Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:29

КМШдагы байлардын Дубайдагы кыймылсыз мүлкү


Дубайдагы Palm Jumeirha аралы.
Дубайдагы Palm Jumeirha аралы.

Анна Чапмандан Кадыровдун жакындарына чейин. Орусия, Украина, Казакстандын жана мурдагы СССРдин башка өлкөлөрүнүн элитасынан кимдердин Дубайда кыймылсыз мүлкү бар?

Эӊ бир заманбап, асман тиреген имараттар, азем дүкөндөр жана күнөстүү кум жээктер – Дубайдын Жакынкы Чыгыш каржы борборундагы таанымал көрүнүштөр.

Бирок байманасы ташыган эмират мыйзамсыз каражатты тартып туруучу "салык бейиши" жана көбүнчө кыймылсыз мүлк аркылуу акча “адалдоочу” борбор катары да белгилүү.

Мындагы турак жай жашоо үчүн эле эмес, инвестициялык максатта да сатып алынат: БАЭдеги резиденттик виза (жашоо уруксаты) жана Эмираттарда банк эсебин ачуу мүмкүнчүлүгү артыкчылыктуу шарт (бонус) катары колдонулат.

Dubai Unlocked долбоору Орусия, Украина, Казакстандагы жана мурдагы СССРдин башка өлкөлөрүндөгү “кыйындардан” кимиси Дубайда кымбат баалуу кыймылсыз мүлккө ээ экенин аныктады.

Дүйнө жүзүндөгү 70тен ашык медиа уюмдун журналисттери биригип, Дубайдагы миңдеген мүлктөр боюнча негизинен 2020 жана 2022-жылдардагы маалыматтарды талдап чыгышты.

Маалыматты алгач эл аралык кылмыштуулукту жана чыр-чатакты изилдеген Вашингтондогу Коргонуу боюнча изилдөө борбору алган.

Андан кийин документтер Норвегиянын e24 басылмасына жана Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту изилдөө борборуна (OCCRP) өткөрүлүп берилген. Алар дүйнө жүзүндөгү ондогон маалымат каражаттарынын маалымат топтомун иликтөө ишин координациялашты.

"2022-жылы ачыкка чыгып кеткен маалыматтарга ылайык, чет элдиктер Дубайда жалпы баасы 90 миллиард доллардан ашкан 198 миң мүлккө ээ болушкан", – дейт Норвегиянын Жашоо жөнүндө илимдер университетинин Экономика жана бизнес мектебинин (NMBU) пост-докторанты Андреас Окланд.

Дубайдагы кымбат баалуу кыймылсыз мүлктүн ээлеринин арасында Украина менен Орусиянын жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн көптөгөн жарандары, анын ичинен азыркы жана мурдагы аткаминерлер: министрлер, депутаттар, соттор жана прокурорлор, мамлекеттик ишканалардын жетекчилери жана алардын жакындары болгон.

Путиндин Орусияда акча сактап, инвестиция жасагыла деп чакырганына, ошондой эле мамлекеттик кызматкерлердин чет өлкөдө кыймылсыз мүлккө ээ болушуна жана чет өлкөдө жашоого уруксат алышына түздөн-түз тыюу салынганына карабастан, орусиялыктар Дубайдан кыймылсыз мүлк сатып албай койгон жок.

Украина: мурдагы министр, сот, прокурор

"Свобода" радиосунун "Схемы" долбоору Dubai Unlocked иликтөөсүндө "көрүнүп калган" украин жарандары жөнүндө жазды".

Николай Злочевский – Виктор Януковичтин тушундагы Украинанын экология жана жаратылыш ресурстары министри жана “Региондор партиясынан” шайланган мурдагы эл депутаты. Ал газ өндүрүүчү эӊ ири компаниялардын бири Burisma Group’тун негиздөөчүсү Хантер Байдендин чырдуу ишине байланыштуу таанылган. 2023-жылы анын байлыгы 225 миллион долларга бааланган.

Dubai Unlocked долбоорунун журналисттери Дубай реестринен алган транзакциялар тууралуу маалыматтарга ылайык, жалпы аянты 1700 чарчы метрден ашкан батирлерди Украинанын экс-министри дээрлик 11 млн долларга сатып алган.

Бул мүлк, журналисттер аныктагандай, эч качан ижарага берилген эмес, ошондуктан, кыязы, аларды Злочевскийдин үй-бүлөсү гана пайдаланып келген. Мурдагы чиновник көп убактысын БАЭде өткөргөнүн маалымат каражаттары жазышкан.

Дубайдан батирлерди сатып алган жылы Николай Злочевский бийликте болбой калып, кийин издөөгө алынган. Злочевский Улуттук банктан Сергей Курченконун “Реал банкына” бөлүнгөн насыяны уурдаган деп шек саналып, Януковичтин тушунда аны "жаш олигарх" деп аташкан. Кийинчерээк иш НАБУга өткөрүп берилгенде, Злочевский укук коргоо кызматкерлерине рекорддук өлчөмдө – 6 миллион доллар пара сунуштап, аны берген учурда экс-министрдин чөйрөсүндөгү ортомчулар кармалган.

Бул иш боюнча сот процесси уланып жатканда, Злочевский элиталык W Residences Dubai – The Palm комплексиндеги батирлерди кызы Анна Злочевскаяга каттатып койду (экс-министр акыры газ өндүрүү бизнесин да Анна менен экинчи кызы Каринага өткөрүп берди).

W Residences Dubai комплекси – The Palm
W Residences Dubai комплекси – The Palm

Злочевскийди Украинанын сыртында да таанышат: атап айтканда, АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп акыркы шайлоолордо Жо Байденге каршы күрөштө "Burisma факторун" активдүү колдонгон (анын уулу Хантер Байден бул компанияын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон).

Дубайдагы украиналык кыймылсыз мүлк ээлеринин тизмесинде Одесса облусунун прокурорунун мурдагы орун басары Олег Корнилов да бар. Дубайдын расмий жер реестринен алынган маалыматка караганда, Корнилов Эмираттардан жалпы баасы 400 миң доллардан ашкан эки батир жана конок үйлөрүн сатып алган.

Ал 2011-жылы декабрда жана 2012-жылдын башында эки батирдин ээси болгон. Ал кезде Корнилов Одесса облусунун башкы прокурорунун орун басары эле. Анан облустук прокуратуранын тергөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары кызматына өтүп, кийинчерээк бөлүм башчы болгон. Бирок 2014-жылы, “Ар-намыс революциясынан” кийин, коопсуздук кызматкери люстрацияланган – ал "Бийликти тазалоо жөнүндө" мыйзамга ылайык кызматынан бошотулган.

Ошол эле жылы Корнилов прокуратурага каршы доо арыз менен "аргасыздан иштебей калган" мезгилдеги эмгек акысын төлөтүү менен кайра жумушка алдыруу жана кызматта иштөөгө 10 жылдык тыюуну алып салдыруу үчүн Одесса райондук административдик сотуна кайрылган.

2021-жылы сот акыры Корниловду Одесса облусунун прокуратурасынын тергөө бөлүмүнүн башчысы кызматына кайтууга уруксат берип, ага 2014-жылдан бери " аргасыздан иштебей калганы" үчүн бюджеттен 2,3 миллион гривенден (58 миң доллар) ашык акча төлөнгөн.

Корнилов 2014-жылдан бери Дубайдын турак жай комплексиндеги эки студияны тең ижарага берип келет. Жалпысынан ал мындай иштерден 100 миң доллардан ашык киреше табууга жетишкен. Андан кийин кызматына кайра турган Корнилов батирлердин бирин саткан. Азыр анын менчигинде бир мейманкана бөлмөсү калды.

Кайра ордуна тургандан кийин Олег Корнилов кызматын бир жылдан ашык ээлеп, 2022-жылы августта өз каалоосу менен кеткен. Бирок ал жумуштан бошотулганда да, андан кийин да бир дагы декларациясында БАЭдеги кыймылсыз мүлкү жөнүндө айткан эмес.
Дубайдагы кыймылсыз мүлк ээлеринин арасында Светлана Емельянова (Януковичтин убагындагы таасирдүү судья Артур Емельяновдун мурдагы жубайы) бар. Анын Dubai Marina элиталык аймагында ар бири 123 чарчы метр аянтты ээлеген, жалпы баасы 1,8 миллион долларды түзгөн үч батири бар. Емельянова ал жердеги биринчи батирин 2014-жылы декабрда 650 миңдей долларга сатып алган. 2014-жылга чейин Светлана Емельянова “Региондор партиясынан” Донецк шаардык кеңешинин депутаты болгон. Алар Артур Емельянов менен ошол эле жылы күзүндө, “Ар-намыс революциясынан” кийин ажырашып кеткен. Ошол кезде укук коргоо кызматкерлери соттордун ортосунда иштерди автоматташтырылган бөлүштүрүүгө кийлигишүү ыктымалдыгы боюнча бул судьянын изине түшкөн.

Судьянын мурдагы жубайы калган эки батирди 2017 жана 2018-жылдары расмий түрдө 620 миң жана 560 миң долларга сатып алган. Буга чейин "Схемы" иликтөөсүндө Емельяновдун ажырашуусу чет өлкөдөгү башка элиталык мүлкүн жашыруу үчүн жасалма таризделген болушу мүмкүн деп айтылган. Артур Емельянов Светлана жана анын балдары жашаган Венага дайыма келип турган, ал эми мурдагы жубайлар да бирге эс алып, турмушун улай беришкен.

2023-жылы ГБРдин кызматкерлери тинтүү үчүн издеп келгенде Артур Емельяновдун аты кайрадан жаӊылыктарда айтыла баштады. Андан кийин Украинанын Жогорку экономикалык сотунун төрагасынын мурдагы орун басарынын баскынчы мамлекет (Орусия) менен кызматташуу ыктымалдыгы иликтенип жатканы айтылды. Бул ишке Светлана Емельянованын да катышы бар экени маалымдалган. Экс-судья Артур Емельянов БАЭдеги мүлк тууралуу суроого жооп берүүдөн баш тартып, "мурдагы аялымдын мүлкү" деп койгон.

Мурдагы эл депутаты жана Мотор Сичтин жетекчиси Вячеслав Богуслаев уулу Александр менен 2009-2018-жылдар аралыгында Дубайдан кыймылсыз мүлк сатып алып турган. Жалпысынан алар шаардын бир нече элиталык аймактарынан жалпы баасы 15 миллион долларды түзгөн кеминде 19 батир жана кеңсеге ээлик кылары аныкталган.

Мындай чоӊ соода кылуу үчүн каражатты Вячеслав Богуслаевдин учактар жана тик учактар үчүн авиациялык газ турбиналык кыймылдаткычтарын иштеп чыгуу жана өндүрүү, оңдоо жана тейлөө менен алектенген "Мотор Сич" стратегиялык ишканасынын көп жылдар бою жетектегенде топтогон окшойт. Ошол кызмат ордун ээлеп турган кезде БАЭге көп каттаган – ал кездеги президент Янукович менен бирге тик учактардын көргөзмөлөрүнө жана кыймылдаткычтарды тейлөө боюнча техникалык борборлордун ачылышына катышкан.

Украинанын укук коргоо кызматкерлери Вячеслав Богуслаевди 2022-жылы Орусия Украинага жапырт басып кирген убакта мамлекетке чыккынчылык кылган, терроризмди каржылаган жана Украинанын Куралдуу күчтөрүнө каршы аракет кылган деген шек менен кармашкан. Бул иштер боюнча сот уланууда, Богуслаев 2024-жылдын 10-июнуна чейин күрөө коюуга укугу жок камакта калды. Ал өзү күнөөсүн танып жатат.

Орусия менен кызматташуудан тышкары, "Схемы" журналисттери мурда Вячеслав Богуслаев Ирандын мамлекеттик аскерий компанияларынын өкүлдөрү менен, ошондой эле орус армиясы Украинага каршы жана хуситтер БАЭге каршы колдонуп жаткан "Шахед" учкучсуз учактарын өндүрүүчүлөр менен да байланыш түзгөнүн таап чыгышкан. Иранга салынган санкцияларга карабастан, Богуслаев ирандык өкүлдөр менен кеминде 2022-жылдын жаз айына чейин кызматташууну уланткан.

2019-жылдан баштап Богуслаевдер БАЭде кыймылсыз мүлктөрүн сата баштап, ошондон бери жалпы суммасы 3,5 миллион долларлык 10 батирден жана төрт кеңседен арылды. Дубайдын жер реестринин маалыматында, бул үй-бүлө батирлерди сатууга чейин ижарага берүү менен дагы 1,5 миллион киреше тапкан. Реестрдеги жазуулардан көрүнүп тургандай, бул кыймылсыз мүлктөрдү сатууда Александр Богуслаев Гренада арал мамлекетинин жаранынын паспортун колдонгон.

Журналисттер Богуслаевдер саткан үч батирдин ээлерин аныктоого жетишкен. Алардын экөө Москва жана Дубайдагы кыймылсыз мүлк агенттери. Ал эми үчүнчү ээси – сербиялык ишкер айым Маша Карич, санкция салынган жана Беларустагы Александр Лукашенконун режимин колдогон сербиялык иштеп чыгуучулар Боголюб жана Драгомир Каричтердин үй-бүлөсүнөн. Бул иштеп чыгуучулардын компаниялардын биринде Лукашенконун жээни 2021-жылга чейин иштеген. Бирок Богуслаев менен Каричтердин ортосунда түз байланыш табылган жок.

Беларус: Александр Лукашенконун серб достору

Belarusian Investigative Center долбоору жогоруда айтылган серб ишкерлери Каричтер жана алардын Александр Лукашенко менен байланышы тууралуу кененирээк жазат.

Боголюб жана Драгомир Каричтер Минскидеги ири курулуштары менен белгилүү. Александр Лукашенконун достору болгондуктан, алар салык жеңилдиктерин пайдаланып, мамлекеттен акысыз жер алган.
Иликтөөчү журналисттер Лукашенконун жарлыктарынын аркасында Каричтердин ашыкча тапкан пайдасынан киреше салыгы төлөтүлбөй калганын, 10 жыл ичинде (2011-жылдан 2020-жылга чейин) алардын беларус компаниялары Кипрдеги башкы түзүмдөрүнө 170 миллион евро дивиденд которушканын жазышууда.

Кыязы, ишкерлер өздөрү жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү бул каражаттарга Дубайдын терезесинен деңиз көрүнүп турган эң кымбат батирлери жайгашкан Palm Jumeirha архипелагынан пальма формасындагы кыймылсыз мүлк сатып алышкан. Ал жерде Каричтердин ар кимисине катталган кеминде алты батир бар.

Орусия: Мишустин менен Кадыровдун жакындары, ошондой эле Анна Чапман

"Важные истории" Дубайдагы кымбат баалуу кыймылсыз мүлктүн орусиялык ээлери жөнүндө жазган.

Тергөөчүлөрдүн айтымында, элиталык турак жай комплексиндеги эки батир Орусиянын мурдагы премьер-министри Михаил Мишустиндин жакыны, ишкер Александр Удодовго таандык болгон. Ал 2008-2020-жылдары премьер-министрдин эжеси Наталья Стенинанын күйөөсү болгон.

Орусияда ишкер Дубайдан башка жактагы мүлкүнүн бир бөлүгүн Мишустиндин үй-бүлөсүнө тартуулаган. Удодовдун бардык батирлери дээрлик 2 миллион долларга бааланышы мүмкүн. Алардын эң чоңу – аянты 200 чарчы метрден ашканы – болжол менен 1 миллион доллар турат. Удодов аны өзүнө калтырып, калган экөөнү 2023-жылы февраль айында сатып ийген.

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын эң бай депутаттарынын бири, "Единая Россиянын" мүчөсү жана "эт сатар падыша" Григорий Аникеев 2022-жылы март айында, Орусия Украинага кол салгандан бир ай өтө электе, Дубайда Serenia Residences элиталык турак жай комплексинин эң жогорку кабатынан өзгөчө пентхаус сатып алган. Бул комплекстин батирлеринин панорамалык терезелеринен Дубайдын же Перс булуңунун эң кымбат аймактарынын бири жана атактуу 800 метрлик Бурж Халифа асман тиреген имараты көрүнүп турат. Аянты 1195 чарчы метрлик пентхаусту Аникеев 13 миллион доллардан ашык акчага сатып алган.

Burj Khalifa
Burj Khalifa

Аникеевдин мурдагы жубайы, "Мээрим жана тартип" фондунун тең негиздөөчүсү Ольга Полякова да 2022-жылы апрель айында жалпы баасы 3 миллион долларга чаап барган эки батирди сатып алган.
Ошол эле мезгилде Аникеевдин дагы бир өнөктөшү жана уулунун апасы Ирина Купарева Дубайда 140 чарчы метр аянтты ээлеген батирди сатып алышкан.

"Единая Россия" фракциясынын чеченстандык депутаты Бекхан Агаевдин БАЭдеги дагы бир элиталык турак жай комплексине 10 жылдан ашык убакыттан бери 352 метрлик батирге ээлик кылат. Акыркы жылдары батир балдарынын апасы, расмий никеде турбаган Малика Садулаевага катталган. Азыр батирлер жыл сайын дээрлик 100 миң долларга ижарага берилет.

Ал эми Рамзан Кадыровдун администрация башчысынын жээни Хас-Магомед Таймасхановдун Дубайда жалпы баасы 6 миллион доллардан ашкан төрт батири бар. Таймасхановдор кланы – Рамзан Кадыровго эң жакын топтордун бири. Анын өкүлдөрү Чеченстанда жок дегенде 2008-жылдан бери жогорку кызматтарды ээлеп келет. Клан башчысы болуп Ваха Таймасханов эсептелчү, “Кавказ.Реалии” маалыматы боюнча, ал БАЭде жашап, бизнес менен алектенген.

Кадыровдун өнөктөшүнүн жээни кандайча чет өлкөдөгү кымбат баалуу кыймылсыз мүлктүн ээси болуп калганы, ошондой эле бул батирлер кимдин эсебинен сатып алынганы азырынча белгисиз. СПАРК системасынын маалыматтарына ылайык, Хас-Магомед Таймасханов Чеченстанда автоунааларды сатуу менен алектенет.

Анын "Терек-Авто" компаниясы жергиликтүү бийликтен мамлекеттик контракттарды үзгүлтүксүз алып турат – өткөн жылы жалпы кирешеси 3,6 миллиард рублди (болжол менен 40 миллион долларды) түзгөн. Бирок компания 2014-жылдын аягында, Таймасханов Дубайда кыймылсыз мүлктү каттагандан кийин пайда болгон. Анын "Авто-Мир" (мурдагы "Чеченавтопром") автоунааларын сатуучу компаниясы да бар.

Palm Jumeirha аралында "Росатом" мамлекеттик корпорациясынын курамына кирген "Росэнергоатом" концернинин башкы директорунун орун басары, Саратов облусунун мурдагы губернатору Павел Ипатовдун 1244 чарчы метр аянтты ээлеген вилласы бар. Мүлктүн баасы 7 миллион доллар. Анын жубайы Анастасиянын ошол эле жасалма аралда 5 миллион доллардан ашык турган вилласы жана дагы тогуз батири бар. Ипатовдун кызы да 2023-жылы март айында 3 миллион долларга сатылган 622 чарчы метрлик виллага жана чоң батирге ээлик кылчу.

