Президенттин байларга кайрылуусу
Мамлекет башчы Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасында жарандардын жашырган мүлкүн легалдаштыруу мыйзамынын маанисин түшүндүргөн пост жазып, үлгү катары өзү да мүлкүн мыйзамдаштырганын мисал кылды.
Жапаров Бишкектин Киев жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги имараттын сүрөтүн жарыялап, мурда башкаларга катталган мүлкүнүн бири экенин билдирди.
Жапаровдун айтымында, 2005-жылы курула башталган имарат 2010-жылы бүтүп, ошол кездеги "Ата-Журт" партиясынын штабы катары колдонулгандан бери иштебей эле турган. 2020-жылы президенттик шайлоодо штаб катары пайдаланылгандан кийин толук кандуу иштей баштаган.
Президент ушул жана башка 20 млн долларлык мүлкүн өзүнө каттатып, легалдаштыруу мыйзамы боюнча 1 млн сом мамлекетке төгүп берди.
“Ушул мыйзамды пайдаланып, өз мүлкүңөрдү өзүңөргө каттап, легалдаштыргыла жана чет өлкөлөрдөгү банктарда катып жаткан акча каражаттарыңардын баарын биздин банктарга которгула. Бул мыйзамдын негизинде мамлекет силердин капиталыңардын коопсуздугуна 100 пайыз толук кепилдик берет. Акча каражаттарыңар өз өлкөбүздүн кызыкчылыгы үчүн иштесин. Мамлекетке тийген пайдасы ошол. Башка максат жок. Сурак болбойт”, - деп жазды президент.
Жапаров мындан ары ички жана тышкы инвесторлор үчүн бейиштей шарттарды түзүп берүүгө мамлекеттин бардык күчү жумшаларын кошумчалады.
Президент Садыр Жапаров өзүнө каттаткан имарат учурда “Асман” бизнес борбору катары иштеп жатат. Борбордун инстаграмдагы баракчасындагы маалыматка караганда, андан ар кандай фирмаларга ижарага кеңсе берилет. Бул имарат жөнүндө 2020-жылы factcheck.kg порталы иликтөө жарыялаган.
Миңге жакын киши мүлкүн ачыктады
“Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзам долбоору былтыр кабыл алынган. Мыйзамдын маанисин жалпак тил менен түшүндүрүп айтканда, жарандардын адалдаштырган байлыгынын кайдан келгендигине сурак болбойт.
Азырынча мамлекеттик органдар мыйзам күчүнө киргенден бери канча жаран канча суммадагы каражатын легалдаштырганы тууралуу маалымат бере элек.
Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев “Азаттыкка” буларды айтып берди:
“Мурдагы акциялардан бир топ эле көп. 900гө жакын адам бар, анын ичинен 29 адам 1 млн сомдон төктү. Эгерде 100 млн сомдон ашса, 1 млн сом мамлекетке төгөт. Канча каражат экени айтылбайт”.
Экономика министрлиги жалпы канча каражат легалдаштырылганын тактаган жок.
"Кепилдик баарына бирдейби?"
Президенттин билдирүүсүнөн кийин мүлкүн башка бирөөгө каттаткандар байлыгын ачыкка чыгарууга, ички инвесторго шарт жакшырабы деген суроо кайра күн тартибине чыкты.
Ишкер Тилек Токтогазиев түрдүү себептерден улам өз мүлкүн ачыктай албай жаткандар үчүн бул керектүү мыйзам экенин белгилейт. Бирок өлкөдөгү ишкерлерге карата акыркы жагдайлардан улам жарандар байлыкты ачыктоо кампаниясы максатына жетпей калышы мүмкүн дейт ал.
“Президент байлыгын ачыктаганы жакшы, ага кепилдик бар. Бирок башкалар мүлкүн лагалдаштыра баштаса, “кустуризациянын” кийинки баскычына илинип калбайбы, ошонун негизинде тизме түзүлүп калбайбы деген коркунуч болуп жатат. Бизде мыйзам баарына бирдей иштебей жатпайбы”, - деди Токтогазиев.
"Декларацияны жашырган кылмыш"
Жарандардын жашырган мүлкүн легалдаштырууга жол ачкан мыйзам парламентте талаш-тартыш менен кабыл алынган. Бир нече депутат бул мыйзам коррупциядан туйтунган аткаминерлердин мүлкүн адалдаштырууга жол ачат деп кескин сындап чыгышкан.
Алардын бири Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев кылмыштуулуктан табылган каражат эч качан адалдаштырылбашы керек деп эсептейт.
“Мен башынан эле айттым, "ушундай мыйзам кабыл алсак, мамлекеттик кызматкерлерге эмес "Дордой" сыяктуу базарда отургандарга, Орусияда иштеп акча тапкандарга багытталсын" деп. Себеби алар убагында салык төлөгөн эмес. Мен Салык кызматында иштеп жүргөндө мамлекетте миллион доллар тапкан адам болгон эмес. Азыр 20-30 млн долларды легалдаштырып алса, жылына миллион доллар тапкан болуп жатат. Ким кайсы тиричиликтен тапкан? Убагында декларация тапшырганда билип туруп жашырганбы? Бул кылмыш. Эртели-кеч жооп беришет”, - деди Масалиев.
Анткен менен мындай сындарга президент Жапаров баш болгон бийлик өкүлдөрү жооп берип, көмүскө экономиканын көлөмүн азайтып, инвестиция тартууга шарт түзүү керек экенин айтышкан.
Буга чейинки маалыматтарга караганда, өлкө тарыхында 2008, 2009, 2013, 2014-жылдары легалдаштыруу кампаниясы болгон. 2013-2014-жылдары 9840 декларация тапшырылып, 84 адам 37,4 млн сомдук бир жолку төлөмүн төлөшкөн. Экономика министрилиги буга чейинки легалдаштыруу кампанияларынын натыйжа бербегенин кылмыш ишин козгобоо жөнүндө мамлекеттик кепилдик болбогон деп түшүндүргөн.
Экономика жана коммерция министрлигинин болжолдуу маалыматына ылайык, өлкөдө декларация тапшыра турган 3,5 миллион адам болсо, алардын 70% көмүскөдө деп эсептелет. Мыйзам долбооруна ылайык, легалдаштыруу кампаниясы бир жылга созулат. Жаран 100 млн сомго чейин акысыз декларация тапшырат, андан ашса, мамлекетке 1 млн сом төгөт.
Декларация документи жарандын өзүндө сакталат. Буга чейин жарандын мүлкүнө байланыштуу кылмыш иши козголуп же сот чечими чыккан болсо, ал байлыгын легалдаштыра албайт.