Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:19

Орусия германиялык эки кабарчыны өлкөдөн чыгарып жатканын билдирди


Орусия Германиянын ARD медиа тобунун эки кабарчысын өлкөдөн чыгарып жатканын, буга немис бийлиги "Первый канал" телеканалынын Германиядагы бюросун жапкандыгы себеп болгонун бүгүн 27-ноябрда Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди.

Германиянын тышкы саясий мекемеси орусиялык бюрону жабуу тууралуу чечим кабыл албаганын айтууда.

Захарованын айтымында, "Первый каналдын" кабарчыларынын кеңсеси кайрадан иштей баштай турган болсо ARDнын жаңы кабарчыларынын катталуусуна уруксат берилет.

"Расмий Берлиндин орусиялык кабарчыларга карата достукка жатпаган аракеттерине жооп катары немис кабарчыларына катталуу күбөлүгүн тапшырып, Орусиянын аймагынан тийиштүү убакыт ичинде чыгып кетиши зарыл экени айтылды", - деди Захарова.

"Первый канал" Берлиндеги бюросу жабылып жатканын, кабарчылары Иван Благойго жана Дмитрий Волковго Германиядан чыгып кетүү талабы коюлганын кабарлаган. Буга Орусияда немис жараны Николай Гайдук кармалганы тууралуу репортаж негиз болгонун билдирген. Гайдукту Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) Калининграддагы газ бөлүштүрүү станциясындагы диверсияга тиешеси бар деп эсептейт.

Германиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Кристиан Вагнер немис өкмөтү "Первый каналды" жабуу тууралуу чечим чыгарбаганын айтты. "Орусиянын билдирүүлөрү туура эмес. Германия өкмөтү бюрону жапкан жок. Сөз Берлин аймагындагы мекемелер берүүчү уруксат чаралары тууралуу гана болуп жаткан окшойт деп ойлойм", – деди ал.

2022-жылдын февраль айында Украинага кол салгандан бери Москва телерадиокомпаниялардын ишин катуу тескеп, социалдык медиа платформаларын да чектөөдө. "Первый канал" мурдагы советтик республикаларда да көрсөтүлөт. Анда согушту актаган, колдогон программалар көрсөтүлөт. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG