Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:27

Ысык-Көлдө чет элдиктерге мүлк сатуу: калктын каалоосу, депутаттардын жүйөсү


Ысык-Көлдүн жээги
Ысык-Көлдүн жээги

Чет өлкөлүк жарандарга Ысык-Көлдүн аймагынан мүлк сатып алууга уруксат берген мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш экинчи окууда кабыл алды.

“Ысык-Көл экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун депутаттар 30-майда талкуулап, көпчүлүк добуш менен жактырышты. Документке жыйынга катышкан 59 депутаттын төртөө каршы болду.

Мыйзам долбоорунун авторлору - депутаттар Балбак Түлөбаев, Элмурза Сатыбалдиев жана Бакыт Сыдыков.

Депутаттар Султанбай Айжигитов, Гуля Кожокулова мыйзам долбоорундагы рекреациялык аймактардын тизмесин тактоо, алардын катарынан жер аянттарын алып салууну жана оңдоп-түзөтүүлөрдү киргизип, оңдоп чыгууну сунушташты.

Демилгечилер мыйзам долбоору Кыргызстанга инвестиция тартууну көздөй турганын белгилеп, "жер тилкеси эмес, анын үстүнө курулган мүлктү сатууга уруксат берилерин" билдиришти. Баяндамачылар рекреациялык объектилердин катарына эс алуу зоналары, коттеждер, мейманканалар жана башка жайлар кирерин белгилешүүдө.

Жергиликтүү эл эмне дейт?

Буга чейин ыйзам долбоорун парламенттин тармактык комитети экинчи окууда жактырган. Коомчулукта чет элдиктерге менчик укугун берүүнү колдогондор да, каршы чыккандар да бар.

"Ак-Данис" эс алуу жайынын ээси Адилет Токтомуратов 15 жылдан бери Чолпон-Атада эс алуу жайын иштетет. Ал көл жээгинен чет элдиктерге жер берүүнү колдобой турганын айтты:

"Мен каршымын. Кыргыз жарандары эле иштеткени жакшы го. Сатылганын туура эмес көрөм. Ысык-Көлдө ээн жер көп эмес. Албетте, инвестиция тартуу жакшы, жумушчу орундары түзүлөт дегендей. Бирок мүлк сатылса, ал турган жер деле кетет да".

Балыкчы шаарынын тургунуу, пенсионер Канат Курманалиев да бул сунушту колдобойт. Курманалиев сатылган мүлк менен кошо анын жери да чет элдиктердин колуна өтүп кетет деп кооптонуп турат.

"Жерди кошо ээлейт да ал. Мисалы пансионаттарды берген туура эмес. Кыргыз өзү эле пайдаланса болот. Туристтер келет аз күндө. Аларды тейлеген жергиликтүүлөр жакшы каражат таап, бала-чакасын багып келатат. Чет мамлекеттиктерге пансионатты бергенде жерин кошо берип атасың да жок дегенде 50 жылга. Алар кыргыздарды жолотмок турсун, дарбазасын черттирбейт. Ошондуктан биз бул маселеге абдан жакшы караганыбыз туура болот. Азыр мына ондогон чыгаан жигиттерибиз көл жээктен жер алып, кабат кабат конок үй салып атышат. Ошондуктан өз элибизге шарт түзөлү, аларга көмөктөшөлү".

Бостери айылындагы конок үйүн 2021-жылдан бери иштетип келген Жаркынбек Токтокадыров кыргызстандыктар деле башка өлкөдөн мүлк, турак жай алып жатканын эске салды.

