Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:56

Ташиев алтын кенге берилген 23 лицензия мамлекетке өткөнүн айтты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев буга чейин алтын кендерин казууга берилген 23 лицензия мамлекетке кайтырылганын билдирди. Ал бул тууралуу 13-сентябрда Чүй облусунда жергиликтүү тургундар менен жолугушууда билдирди жана кен тармагындагы коррупция тууралуу айтты.

“Бул жерде чырмалышкан мафия болуп кеткен. Биздин алтыныбызды, кен байлыктарыбызды биринен бири сатып алып, бирине бири сатып, мамлекетке эч нерсе түшпөй, каяктагы чет жактагы адамдар байып жүрө беришкен. Ушулардын баарын биз көзөмөлгө алдык”, - деди Ташиев. Ал мамлекетке кайтырылды деген лицензиялардын чоо-жайы тууралуу толук маалымат берген жок.

УКМК июль айында Жалал-Абад облусунда кен казган компаниялардын ишин көзөмөлдөө үчүн атайын мамлекеттик ишкана түзүү каралып жатканын билдирген.

Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондорунда мындай фирмалардын айынан экология зыянга учурап, дээрлик 2 миллиард сомдук чыгым аныкталганын маалымдаган.

Кыргыз өкмөтү 2021-жылы сентябрда "Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо, жыйымды эсептөө, төлөө, чогултуу жана карызды өндүрүү тартибин бекитүү" токтомун кабыл алган жана ал октябрдан тарта күчүнө кирген.

Документке ылайык, кен чалгындоого жана өндүрүшкө деп сатылган лицензия ээлери ишти баштабаса, кармап турган ар бир жылы үчүн ири суммадагы акча төлөп турууга милдеттендирилген.

Өкмөттүн эсебинде кендин баалуулугуна жараша 10 эседен 5 миң эсептик көрсөткүчкө чейин көбөйгөн. Ошондон бери ондогон лицензия кайтарылып алынганы маалымдалган.

Быйыл жыл башындагы расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда өткөн жылы геология тармагына 192 лицензия берилди. Анын ичинен мамлекеттик ишканаларга 45 лицензия берилген.

XS
SM
MD
LG