Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:29

27-ноябрь: Күйүүчү май жыл башынан бери 3-4 сомго кымбаттады, Австралия балдарга соцмедианы чектөөнү көздөйт


Май курган жай
Май курган жай

27-ноябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Жыл башынан бери жол кырсыгынан 640 адам каза болду

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы жыл башынан бери өлкөдө 6 миңден ашуун жол кырсыгы катталып, андан 640 адам каза болгонун билдирди. Дагы 9 миңге жакын киши жаракат алды. Кыргызстанда 2023-жылы 6 945 жол кырсыгы болуп, андан 783 адам каза болгон. Көз жумгандардын саны 2022-жылга салыштырганда 13,5% көп. 2022-жылы 7 040 жол кырсыгынан 11 миң 49 киши жаракат алып, 690 адам жашоо менен кош айтышкан.

Күйүүчү май жыл башынан бери 3-4 сомго кымбаттады

Күйүүчү майдын жана автогаздын баасы быйыл январь айынан бери орто эсеп менен 3-4 сомго көтөрүлдү. Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги 27-ноябрда билдиргендей, күйүүчү майдын баасы көтөрүлгөнү Кыргызстанда автоунаалардын отунун саткан негизги беш компаниянын ичинен ШНОС (“Бишкекпетролеум”) жана “Альфа Ойл” (“Redpetroleum”) ишканасында байкалган. Ал эми автогаздын баасын “Партнер нефть” компаниясы көбүрөөк кымбаттаткан. Автогаз январь айында “Партнер нефть” ишканасынын май бекеттеринде 29,9 сом болсо, 22-ноябрда 36,9 сомдон сатылды.

2025-жылды ыш менен күрөшүү жылы деп жарыялоо сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева Кыргызстанда 2025-жылды ыш менен күрөшүү жылы деп жарыялоо сунушун берди. Мындай демилгени депутат парламенттин 27-ноябрдагы жыйынында көтөрдү. Ал ыштан улам адамдар илдетке чалдыгып жатканын айтып, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди маселени чечүү үчүн мамлекеттик деңгээлде көтөрүү керектигин билдирди. Дүйнөдөгү абанын сапатын иликтеген IQAir сайтынын ноябрь айындагы индексинде Бишкек абасы таза эмес шаарлардын катарына кирди. Бишкекте жыл сайын күз-кышта, өзгөчө жылытуу мезгили учурунда аба өтө булганып, түтүн, ыш каптайт. Буга жер тамдарда көмүрдүн жагылышы, автомашинелердин түтүнү, Жылуулук электр борбору себеп экени айтылып келет.

“Аккула” ат майданы “РЦА Ливингге” пайдаланууга берилди

Бишкек мэриясы “РЦА Ливинг” жоопкерчилиги чектелген коому менен “Аккула” ат майданынын жерин акысыз өткөрүп берүү боюнча келишимге жана макулдашууга кол коюлганын билдирди. Келишимге ылайык, “РЦА Ливинг” жер тилкесин 49 жылга пайдалануу үчүн шаардык бюджетке 5,8 млрд сом төлөйт. Ошондой эле Бишкекке 3,5 млрд сомго үч мектеп, үч бала бакча, үч сейил бак, тротуар куруп берет. Шаардын бюджетине жалпы 10 млрд сомго чейин каражат түшөт деп пландалууда. Инвестор мындан тышкары Бишкек шаарынын башкы планын иштеп чыгууга да каражат бөлөт. Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, “РЦА Ливинг” жоопкерчилиги чектелген коому быйыл 19-августта катталган. Жетекчиси катары Фан Ань Шон көрсөтүлгөн. Бишкек шаардык кеңеш быйыл август айында “Аккула” ат майданын 55,73 гектар аянты менен эки ишканага түз сатуу боюнча токтом долбоорун карап, колдоп берген.

Израил менен “Хезболла” ок атышууну токтотууну макулдашты

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун Коопсуздук кабинети “Хезболла” менен ок атышпоо келишимин жактырды. Келишимди 10 адам колдоп, бирөө каршы добуш берген. Биньямин Нетаньяху ок атышпоо келишимин коргоп, ал Коопсуздук кабинетине планды кабыл алууну сунуштаган жана эгер келишим бузула турган болсо “Хезболлага” катуу сокку урарын убада кылган. АКШнын президенти Жо Байден билдирүү жасап, Израил жана Ливандын премьер-министрлери менен телефондон сүйлөшкөнүн айтты. “Хезболланы” АКШ террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливандын парламентинде “Хезболланын” саясий партиясынан депутаттар бар. Ливандын түштүгүндө жергиликтүү тургундар үйүнө кайта башташты.

Украина Орусиянын дрон чабуулу уланганын билдирди

Украина 27-ноябрга караган түнү да Орусиянын дрон чабуулуна кабылды. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашты. Алардын айтымында, жайкын тургундар арасында жабыркагандар бар. Киев облустук аскердик администрациясынын маалыматына караганда, атып түшүрүлгөн дрондордун сыныктары борбор калаанын Днепровский районунун аймагына түшүп, кеминде бир киши жараат алды. Аны ооруканага жеткиришти. Жалпысынан жабыркагандар үч киши деп эсептелип жатканы, алардын экөө медициналык жардамга муктаж экени маалымдалды. Бул тууралуу Киев мэри Виталий Кличко билдирди.

Токаев Казакстан Орусиянын ишенимдүү союздашы экенин айтты

Казак президенти Касым-Жомарт Токаев Казакстан "тарыхтагы жаңжал жүрүп турган кезде Орусиянын ишенимдүү союздашы" бойдон кала берерин билдирди. Бул тууралуу ал орус президенти Владимир Путиндин Казакстанга бүгүн 27-ноябрда башталган мамлекеттик сапарын утурлай "Известия" басылмасына жарыяланган макаласында айтты. "Казакстан жана Орусия: стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы горизонттору" деген макалада эки өлкө ортосундагы мамиле "бекем жана бузулгус" достуктун үлгүсү боло алары белгиленди. Токаев Путин менен Астанада соода-экономикалык, транспорт-логистикалык, отун-энергетикалык жана илимий-техникалык багыттардагы кызматташтык маселелери талкууланарын айтты. Быйыл Казакстан Жамааттык коопсуздук келишим уюмунда (ЖККУ) төрагалык милдетти аткарып жаткандыктан уюмга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити бул жолу Астанада өтүүдө. Саммит менен катар Путиндин эки күндүк сапары да уюштурулду.

Австралияда баланы TikTok жана башка платформалардан чектөө сунушу колдоо табууда

Парламенттин Өкүлдөр палатасы 16 жашка чыга элек балдардын социалдык түйүндөрдү колдонуусуна тыюу салган мыйзам долбоорун жактырды. Эми дүйнөдө биринчи жолу көтөрүлгөн мындай демилгени Сенат карап чыгып, мыйзам долбооруна кошумча-алымчасын киргизиши керек. Associated Press маалымат агенттиги кабарлагандай, документти негизги партиялар колдошту. Мыйзам күчүнө кирсе TikTok, Facebook, Snapchat, Reddit, X жана Instagram платформалары мындан ары балдардын аккаунт ачышына жол бере турган болсо 50 миллион австралиялык доллар (33 миллион АКШ доллары) өлчөмүндө айыппул төлөөгө милдеттүү болот. Австралияда ата-энелердин 95% Интернеттеги коопсуздукту бала тарбиялоодогу негизги көйгөй деп аташканын өкмөт өкүлү билдирген.

Шерине

XS
SM
MD
LG