоорду ишке ашырабы, жаңы технологияны киргизеби же кандай гана демилге болбосун, аны жүзөгө ашырууда каржылык колдоо зарыл экени анык. Ошондуктан чечимдин баары келип, каржы маселесине такалып калат.

Ошол эле мезгилде кубаттуу өлкөлөрдүн атмосферага көмүр кычкыл газын чыгарууда үлүшү чоң экенин билебиз. Мисалы тарыхый көз ирмемде алсак, 19-кылымдын башы же 1870-1880-жылдардагы индустриалдык доордон бери чогуу караганда АКШ, Европадагы өнүккөн өлкөлөрдүн салымы көп болуп чыгат. Ал эми жакынкы мезгилди алганда Кытай менен Индиянын салымы бир топ өстү. Ошону эске алганда, бул жерде талкуунун да өзөгү ушуга келип такалып жатат – кайсы өлкө климаттык туруктуулукка багытталган куржунга канча акча бөлөт.

- АКШ демекчи, жаңы шайланган президент Дональд Трамп Ак үйдөгү биринчи мөөнөтүндө кескин чечимдерди кабыл алып, алтургай Вашингтон Париж келишиминен чыгып кеткени маалым. Трамптын президенттикке кайтып келиши глобалдык климат саясатына кандай таасир этет, анын нугун бурушу мүмкүнбү?

- Эми Трамп экинчи мөөнөтүндө кандай климаттык саясат жүргүзөт, аны мезгил көрсөтөт, азырынча мен так айта албайм. Бирок кооптонуу менен күтүп турам. Андан бери Американын өзүндө бир топ процесс жүрүп, жакшы нерселер ишке ашты. Андан сырткары Байдендин тушунда климаттык туруктуулукка багытталган жаңы Инфляцияны азайтуу мыйзамына (IRA) 2022-жылдын августунда кол коюлуп, олуттуу каржылык колдоо жүзөгө ашырылып жаткан маал. Ага ылайык, жакынкы жылдарда АКШ көмүр кычкыл газынын эмиссиясын олуттуу түрдө кыскартуу максатында таза энергияга 400 миллиард долларга жакын федералдык каржылоону багыттайт.

Ошону эске алганда, Трамптын биринчи мөөнөтүнө салыштырганда азыр Америка гана эмес, дүйнөдө климат саясатында бир топ илгерилөө болду. Ошондуктан, такыр эле кайра артка кайтат деген ойдон мен алысмын. Бирок АКШнын геосаясаттагы ролун эске алганда, кандай чечим кабыл алынса дагы анын таасири сөзсүз түрдө болот. Себеби ал экономикалык жактан, геосаясий жактан да өтө чоң мамлекет. Андан сырткары биз баарыбыз билгендей, Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта кору сыяктуу эң чоң финансылык институттарда дагы АКШнын олуттуу салымы бар.

Ошол эл аралык финансылык институттар климатка байланышкан көптөгөн долбоорлорду каржылап, ишке ашырып турат. Вашингтондун саясаты Американын ичинде гана эмес, башка эл аралык институттардын саясатына да таасирин тийгизиши ыктымал деген кооптонуу бар. Аны эми мезгили келгенде кандай чечим кабыл алынганына жараша көрө жатарбыз.

- Президент Садыр Жапаров дагы Бакудагы саммитке барып, климаттын өзгөрүшүнүн тоолуу аймактарга жана мөңгүлөргө тийгизген терс таасирин белгилеп, климаттык көйгөйлөрдү чечүүдө эл аралык коомчулуктун колдоосу зарыл экенин белгиледи. Сиз буга чейин айткандай, дүйнөдөгү кубаттуу өлкөлөр өз ара пикирге келип, каржылык милдеттемелерди албай жатканы Кыргызстан сыяктуу экономикасы чакан, ошол эле маалда климаттын өзгөрүүсүн жон териси менен сезип жаткан өлкөлөрдүн нааразылыгын жаратпайбы?

- Сиз бул суроо менен климаттык дипломатиянын, талкуулардын эң бир өзөктүү жерин козгодуңуз. Бул жагынан алганда өнүккөн мамлекеттер менен өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн ортосунда консенсуска жетүү өтө татаал болуп турат. Анын бири - климаттык каржы маселеси. Буга өнүгүп келаткан өлкөлөр талап кылган 1,3 трлн доллардын ордуна 300 млрд доллар гана бөлүнүшү айкын мисал болот.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров дагы бул маселеге токтолуп, климаттык туруктуулукка жетүү үчүн трасттык фонд түзүү идеясын көтөрүп, жашыл экономикага багытталган долбоорлорду ишке ашырууда тышкы карызды алмаштыруу багытындагы сунуштарын айтты. Ошол эле маалда Кыргызстан дагы өз салымын кошуп, өз күч-аракетин жумшоого даяр экенине токтолду.

- Жашыл экономикага келсек, жакында эле Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Бишкекке келгенде Анкара Кыргызстандын тышкы карызын жашыл долбоорлорго чегергени маалым болду. Буга чейин Германия дагы ушундай чечим кабыл алган. Жашыл долбоорлордун эсебинен Кыргызстан тышкы карызынан кантип кутулат, жөнөкөй тил менен түшүндүрүп берсеңиз.

- Тышкы карызга келсек, немис өкмөтү 15 млн евро, түрк өкмөтү 59 млн доллар Кыргызстандын карызын кечти. Эми жогорудагы акча Кыргызстанда калып, эки тараптуу макулдашууга ылайык, жашыл же социалдык долбоорлорго багытталат. Мисалы Германия карызды кечкенде социалдык, жаңы ипотекалык үйлөрдү курууга багытталат деп айтылган. Ошондой долбоордун максаты – климаттын өзгөрүүсүнөн жапа чеккен аялуу тургундарга үй-жай салып берүүгө жумшалмак.

Ал эми Түркияга карыз жашыл долбоорлорго чегерилет деп айтылды. Бул долбоорлор энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүнү, эмиссияны азайтуу үчүн инфраструктураны жаңылоону жана өлкөнүн экологиялык туруктуулугун жогорулатууну камтыган багыттар болот.

Айтор, алардын баары тең жашыл же климаттык туруктуулукка жетүүгө өбөлгө болчу долбоорлор деп саналат. Андыктан тышкы карызды жашыл долбоорлорго алмаштыруу деп аталганы да ошондон.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG