Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:05

Алагөзов тигүүчүлөр, курулушчулар таңкыс экенин билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Кыргызстанда тигүү тармагына, курулушка жумушчу күчү жетпей жатканын билдирди. Ал 14-сентябрда Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Орусиядагы кыргыз мигранттарына кайрылып, мекенге келүүгө чакырды.

“Орусияда тигүү тармагында иштеп жүргөн эже-карындаштар, курулуш тармагында иштеп жүргөн ага-инилер, сиздерди Ата Мекениңерге - Кыргызстанга келип иштөөгө чакырам. Азыркы тапта Кыргызстанда тигүү тармагында да, курулушта да жумушчу күчү жетпей жатат. Албетте, сиздерди кызыктырган эмгек акы Орусияда иштеп тапкан менен бирдей эле болот. Эң башкысы - Ата Мекениңерде, өз үй-бүлөңөрдүн жанында иштеген жакшы эмеспи. Келиңиздер, өз жерибизде иштеңиздер”, - деп жазды Алагөзов.

Ал ошондой эле төмөнкү сурап билүү телефондорун жарыялады.

1899 (Кыргызстан ичиндеги чалууларга), 0559189900 WhatsApp.

Өткөн аптада Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) жарандарды зарыл иши болбосо Орусияга убактылуу барбай турууга чакырган. Бул өлкөдөгү кошумча коопсуздук чаралары киргизилип, чек арада көзөмөл күчөтүлүп жатканын эскерткен.

Март айындагы "Крокус Сити Холлго" жасалган кол салуудан кийин, Орусияда мигранттарга каршы рейддер, басым-кысым күчөгөн. Буга терактты уюштурууга шек саналып камалгандардын дээрлик бардыгынын теги борбор азиялык экени түрткү болгон.

ТИМдин маалыматында, соңку 1,5 жылда Орусиядагы кыргызстандыктардын саны 400 миңге чейин кыскарган.

XS
SM
MD
LG