"Биздин туугандар деле Дубай ж.б. башка өлкөлөрдөн үй-мүлүк алып жатпайбы. Инвестиция кирсе, пайдасы бизге эле калат да. Ошол эле убакта жергиликтүү элге жумуш болмок. Көлдүн жээгинде каралбай жаткан жерлер толтура. Бизде бирок жер маселеси кооптуу болуп турбайбы, колуңда документ турса да "сеники туура эмес" деп чыгарып жатат. Чет өлкөлүктөр келип бизде каралбай жаткан пансионаттарды алып иштетсин. Бул жакшы эле мыйзам, чет элдиктер деле бизге жерди эмес, жер үстүндөгү мүлкүн сатып жатышат го".

Бостери айылындагы дагы бир конок үйүнүн ээси Каныбек Раззаков мамлекет бул мыйзамды менчикке болгон укукка кепилдик бергенде иштетиши керек деген пикирде.

"Мен бул аракет бизде ачык атаандаштыкка алып келет деп ойлочумун. Кыргыздын балдары деле аракет кылып, элге жакшы сервистерди түзөт да. Бирок биздин жерди мыйзамдуу сатып алган жарандар деле күйүп атпайбы. Гарант ала албай жатпайбызбы? Өз жарандарына мамиле ушундай болсо, чет өлкөлүктөргө кандай болот билбейм. Алар дагы ойлонуп, таразалап келет да. Азыр кызыл китеп менен алган жерлерибизге кепилдик ала албай кыйналып жатпайбызбы. 15 жылдан кийин туура эмес алгансыңар дегендери кандай?".

"Элдин социалдык экономикалык абалы жакшырат"

27-майда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинде “Ысык-Көл экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

Долбоордун демилгечилеринин бири, депутат Балбак Түлөбаев мыйзамга эмнеге оңдоо кирип жатканын буга чейин ондогон чет элдик көл жээгинен мүлк алып, бирок аны жергиликтүү жарандарга каттатып келгени менен негиздеди.

Анын пикиринде учурдагы мыйзам чет элдиктер алган үйүн же эс алуу жайын өзүнө өткөрүп алса, кыргыз экономикасына салым кошо баштайт.

Балбак Түлөбаев
Балбак Түлөбаев

"Рекреациялык объектилерди чет элдиктерге алууга өкмөт уруксат берсин. Ал эми жерге бир нерсе салам десе, аны өкмөт өзү чечип, 10-20 жылдык уруксат береби карасын, бирок, жер сатылбайт. Өкмөт бул иштерди жасардан мурда Баш мыйзамды, Жер кодексин карап чыгат. Мисалы, Бишкекте Азербайжанга 49 жылга жерди ижарага берип, алар мейманкана курууга уруксат алышты. Аны азери эли өзү менен кошо көтөрүп кетпейт. Салынган жеринде калат. Анын тегерегиндеги эл жумушка кирип, салык жыйналып, социалдык төлөмдөр түшөт".

Түлөбаевдин белгилешинче, чет элдиктер Кыргызстандын башка аймактарынан мүлк сатып алса болот. Бирок Ысык-Көлдүн жээгиндеги мүлктү башка өлкөнүн жаранына каттатууга мындан 15 жылдан ашуун убакыт мурда тыюу салынган.

Комитет жыйынында депутат Султанбай Айжигитов рекреациялык объектилерди чет элдиктерге сатуунун жол-жобосун тактады:

Султанбай Айжигитов
Султанбай Айжигитов

"Сиз (Балбак Түлөбаевге кайрылып) муну билип туруп элдин башын айландырып атасыз. Себеби, рекреация объектилери деп эс алуу жайларды айтат. Жер, суу, токойлор ошого кирет. Силер азыр бул жерде рекреация объектилер деп туруп жерлерди, болгондо да - рекреациялык жерлерди сатып атасыңар. Силер жерди сатып атасыңар. Башты айлантпаш керек. Силер "Жер кодексине" каршы чыгып атасыңар".

Депутаттын мындай сынына жыйынга катышкан юстиция министринин орун басары Бактияр Орозов Баш мыйзамдын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, жер чет өлкөлүк жарандар жана чет өлкөлүктөрдүн катышуусу бар юридикалык жактардын жеке менчик укугуна берилбей турганын айтты.

Балбак Түлөбаев менен Султанбай Айжигитов бул мыйзам долбоорунан улам кайым айтышып, Айжигитов "мунун баары жер-сууну сатуу максатын көздөй турганын" айтты. Түлөбаев "бул айыптоосу үчүн Айжигитовду сотко бере турганын" билдирди.

Мыйзам долбоору соңунда добушка коюлуп, экинчи окууда кабыл алынды. Документ 3-мартта парламентке киргизилип, 22-апрелде аталган комитеттин жыйынында биринчи окууда кабыл алынган.

Комитетте жактырылган бул мыйзам долбоору парламенттин 30-майдагы жалпы жыйынына чыгарылышы ыктымал.

“Ысык-Көл экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун Балбак Түлөбаевден сырткары депутаттар Элмурза Сатыбалдиев менен Бакыт Сыдыков да авторлук кылат.

"Сатылган мүлк үстөмдүк кылбашы керек"

Депутат Дастан Бекешев бул мыйзам долбоорун колдогондордун бири. Ал көл жээгиндеги көп объектилерди ансыз деле кош жарандыгы бар адамдар иштетип атканын айтты:

Дастан Бекешев
Дастан Бекешев

"Ансыз деле чет элдиктер Ысык-Көлдө үй, пансионат, эс алуу жайларын куруп, сатып алууда. Азыр болгону ААК (ОсОО) аркылуу же бирөөгө каттатып коюп жүрүшөт. Мисалы ошол эле "Карвен Клубдун" ээсинин кош жарандуулугу бар, иштеп атат эч нерсе болбой эле. Бул долбоор өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртууга жардам берет. Себеби чет өлкөлүк жарандар каражатын салып, пансионаттарды, мейманканаларды салышы мүмкүн. Мындай тажрыйба бардык жерде бар".

Мурдагы экономика министри Эмил Үмөталиев мыйзам сырттан келген инвесторлорго кепилдик берерин белгилейт. Ошол эле маалда төмөнкү жагдайларга дыкат көңүл бурууга кеңеш берди:

"Биз мүлктү сырттан келгендерге сатканда кайсы бир аймакты белгилеш керек. Мисалы, 30% ашык паспорту башкалар сатып албасын деген чектөө керек. Ал эми 70% кем эмес жергиликтүүлөрдүн ээлик кылуусу же катышуусу талап кылынышы керек. Ошентип, өлкө жарандары жерди жоготуп койбошу үчүн кандайдыр бир үстөмдүк укукка ээ болот. Башкысы акыл-эстүү ченем болуш керек. Сатылган мүлк үстөмдүк кылып кетпесин. Жергиликтүүлөр ээлик кылган мүлк көп болсо жакшы. Антпесе биз башкалар менен жуурулушуп, өнүгө албайбыз. Дагы бир маселе - коррупция күч алып, сатуу процесттери ачык, таза болбой калса бир эле тараптын өкүлдөрү үстөмдүк кылып, балансты бузат. Бул өз кезегинде коопсуздугубузга жана суверендүүлүгүбүзгө доо кетирет. Дагы бир көмүскө жол - криминалга байланыштуу акча келип, аны адалдаштыруу аймагына айланып калуу ыктымалдыгы бар. Ошондой эле алыскы өлкөлөрдөн инвесторлорду чакырып, кызматташууга жол ачып, шарт түзгөнүбүз ийгиликтүү болот. Ошондуктан өкмөт жобосун иштеп чыгып жатканда бул маселелерге көңүл бурганы жакшы".

Бүгүнкү күндө Ысык-Көл облусунда ири деп эсептелген 200дөн ашык пансионат, санаторий жана конок үйлөрү бар. Андан тышкары майда эс алуу жайлары, мейман тоскон жайлар, үйүндө туристтерди тейлегендер жүздөп саналат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG