Президенттик администрациянын билдиришинче, расмий Бишкек Берлинге карызын конверсиялоо, башкача айтканда шартын кайра карап чыгуу маселесин көтөрдү.
Билим-илим, энергетика тармагындагы документтерге кол койду. Садыр Жапаров Германияга чейин Австрияда дагы расмий сапар менен болгон. Анын Европа сапары өлкөдө сөз эркиндигинин, адам укугунун абалы начарлап жатат деген доомат күчөп турган маалга туш келди.
Садыр Жапаров карыз маселесин немис канцлери Олаф Шольц менен көзмө-көз жолугушууда билдирди. Анда эки тараптуу алака-катыш, экономиканы, анын ичинде "жашыл экономиканы" өнүктүрүү жаатында кызматташуу, энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу жаатында пикир алышты.
"Садыр Жапаров Германиянын колдоосу менен Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан бир катар маанилүү долбоорлорго токтолду.
Кыргызстандын президенти соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды өнүктүрүүнүн келечектүүлүгүн баса белгилеп, өлкө жетекчилиги тарабынан инвесторлордун укуктарын коргоону бекемдөөгө жана өлкөнүн инвестициялык климатын жакшыртууга багытталган мыйзамдык чаралар жөнүндө айтып өттү. Президент мөңгүлөрдүн эриши жана ага байланыштуу коркунучтар тууралуу айтып, климаттын өзгөрүшү жаатындагы кызматташтык өзгөчө мааниге ээ болуп жатканын белгиледи. Германия менен өнөктөштүктө Бишкекте Энергонатыйжалуу технологиялардын регионалдык борборун түзүү демилгесин эске салды. Садыр Жапаров Кыргызстандын Германиянын алдындагы мамлекеттик карызын конверсиялоо маселесине да токтолду. Өлкө ири энергетикалык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырып жатканын, өнөр жай, айыл чарба, туристтик кластер жана башка тармактар да жигердүү өнүгүп жатканын билдирди. Кыргызстанды өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ишенимдүү өнөктөш катары кароону сунуштады", - деп жазылган маалыматта.
Немис тарап карыз маселеси тууралуу кандай жооп бергени кабарланган жок.
Садыр Жапаров былтыр жыл башына эл аралык каржы уюмдарына жана мамлекеттерге кайрылып, тышкы карызды төлөө ордуна "жашыл" долбоорлорду ишке ашырууну сунуштаган. Айдын башында Түркия Кыргызстандын карызын кечкен.
Садыр Жапаровдун сапарын утурлай анда кол коюлчу айрым документтер, келишимдер тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев учкай маалымат берген.
Ал улуттук биринчи каналга курган маегинде товарларды сертификациялаган ири немис компаниясы менен келишим түзүлөрүн, бул Кыргызстанда өндүрүлгөн буюм-тайым, азык-түлүктү Европанын базарларына алып чыгууга жол ачарын айткан.
"Өзгөрүп жаткан дүйнөдө, жаңы тартип калыптанып жаткан убакта кыргыз мамлекет башчысынын Германияга жасаган биринчи сапары. Германия Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга көңүл буруп, кызыгып турат. Айыл чарба, өндүрүш продукцияларын Германиянын базарларына жеткирүү башталат деп ойлойм. Президенттин сапарынын алкагында Германиядагы илгертен бери иштеп келген, 100дөн ашык өлкөдө иш жүргүзгөн товарларды сертификациялаган ишкана менен келишим түзүлөт. Бул биздин товарлардын дүйнөлүк стандартка жетишине, Германия аркылуу жалпы эле Европа Биримдигине жол ачып берет деп ишенем. Сапардын алкагында жашыл энергетика багытында дагы иш башталганы турат. Күн энергиясын пайдалануу боюнча чоң электр станция куруу тууралуу келишимге кол коюлат. Биздин жаштар үчүн Германия аркылуу Европанын эмгек рыногуна жол ачып берүүчү иш-чаралар башталат деп турам. Германия Кыргызстанжын жарандарынын расмий документтерин легалдаштырууну жөнөкөйлөткөн Гаага келишимине толук кошулду. Бул дипломдор жана башка документтер легалдаштыруунун узун жана кымбатка турган жолу жокко чыгат деген сөз. Эгер Кыргызстанда апостиль жасатса ошол гана жетиштүү болот. Жолугушуулар экономика, билим гана багытында эмес жогорку деңгээлде саясий байланыштардын бекемделишине чоң салым кошот.
Садыр Жапаровдун Берлин сапарынын алкагында төмөнкү документтерге кол коюлду жана алардын шарттары тууралуу азырынча маалымат бериле элек:
- Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Sonnenergie, a.s., AB Progressio GmbH, LTI ReEnergy CleanTech Project Development UG компанияларынын, “СЭС Токтогул”, “СЭС Токтогул КГ” ишканаларынын ортосундагы ачык калкып жүрүүчү эки күн электр станциясын куруу жана эксплуатациялоо долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуу;
- Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен telc gGmbH ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум;
- Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги, Германиянын Федералдык ишке орноштуруу агенттиги, telc gGmbH жана DVV International ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги, Бавариянын мамлекеттик канцеляриясынын Европа жана эл аралык иштер боюнча мамлекеттик министри, Кам районунун администратору жана Германиянын иш менен камсыз кылуу Федералдык агенттигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен германиялык SLG SPITZKE LOGISTIK GmbH компаниясынын ортосунда поезд машинисттерин даярдоо маселелери боюнча кызматташуу жөнүндө меморандум;
- Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги менен Любек университетинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум;
- Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Көз карандысыз изилдөө институтунун ортосунда айлана-чөйрөнү коргоо маселелери боюнча меморандум;
- Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Intertek GmbH компаниясынын ортосундагы кызматташуу ниеттери жөнүндө макулдашуу;
- Кыргызстандын президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен NISBAU Anlagentechnik GmbH компаниясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги менен Германиянын туристтик ассоциациясынын (Deutsche Reiseverband e.V.) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана стратегиялык кызматташуу жөнүндө меморандум (2025-жылы Кыргызстанда Дестинация форумун өткөрүү жөнүндө);
- Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги менен Германиянын туристтик ассоциациясынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум (Deutsche Reiseverband e.V.);
- Электр энергиясын сатып алуу жөнүндө Макулдашуу (PPA-КОНТРАКТ):
- Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен Siemens Energy Global GmbH & Co. KG ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;
- Кыргызстандын президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) борбору менен SBS Holdings компаниясынын ортосундагы акылдуу үйлөр үчүн тетиктерди чыгаруучу фабриканы куруу жана эксплуатациялоо боюнча МЖӨ долбоорун илгерилетүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- ODDO BHF AG банкы менен "Текстиль Транс" компаниясынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;
- Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Потсдам Климаттын өзгөрүүсүн изилдөө институтунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;
- Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети жана Фрайберг Тоо академиясынын техникалык университети ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу.
Расмий Берлин Кыргызстандын тышкы соода-сатыгында дүйнө өлкөлөрүнүн ичинен алдыңкы ондукка кирет, Европа мамлекеттеринин арасынан эң биринчи орунда турат. Соңку эки жылда эки өлкө ортосундагы сооданын жалпы көлөмү 4,5 эсеге көбөйгөн. Бишкек акыркы убакта ГЭС куруу өңдүү ири долбоорлорго немис инвесторлорун тартууга аракет кылып жатат.
Экономист Искендер Шаршеевдин баамында, инвестициялык климат жакшырды деп айтууга эртелик кылат.
"Негизи соода алака-катыштын келечеги абдан чоң. Эгерде Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курулуп бүтүп калса, бизден транзит аркылуу Европага кетчү товарлардын көлөмү, реэкспорт кескин өсөт. Инвесторлорду тартуу үчүн дагы бир топ иштер жасалашы керек. Жалпы Европада 700 миллион киши жашайт. Евробиримдиктин экономикасы алдыңкы орундарда турат. Бул Кыргызстан үчүн инвестициянын чоң булагы. Европага биз энергетика тармагы, өндүрүш жаатында кызыкпыз. Эгерде бизде өндүрүш ишканалары салынса алардын базары кеңейет, бизде сапат жакшырат. Инвесторлорду тартуу үчүн албетте маалымат берүү иштери жүрүшү керек. Бизде укуктук реформа жүрүшү керек, арбитраждык соттор пайда болушу керек, Евробиримдиктин стандарттары киргизилиши зарыл".
Деген менен соңку 20 жылда Кыргызстанга келген немис инвестициясынын көлөмү жалпы инвестициялык сумманын орточо 4% жакынын, тактап айтканда 21 миллион долларды түзгөн.
Жалпы Европа Биримдиги 2016-жылы Кыргызстанга ВСП+ макамын колдонуу мүмкүнчүлүгүн берген. Анын алкагында Евробиримдиктин 27 өлкөсүнүн рынокторуна жеңилдетилген шартта чыгууга болот. Бирок серепчилер бул мүмкүнчүлүктү расмий Бишкек толук колдоно албай жатканын белгилешет.
Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул "Азаттыкка" комментарий берип жатып, Германиядан Кыргызстандын экономикасы үчүн керектүү кадрларды даярдоо жаатындагы кызматташты улантуу керектигин айтты.
Соңку дүйнөлүк жагдай, геосаясий кырдаалдан улам Бишкек менен Берлиндин саясий кызматташтыгы жеңил болбосун белгиледи.
"Украинадагы согуш башталганга чейин Германия өзгөчө күч-кубаттуу мамлекет болчу. Согуштун кесепети аларга дагы тийип экономикасы, бизнеси, инфратүзүмү жабыркап, кыйын болуп жатат. Башкача айтканда, алардын экономикасы дагы кыйынчылыкты баштан өткөрүп жатат. Бирок ага карабай Европа Биримдигиндеги экономиканын эң негизги локомативи болуп турат. Германиянын күчтүү жагы - энергетика тармагы, алардын технологиялары жана тажрыйбасы, кайсы тармак боюнча инженерлерди даярдоо. Билим берүү тармагында буга чейин деле бир топ программалар ишке ашырылып келген. Азыр муну дагы күчтөндүрсөк болот. Биз экономикадагы кайсы тармакты артыкчылыктуу деп эсептесек ошол тармакка кадрларды даярдоодо Германиянын тажрыйбасын, стандарттарын алсак болот. Биз азыр ошол эле ГЭСтерди, электр энергиясынын альтернативдүү булактары жөнүндө айтып жатабыз. Эгер биз ушул жакты өнүктүрсөк бул бизге же Германияга эле эмес, жалпы адамзатынын таза энергетиканы колдонушуна салым кошот. Германия башынан эле илим-билимге басым жасаган өлкө. Ошондуктан маданиятты, тилди билип, алака-катыштын болгон мүмкүнчүлүгүн колдонсок болот. Ал эми саясат, коопсуздук жактан кызматташуу оорураак. Анткени азыркы согуш шартында биз ар кандай уюмдарга мүчө болгондуктан карама-каршы көз карашта болуп калган учурлар бар. Бирок алаканы саясатташтырбай иштей турган тармактар көп эле".
Садыр Жапаров немис канцлери Олаф Шольц менен Астанада сентябрда Борбор Азия өлкөлөрү менен Германиянын С5+1 форматындагы экинчи саммитинин алкагында дагы жолуккан. Анда биргелешкен декларацияга кол коюлуп, мунай-газ жана жашыл долбоорлор багытындагы кызматташтыкка көңүл бурулганы айтылган. Садыр Жапаров анда Кыргызстан германиялык компаниялардын тажрыйбасын жана билимин жогору баалап, инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды, анын ичинен салык жеңилдиктерди берүүгө, укуктарын коргоону камсыз кылууга даяр экенин билдирген. Намис ишкерлерин Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу өңдүү ири долбоорлорго катышууга чакырган. Германиянын энергетика боюнча жаңы технологияларына кызыкдар экенин айткан.
Садыр Жапаров Германияга барганга чейин Австрияда расмий сапар менен болуп, бийлик башчылары менен жолуккан. Президенттин администрациясы жолугушуулар соңунда тышкы саясат, финансы, санарип өнүктүрүү жана жаратылыш ресурстары, экология, энергетика тармагындагы кызматташтыкты чыңдоо, алака-катышты өнүктүрүү жаатында документтерге кол коюлганын билдирген.
Жапаровдун Европа сапары Кыргызстандагы сөз эркиндигинин жана адам укуктарынын абалы тууралуу сын-доомат күчөп турган маалга туш келди.
Сентярь айында Human Rights Watch уюму Борбор Азия-Германия саммитин утурлай немис канцлери Олаф Шольцко кайрылып, аймактагы “өз оюн эркин билдирүү эркиндиги, активисттердин камалашы, жабык жайлардагы кыйноо, жарандык коомго каршы репрессия, аялдардын зордук-зомбулукка кабылышы" өндүү көйгөйлөрдү эске салган.
Шерине