Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:07

Ысык-Көлдө эс алуу жайларын салуу сунушу депутаттарды кайым айтыштырды


Ысык-Көл.
Ысык-Көл.

Ысык-Көлдө чет элдиктерге эс алуу жайларын салууга уруксат берүүнү сунуштаган мыйзам долбоору боюнча депутаттар Султанбай Айжигитов менен демилгечилердин бири Бакыт Сыдыков кайым айтышты.

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Айжигитов бул мыйзам долбоорун жаратылыш байлыктарын сатуу деп баалап, каршы чыкты.

“Бул боюнча абдан терең ойлонушубуз керек. Бул мыйзам туура эмес, мен каршымын. Мамлекеттин кызыкчылыгына туура келбеген мыйзам”, - деди Айжигитов.

Демилгечи депутаттардын бири Бакыт Сыдыков жооп берип, элди адаштырбоого чакырды.

“Мен ачык жана так айтып жатам. Биз жерди саткан жокпуз. Биз имарат салганга мүмкүнчүлүк берип жатабыз. Бирөө келип жерди бир жакка алып кетип калабы?” - деди депутат.

Эки депутаттын кайым айтышы бир топко созулуп, Сыдыков Айжигитовдун Баткен облусун башкарып тургандагы ишин сындады. Ага жооп катары Айжигитов Сыдыковду “Манас” аба майданын жетектеп турганда “бизнес кылган” деп айыптады.

Жыйынтыгында мыйзам комитеттин биринчи окуусунда кабыл алынды.

Чет элдиктерге Ысык-Көлдүн жээгиндеги эс алуу жайларына менчик укугун берүү сунушталууда. Демилгечилер Ысык-Көлдүн экологиялык жана экономикалык системасын өнүктүрүүгө, бул аймакка гана эмес, жалпы Кыргызстанга чет элдик инвесторлорду тартууга мүмкүнчүлүк ачыларын белгилеп жатышат.

Эгер депутаттардын сунушу колдоо тапса, 2004-жылы кабыл алынган "“Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" мыйзамына жана "Жер кодексине" өзгөртүү киргизилет.

Жогорудагы мыйзамдын азыркы вариантында “Рекреация объекттерин жана туризм инфратүзүмдөрүн чет өлкөлүк жактарга менчикке берүүгө жана өткөрүп берүүгө жол берилбейт” деп жазылып турат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG