Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:34

Украина: Киев күткөн уруксат, Путиндин опузасы


Кир Стармер Вашингтонго келди.
Кир Стармер Вашингтонго келди.

АКШ президенти Жо Байден менен Британиянын премьер-министри Кир Стармер 13-сентябрда Вашингтондо жолугат. Мунун алдында орус президенти Владимир Путиндин "Батыштын Орусияга узак аралыкка атуучу ракеталык чабуулдарына макул болгону НАТОнун согушка катышарын билдирет" деген билдирүүсү тарады.

Байден менен премьер-министр Стармердин жолугушуусу Украинанын АКШ жана Британия берген куралдарды Орусияга каршы колдонуусун чектөөнү жеңилдетүү аракеттери күчөгөн маалга туш келди.

Жолугуу АКШнын бул багыттагы саясаты өзгөрүшү мүмкүн деген белгилер пайда болгон учурда өтүүдө.

Британиянын премьер-министри Кир Стармер Вашингтонго бараткан учакта журналисттер менен маек куруп, бир күн мурдагы Путиндин билдирүүсүнө комментарий берди:

Кир Стармер Британиянын премьер-министри.
Кир Стармер Британиянын премьер-министри.

"Бул жаңжалды Орусия баштады, Орусия Украинага мыйзамсыз басып кирди. Бул жаңжалды азыр Орусия токтото алат. Украина өзүн-өзү коргоого укуктуу жана биз анын өзүн-өзү коргоо укугун толугу менен колдой турганыбыз айдан-ачык".

Бир күн мурда орус президенти Владимир Путин АКШ жана анын өнөктөштөрү Украинанын Орусияга каршы куралды колдонуусуна макулдук берсе, анда кырдаалга жараша жооп кайтарыла турганын билдирген:

"Маселе Орусияга куралдар менен сокку урууга Украинага уруксат берүү тууралуу эмес. Маселе НАТОнун өлкөлөрү аскердик чыр-чатакка түздөн-түз катышабы же жокпу, ушунда болуп жатат. Мындай чечим кабыл алынса, НАТО өлкөлөрүнүн, АКШ жана Евробиримдиктин Украинадагы согушка түздөн-түз катышуусунан кабар берген болот".


Украиналык аткаминерлер АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин жана Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Лэмминин ушул жумада Киевге сапары учурунда Батыштан берилген узак аралыкка атылуучу ракеталарды Орусиянын ичиндеги буталарга колдонууга уруксат берүү өтүнүчүн кайра козгошкон.

Энтони Блинкендин айтымында, бул өлкө Украинага 700 млн доллар бөлөт. Анын 325 миллиону орус армиясынын чабуулунда талкаланган энергетикалык объектилерди калыбына келтирүүгө жумшалат. 290 миллионго жакыны тамак-аш, турак жай, медициналык кызмат көрсөтүү жана билим берүүгө сарпталат. Калган сумма миналарды зыянсыздандырууга керектелет.

Энтони Блинкен, АКШнын мамлекеттик катчысы.
Энтони Блинкен, АКШнын мамлекеттик катчысы.

"Путин Ирандын баллистикалык ракеталарын алуу менен өзүнүн агрессиясын дагы да күчөтүүдө. Андыктан биз Украинанын өзүн натыйжалуу коргоо үчүн керектүү нерселерге ээ болушун камсыз кылуу үчүн шашылыш иштеп жатабыз".

Жолугушуунун жыйынтыгында АКШ жана Улуу Британия Украинанын энергетикасын калыбына келтирүү жана гуманитардык жардам үчүн дагы 1,5 млрд доллар бөлөрү айтылган.

Блинкен менен Лэмминин Киевге сапары учурунда бир нече жолу абадан айгай жаңырып, айрым иш-чаралардын убактысы жылдырылып, кээ бирлери болбой калган.

13-сентябрга караган түнү орус аскерлери Украинаны 26 “Шахед” үлгүсүндөгү чабуулчу дрондор менен аткылашканын Украинанын Куралдуу күчтөрү маалымдады. Расмий маалыматка караганда, дрондор Украинанын аймактарын түнү бою аткылашты.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украина менен чектеш тилкесиндеги Курск облусунда украин аскерлерине каршы контрчабуул жүргүзүп жатканын расмий ырастады. Мекеменин 12-сентябрдагы маалыматында "эки сутка ичинде 10 калктуу пункт, анын ичинен Снагость кыштагы бошотулганы" айтылды.

Орусиянын жетекчилиги ири масштабдуу согуш учурунда орус армиясы Украинадагы шаарлар менен айылдардын жарандык инфраструктурасын атайылап бутага алып жатат деген дооматтарды четке кагып келет. Алардын иш-аракеттери жарандарды мерт кылып, оорукана, мектеп, бала бакча, энергетика жана суу камсыздоо объектилерин кыйратууда.


Украин бийлиги жана эл аралык уюмдар бул соккуларды Орусиянын согуштук кылмыштары деп мүнөздөп, алар атайын жасалган деп белгилешет.

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG