Кыргызстандык аялдар балдары менен Москвага 23-ноябрда барган. Алар аэропорттон эле суракка алынып, Орусиянын аймагына киргизилген эмес.
Айжаркын жарым жыл мурда Кыргызстандагы төркүнүнө учурашканы келген. Алты айдан кийин кайтып барып, эми минтип кире албай калган.
"Негизи жакшы эле учуп барганбыз. Аэропортко жеткенден кийин балалуулар алдына кезекке туруп калдык. Кичинекей балам ыйлап жаткан, чек арачы паспортумду алып "эмнеге келдиң, балаң эмнеге ыйлап жатат?" деп сурады. Паспортторубузду текшерип, ооз көңдөйүбүздөн анализ алды. Ошентип күтүп калдык. Чек арадан өткөрбөгөндөрдүн арасында ар кандай улуттун өкүлдөрү, балалуу аялдар отурдук. Биз менен баргандардын жарымы артка кайтты. Беш аял кирбей калдык Орусияга. Төрттөө жоолукчан, колубузда балдарыбыз бар. Эмнеге кирбей калганыбызды түшүндүрүшкөн жок. Бизди текшерип жаткан жерге кагаз илип коюшуптур. Ошол жерде кандай жарандар киргизилбегени жазылган экен", - деди депортация болгон келиндердин бири.
Айжаркын айтып жаткан коопсуздук эрежелери тууралуу жарнак Шереметьево аэропортунда илинген.
"1996-жылдын 15-августундагы N114-ФЗ "Орусия Федерациясына кирип чыгуунун тартиби жөнүндө" Федералдык мыйзамдын 27-беренесине ылайык, мамлекеттин коопсуздугун же коомдук тартипти камсыз кылуу, калктын саламаттыгын коргоо үчүн зарыл төмөндөгү беренелерге байланыштуу өлкөгө киргизилбейт" деп белгиленген аталган мыйзамда.
Айжаркындын күйөөсү Москвада иштейт. Ал Орусияга барганы менен күйөөсүн көрө албай артка кайткан.
"Күйөөмдү көрсөткөн деле жок. Кайра баарыбызды кетиришти. Менин жанымда турган аялга "балаң Москвада төрөлгөн экен. Балаңды ташта, атасы карайт, сен учуп кете берсең болот" деди. Ага көнбөй учуп кеттик. Биринчи күнү ошол жерде түнөп калдык. Эч ким бизди караган жок. Түнү менен уктаган жокпуз. Экинчи күнү "Аэрофлот" компаниясы тамак берет экен деп айтышты. Ошондо гана өзөк жалгадык. Эмнеден улам киргенге тыюу салганын билбей калдык".
Бул ошол күнү аэропортто депортация болуп, тамактанууга баргандардын тизмеси экен. "Азаттык" алган тизмеде 22-23-ноябрда Ош, Бишкек жана Өзбекстандын Ташкент жана Самарканд шаарларынан учуп келип, кайра артка кайтарылган 30дан ашуун адамдын аты-жөнү жазылган. Ал күндөрү Орусияга учуп барган канчасы артка кайтарылганы жана бул баракта алардын толук тизмеси жазылганбы же жокпу белгисиз.
Айжаркындын күйөөсү Азамат (аты өзгөртүлдү) ал күнү аэропортко барып, чек арачыларга жолугуп, аялы менен баласынын өлкөгө киргизилбей калганынын себебин билгенге аракет кылган.
"Аэропортко барып, полицияга кайрылдык. Алар бир гана чек арачылар чечерин айтышты. Чек арачылар "27-беренеге ылайык киргизбейбиз" дешти. Мен аларга өтүп, жок дегенде тамак-ашын берип коеюн, ачка отурушат дедим. Силерди ал жакка киргизе албайбыз дешти. Элчиликке да чалдым, эч ким жооп бербеди. Колубуздан эч нерсе келген жок. Конкреттүү себеби деле жок. Менин аялым жоолукчан, хижабчан. Мен ушул диний себеп болдубу деп да ойлоп жатам. Калган жоолугу жоктору балдары менен кирип чыгып жатты. Алардын телефондорунан диний темалардагы пабликтерди, баракчаларды текшериптир. "Чубак ажыны тааныйсыңбы?" деген суроолор берилиптир. Ушуга карап кайтарып жатыптыр".
Азамат менен дагы аэропортко үй-бүлөсүн тоскону келген башка кыргызстандык эркектер да жубайлары, балдары менен жолуга алган эмес.
Калыс да бул рейс менен учкан жубайын, балдарын аэропортко тоскону барып, бирок жакындарын көрө албай артка кайткан.
"Жок дегенде эмнеге кайтарып жатканынын себебин айтышпайбы. Эч нерсе дешкен жок. Биз баарыбыз кыргыз жараныбыз. Менин балам Москвада төрөлгөн. Бул жакта иштеп жүрүп, үй-бүлөбүздү чакырган элек. Эми минтип аларды киргизбей коюшту. Түшүнбөй эле отуруп калдык".
Орусияда мигранттар диний жүйө менен өлкөдөн чыгарылып же басымга кабылганын буга чейин да айтып келишкен. Мигранттардын укуктарын коргогон Валентина Чупик жоолукчан келиндер дароо полициянын көзүнө чалдыгып, көбүрөөк басымга кабылышы ыктымал деген пикирде:
"Аялдар, албетте, көп учурда жоолугу үчүн эмес, мыйзамсыз жүргөнү үчүн жазаланат. Ал эми хижаб сөзсүз полициянын көзүнө учурап, жоолук салынган аялдарды көбүрөөк текшерген учурлар бар".
Бул жылы ар кандай себептерден улам Кыргызстандын ондогон жаранына Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынып, мекенине кайтарылып келген. Алардын айрымдары сөз болуп жаткан Шереметьево аба майданынан депортацияланганын айтышкан.
Бир ай мурун Шереметьевого Ош - Москва, Бишкек - Москва каттамы менен барган ондогон кыргызстандык артка кайтарылган.
Мигранттардын укугун коргогон юрист Мирлан Токтобаевге Орусияга кире албай калган ондогон киши кайрылган.
"Биз Шереметьевого кире албай калгандар менен да иштешкенбиз. Чек ара кызматкерлерине кат менен да кайрылганбыз. Алар "коопсуздук маселелеринен улам" киргизбей жатышат. Ушул күздөн бери Орусия биздин жарандарды эч себепсиз киргизбей койгон учурлар көбөйдү. Ар бир барган самолеттон 30-40 адамдан кирбей калып жатат".
Быйыл жарым жылда Кыргызстандын 9 901 жараны Орусиянын аймагынан чыгарылып, 174үн өлкөдөн депортациялоо чечими кабыл алынган. ТИМ Орусиянын аймагындагы коопсуздук чаралары жана антитеррористтик коргоо режими күчөтүлгөнүнө байланыштуу аэропорттордогу текшерүүлөргө Москвадагы элчилик тынымсыз анализ жүргүзүп жатканын белгиледи. Маалыматка караганда, 2024-жылдын июнь-август айларында ар кандай себептерден улам Кыргызстандын 300гө жакын жаранына Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынып, мекенине кайтарылды.
1-декабрдан тарта Орусияга чет элдиктер кирип-чыккан учурда биометрикалык маалыматтарын тапшырышы керек. ТИМ кыргызстандыктарды Орусиянын мыйзамдарындагы талаптарды эске алууну жана чек ара бекеттеринде кошумча процедураларга даяр болууга чакырат.
Кыргызстандын 400 миңдей жараны Орусияда эмгек миграциясында жүргөнүн Тышкы иштер министрлиги кабарлаган.
Шерине