Атүгүл белгилүү кылмыш иштеринин каармандары Дубайда кыймылсыз мүлккө ээлик кылат. Мисалы, орусиялык кримтөбөл Захарий Калашовдун (кенже Шакронун) жубайы Марина Голдберг Бурж Халиф асман тиреген имаратынын 34-кабатындагы аянты 600 чарчы метрден ашкан батирдин ээси болгон.

Ал эми 2010-жылы ФБР тарабынан ашкереленген орус чалгын агенти Анна Чапман деңиз жээгиндеги терезесинен пирс көрүнүп турган турак жай комплексинде чакан батирлерге ээ болгон.

Ошондой эле Дубайда үч кыймылсыз мүлк (бир вилла жана жалпы баасы дээрлик 2 миллион долларды түзгөн үч батир) Зеленоград Ички иштер министрлигинин Экономикалык коопсуздук жана коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн мурдагы башчысы, подполковник Вадим Базаровго таандык. Ал өзгөчө ири өлчөмдө пара алганы үчүн тергелип жатат. 2020-жылы ал үйүнөн накталай акча жана зер буюмдарын алып кетүүгө үлгүрүп, тергөөдөн качып кеткендиктен издөөгө алынган.

Казакстан: Назарбаевдин жээни жана расмий эмес жубайы

Глобалдык иликтөөнүн "Дубай. Казакстандын дагы бир борбору" деп аталган бөлүгү жөнүндө "Азаттык" радиосунун казак кызматы жазды.

Ачыкка чыгып кеткен маалыматка ылайык, Дубайда мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин жакын чөйрөсүндөгү адамдарга таандык кыймылсыз мүлктөр бар. Тактап айтканда, бул байлыкка анын бейрасмий жубайы Асел Курманбаева, жээни Кайрат Сатыбалды апасы, эки аялы жана балдары менен, парламенттин мурдагы спикеринин үй-бүлөсү, Борбордук шайлоо комиссиясынын экс-төрагасынын үй-бүлө мүчөлөрү жана башкалар ээлик кылышат.


Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин жээни Кайрат Сатыбалды жана анын үй-бүлө мүчөлөрү, тергөөчүлөрдүн айтымында, Marsa Dubai аймагында баасы 2,2 миллион доллардан ашкан беш батирге ээ болушкан (азыр алар башка адамдарга таандык). 2022-жылдагы январь окуясына чейин Сатыбалды Казакстандагы эң таасирдүү адамдардын бири болгон. 2022-жылдын март айында ал камакка алынып, кийин мамлекеттик компаниялардан акча уурдаганы үчүн алты жылга кесилген. Кийинчерээк Казакстандын Коррупцияга каршы кызматы Сатыбалдынын карамагындагы жүздөгөн миллиард теңгеге барабар активдерди жана акчасын кайтарып алганын билдирген.


Тергөөдө Асел Курманбаева Palm Jumeirha аралынын аймагындагы баасы 270 миң доллардан ашык батирдин ээси катары көрсөтүлгөн. Январь окуясынан кийин ал мурдагы президенттин башка туугандарынан айырмаланып, кызматынан ажыраган эмес – дагы эле "Астана Балет" мамлекеттик театрынын арт-менежери бойдон калган.

Парламенттин мурдагы төрагасы Нурлан Нигматулиндин жубайы Венера Баймурзаева жалпы баасы 4,3 миллион долларды түзгөн 50дөн ашык кыймылсыз мүлккө ээ. Мындан тышкары, ал ири бизнесмен Динмухамед Идрисовдун жубайы Магда Идрисова менен бирге 40 батирге ээлик кылат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы башчысы, юстиция министри жана президенттин жардамчысы Берик Имашевдин үй-бүлөсүнүн Palm Jumeirha’да кеминде эки батири болгон. Баасы 310 миң доллардан ашкан бир батир анын уулу Алжанга таандык болгон, бирок Январь окуясынан кийин сатылып кеткен. Баасы 210 миң долларга жакын экинчи батир Имашевдин жубайы Лейла Адайбекованын атына катталган. Берик Имашев – экс-президент Дарига Назарбаеванын тун кызынын күйөөсү. Имашевдин кызы Аида Нурали Алиевдин уулуна турмушка чыккан.


Корлан Шарипбаева да тергелип жатат. Анын атасы Кайратты Дарига Назарбаеванын күйөөсү дешет. 2022-жылдагы Январь окуясынан кийин Кайрат Шарипбаев "КазТрансГаз" улуттук компаниясындагы кызматынан кеткен. Ошол эле учурда Корландын Palm Jumeirah’дагы баасы 250 миң долларга жакын батири сатылып же башка адамдардын менчигине өткөн.

Корлан Шарипбаева "Азаттык" радиосунун 2022-жылы январда жарыяланган иликтөөсүндө Нурсултан Назарбаев, анын үч кызы жана жээни Кайрат Сатыбалды менен кошуна туруп, Алматынын жака белиндеги тоо таянган жер тилкесинин ээси болуп чыкканы аныкталган. 2022-жылдан кийин тергөөдө көрсөтүлгөн көптөгөн мүлк ээлери аны сатып жиберишкен же башка адамдарга өткөрүп беришкен.
Казакстандык Пануар Омарова, тергөөдө аныкталгандай, Palm Jumeirah’да баасы 2,9 миллион доллардан ашкан виллага ээ болгон.

Күйөөсү Асылбек Карибаев "КазМунайГаз" улуттук компаниясына кирген көптөгөн мунай компанияларынын топ-менежери болгон. 2022-жылдан кийин Омарова бул мүлктү саткан же үчүнчү жактарга өткөрүп берген.

Ошондой эле, баасы 1 миллион долларга жакын эки батир мурдагы транспорт жана коммуникациялар министри Берик Камалиевдин уулдарына таандык. Ал 2022-жылы апрель айында Батыш Казакстандагы жолдорду өз убагында оңдобогону үчүн президент сындагандан кийин кызматынан кеткен. Камалиевдер батирлердин бирин 2022-жылдан кийин сатса, экинчисине дагы эле ээлик кылып турат.


Жалпысынан, иликтөөнүн авторлору жазгандай, 2022-жылы казакстандыктар Дубайда кеминде 253 миллион долларлык кыймылсыз мүлккө ээ болушкан. Мыйзам чет өлкөдө кыймылсыз мүлккө ээ болууга тыюу салбайт. Бирок аталган адамдардын канчасы өз мүлкүн декларациялаганы жана Дубайдагы мүлктөрдү кайсы акчага сатып алышканы белгисиз.

Dubai Unlocked долбооруна кошулган, эл аралык журналисттер тобунан куралган украиналык "Схемы" иликтөө долбоору Бириккен Араб Эмираттарынын бийликтерине өлкөнүн санкция салынган же издөөдө жүргөн адамдардын кыймылсыз мүлк операцияларын кантип көзөмөлдөп жатканын тактоо үчүн суроо-талап жөнөттү. Журналисттер Дубайдагы кыймылсыз мүлккө инвестиция салган чет элдиктердин акча каражаттары каяктан табылганын ким жана кантип текшерип жатканын, ошондой эле Дубайдагы кыймылсыз мүлккө салынган каражаттар мыйзамсыз экени далилденсе, БАЭ бийликтери башка өлкөлөрдүн укук коргоо органдары менен кызматташууга канчалык ачык болорун да сурашты.

Иликтөө иши жарыяланган учурда БАЭ бийликтери Улуу Британиядагы жана Норвегиядагы элчиликтери аркылуу The Times жана E24 гезиттерине кыскача билдирүү жөнөтүп, бирок олуттуу суроолорго жооп беришкен жок. Билдирүүдө "Эмират бийликтери дүйнөлүк каржы системасынын бүтүндүгүн коргоодогу ролуна өтө олуттуу мамиле жасап жатканы" жана БАЭ "мыйзамсыз каржылоонун бардык түрлөрүн токтотуу жана чектөө үчүн эл аралык өнөктөштөр менен тыгыз кызматташып жатканы" гана айтылган.

"Настоящее времянын" макаласын бул жерден окуй аласыз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG