Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:08

Ысык-Көлдөгү эс алуу жайларына чет элдиктер да ээлик кылуусуна уруксат берүү сунушталууда


Ысык-Көл.
Ысык-Көл.

Чет элдиктерге Ысык-Көлдүн жээгиндеги эс алуу жайларына менчик укугун берүү сунушталууда. Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев баштаган депутаттар тобу иштеп чыккан мыйзам долбооруна ылайык, эс алуу жайлары жайгашкан жер тилкелерин убактылуу пайдаланууга берүү да сунушталып жатат.

Мыйзам долбоору 27-февралда Жогорку Кеңештин расмий сайтына коомдук талкууга чыгарылды.

Демилгечилер Ысык-Көлдүн экологиялык жана экономикалык системасын өнүктүрүүгө, бул аймакка гана эмес, жалпы Кыргызстанга чет элдик инвесторлорду тартууга мүмкүнчүлүк ачыларын белгилеп жатышат.

Эгер депутаттардын сунушу колдоо тапса 2004-жылы кабыл алынган "“Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" мыйзамына жана "Жер кодексине" өзгөртүү киргизилет.

Жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын азыркы вариантында “Рекреация объекттерин жана туризм инфратүзүмдөрүн чет өлкөлүк жактарга менчикке берүүгө жана өткөрүп берүүгө жол берилбейт” деп жазылып турат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG