Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:50

Ошто ата-энеси жазалады деген баланын окуясы иликтенип жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы ата-энесинин зомбулугуна кабылды деген кичинекей баланын окуясын иликтеп-териштирип жатат. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы кабарлады. Анын алдында социалдык тармактарда денесинин айрым жерлери көгөргөн, жара болгон, аны атасы менен апасы урганын айткан жашы жете элек баланын видеосу жарыяланган.

“Бул үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүнүн тек-жайы аныкталып, алардын учурдагы жашаган жерин аныктоо боюнча ыкчам иш чаралар жүрүп жатат. Алар "Naqmedia" баракчасында көрсөтүлгөн даректеги хостелде убактылуу жашап, көчүп кеткени белгилүү болду. Кошумча маалымат берилет”,-деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында балдарга карата зомбулукка байланыштуу дагы бир видео жарыяланган. Анда атасы беш-алты жашар баласына орой мамиле жасап, одоно сөздөр менен сөгүп, уктатпай, караңгыда бөлмөдөн кууп чыкканы тартылган.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева бул окуянын тергелип-териштирилишин өз көзөмөлүнө алган.

Омбудсмендин Ош облусундагы өкүлчүлүгү баладан кабар алып, укуктук жана психологиялык жардам көрсөтүлөрүн билдирген.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы бул фактыны Алай райондук милициясы 12-сентябрда каттоого алып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын маалымдаган.

XS
SM
MD
LG