Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:52

Алматыдагы авиакырсыкта эки кыргыз жараны каза тапты


Иллюстративдүү сүрөт
Иллюстративдүү сүрөт

Алматыда кыйраган учактын "кара кутусу" Москвага жиберилди.

3-октябрдын кечинде Алматынын алдындагы Междуреченский айылына жакын жерде кулаган Ан-28 үлгүсүндөгү учакта беш киши болгон. Кыйраган учактын "кара кутусу" Москвага иликтөөгө жиберилди. Атайын кызматтар окуя боюнча кылмыш ишин козгоду.

Ан-28 үлгүсүндөгү чакан учак Алматыдан Чымкентке абалы оор бейтапка жардам бергени сапар алган. Учактагы экипаждын командири, Кыргызстандын жараны Геннадий Цой, экинчи учкуч Евгений Кутафин, авиатехник Бейшибек Ахматбаев жана эки дарыгер каза тапканы маалымдалды.

Алматыдагы илимий институттун акушер-гинекологу Талгат Патсаев жана врач-реаниматолог Жаныбек Артыкбаев оор абалда жаткан аялга жардам берүүгө баратышкан.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Алматыда учак кырсыгынан жабыркагандардын экөө кыргызстандыктар экени алдын ала аныкталганын 3-октябрда билдирди. "Учурда 64 жана 66 жаштагы эки кыргызстандыктын сөөгүн таануу жана мекенине жеткирүү иши жүрүп жатканын" "Азаттык" радиосуна министрликтин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева кабарлаган.

17 кишиге ылайыкташкан Ан-28 учагы төрт миң метр бийиктикке чейин көтөрүлүп, саатына 300 чакырымды учуп өтөт. Расмий маалымат боюнча кырсыкка учураган учак 27 жыл мурун чыгарылган.

Ан-28 учагын Еast Wing компаниясы иштетип жүргөн. Казак өкмөтүнүн вице-министри Роман Скляр учактын аба каттамдарын аткарууга сертификаты бардыгын бышыктап, кырсык болгон жерден табылган заттар Москвага КМШнын мамлекеттер аралык авиация комитетине иликтөөгө жиберилерин айтты.

Роман Скляр
Роман Скляр

Аны менен катар эле Инвестиция жана өнүктүрүү министрлиги авиакырсыкты иликтөө үчүн комиссия түздү. Иликтөөнүн жыйынтыгы коомчулукка ачык жарыяланары айтылды.

Еast Wing компаниясынын директору Виталий Масалитин кыйраган учактын учкучтары кесипкөй адистер экенин белгилейт.

"Учкуч Геннадий Цойдун мындай үлгүдөгү учактар менен учкан тажрыйбасы чоң болгондуктан Бишкектен атайын чакыртканбыз", - деген Масалитин курман болгондордун жакындарына материалдык жардам көрсөтүлөрүн кошумчалады.

Казакстандын Башкы прокуратурасы кыйраган учак боюнча кылмыш ишин ачты. “Учурда курман болгондордун тек-жайын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, кырсыктын себептери иликтенүүдө. Иш актуалдуу мүнөзгө ээ болгондуктан Транспорт прокуратурасынын атайын адистери иликтөөнү жүргүзүшөт” – деди Транспорт прокуратурасынын өкүлү Данияр Избасаров.

Үстүбүздөгү жылдын башынан бери Алматы облусунда үчүнчү авиакырсык болду. 27-июлда “Казавиа” компаниясына тиешелүү Як-12 учагы кулап, эки киши каза болгон. 25-августта Балхаш районунда эки кишилик учак кырсыктап, учкучтун өмүрү кыйылган. 10-августта Алматынын алдында Жарандык авиация академиясынын машыгуу маалында учак кыйрап, курсант, учкуч-инструктор набыт кеткен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG