Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:28

Эңгиреткен карыз, эсеби жок маммүлк


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) соңку иликтөөсү дүйнөдө карыздын глобалдык өлчөмү он жыл мурдагыдан 50% көбөйгөнүн көргөздү. Ошол эле учурда мамлекеттердин ээлегинде ондогон триллион долларлык актив бар.

ЭВФ мамлекет ээлигиндеги активдерди туура жана натыйжалуу пайдалануу тигил же бул өлкөнүн карыз жүгүн жеңилдетерин, экономиканын өнүгүшүнө салым кошорун белгилейт. Кыргызстанда да мамлекеттик активдердин бирдиктүү реестри толук түзүлүп, коомдук мүлктүн эсеп-кысабы али чыгарыла элек.

2017-жылдын жыйынтыгы менен эле дүйнөдө карыздын глобалдык көлөмү 182 триллион долларга чыккан, бул карыз деңгээли акыркы он жылда кеминде 50% ашты дегенди билдирет.

Карыз көрсөткүчүнүн жогорулашын ЭВФ дүйнөнүн каржылык туруктуулугу үчүн коркунуч келтирген жагдайлардын бири деп кароодо. ЭВФтин ушул аптадагы жылдык кеңешмесинин учурунда экономисттердин бири Тобиас Андриан буларды айтты:

- Мамлекеттердин, компаниялардын, кожолуктардын карызы жогорку чекке чыкты жана көбөйүп баратат. Каржылык системасы абдан чоң жана дүйнөлүк экономика үчүн чечүүчү 29 мамлекеттин бул секторлорунун карызы алардын ички дүң өнүмүнүн бириккендеги көлөмүнөн 250 пайызга көп. Ал эми өнүгүп келе жаткан жана кирешеси аз өлкөлөр башка мамлекеттерден карыз алууну күчөттү.

Эл аралык Валюта Фондунун Индонезиядагы жыйыны. 12-октябрь, 2018-жыл.
Эл аралык Валюта Фондунун Индонезиядагы жыйыны. 12-октябрь, 2018-жыл.

Бирок ошол эле ЭВФтин эсебинде, эгер нак акчага зар болуп турган өлкөлөр өз ээлигиндеги активдерди жеке сектордой кесипкөйлүк менен пайдаланса, кирешенин ири булагын таба алышмак.

ЭВФтин соңку иликтөөсүнө тартылган мамлекеттердин үлүшүнө дүйнөлүк экономиканын 61% туура келип, ал өлкөлөрдүн карамагында жалпысынан 101 триллион доллардык актив бар.

Бул иликтөөгө камтылган мамлекеттердин бир жылдык улуттук кирешесинен эки эсеге көптүк кылат. “Өлкөлөр коомдук мүлктүн көлөмүн жана табиятын түшүнгөндө гана аны натыйжалуу башкара алат. Активдерди натыйжалуу башкаруунун натыйжасы кыйла сезилерлик. Мамлекеттин ээлигиндеги имараттарды натыйжалуу колдонуу ижара акысынын арзандашына салым кошот”, - деп белгилейт ЭВФ өз баяндамасында.

Кыргызстанда маммүлктүн эсеби чыга элек

Кыргызстанда тышкы карыздын ички дүң өнүмгө катнашы азыр 55% ашкан. Финансы министрлиги аны 2020-жылдан тартып 70% чейин чыгарууну сунуш кылып жатат. Өлкөдө мамлекеттик активдер туура эмес, майнапсыз пайдаланылары, коомдук эмес, жеке кызыкчылыктар үчүн иштей тургандыгы - такай айтылып, эксперттик талкууларда, парламент отурумдарында көтөрүлүп келаткан маселе.

Мамлекеттин ээлигинде канча актив бар экендиги, коомдук мүлк менен байлыктын болжолдуу акчалай көлөмү али толук аныктала элек.

Мамлекеттин мүлкү менен байлыгын эсептеп, баалап чыгуу ишин Жогорку Кеңеш өкмөткө 2017-жылы тапшырган болчу. Андан бери кандай иш аткарылганын “Азаттыкка” Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун эсеп жана реестр башкармалыгынын башчысы Гүлмира Тургунбекова айтып берди:

- Баштапкы эсептер боюнча мамлекеттик органдар бирдиктүү реестрге бир миллион 47 миңден ашуун даана негизги фонддорду киргизишти. Алардын акчалай наркы азырынча 84 миллиард сомдон ашуун деп бааланды. Бул 1935 мамлекеттик мекеменин карамагындагы мүлк: имараттар, жер тилкелери, курулушу бүтө элек объектилер, автоунаалар, темир жол жана аба транспорту, жабдуулар, материалдык эмес активдер. Башкача айтканда негизги фонддордун башкы сегиз түрү. Биз берген сунушка ылайык бул мүлктүн базар баасы үч жыл сайын кайрадан эсептелип да турушу керек. Ал эми мамлекеттик мүлк менен коомдук байлыктын эң акыркы эсеби али чыгарыла элек. Жогорку Кеңештин токтомун иштеп чыккан авторлордун идеясы боюнча биз жалпылап айтканда жер алдында, жер үстүндө, суу астында, суу үстүндө, дегеле бүт Кыргызстан канча турарын эсептешибиз керек эле. Бирок биз азырынча бул багытта биринчи эле кадамды жасадык. Алдыда айтканымдай биз буга чейин негизи фонддорду гана эсептеп бүттүк, табигый байлыктар алдыда саналат. Эми экинчи этапта мүлктүн бардык классификаторлорун иштеп чыгуубуз керек. Алдыда дагы үч этаптан турган жумуш бар.

Өткөн аптада Жогорку Кеңештин Фискалдык жана экономикалык саясат боюнча комитетинде Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун отчету угулганда бул мекеменин башчысы Ренат Түлебердиев маалымат берген. Аларга ылайык, учурда мамлекет карамагындагы имараттардын 2566 даанасы көңүл ачуучу жайларга ижарага берилүүдө.

Парламент депутаты Элвира Сурабалдиева мамлекеттик имараттардын ижара акысында ачык-айкындуулук жок экенин белгилейт:

Элвира Сурабалдиева.
Элвира Сурабалдиева.

- "Мамлекеттик оокат" дегенибиз менен элге, Кыргызстандын ар бир жаранына тиешелүү оокат жөнүндө айтып жатабыз да. Акча бир чөнтөктөн экинчи чөнтөккө чуркаганы менен ушунчалык көп сандагы объектилер натыйжалуу башкарылбай, туура ижарачылар табылбай, мамлекет булардын эсебинен байыган деле жок да. Менимче миллиондогон сом киреше түшкөн жок. Азыр Мамлекеттик салык инспекциясына кат жөнөттүм, ошол Мамлекеттик мүлк фонду ишкерлерге берген 2566 имараттын ижарачылары кандай салык төлөшөрүн сураттым. Маселени комитетте караанда "мамлекеттик имарат кимге ижарага берилгени, канчадан берилгени тууралуу маалымат ачык көргөзүлүп, сайттарга илинбейт" деген суроо болду. Кептин баары ушунда жатат да. 2566 объектини эмне үчүн кафе-ресторандарга берип жатабыз жана кандай баада берүүдөбүз?

Натыйжасыз башкаруу - Кыргызстанда мамлекеттик мүлктүн эле эмес, мамлекеттик ишканалардын да көйгөйү. Жогорку Кеңештин өткөн аптадагы комитет жыйынында Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчилиги учурда 99 мамлекеттик компаниянын 46сы гана киреше берип жатканын ырастады.

Ага чейин өкмөт жыйындарынын биринде 236 мамлекеттик ишкананын 2017-жылдагы кирешеси 124 миллион сом же 1,8 милллион доллардай гана каражатты түзгөнү айтылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG