Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:15

Орток түрк латын алфавити жана кыргыздын башка жазмалары


"Мурас" фондунун энбелгиси. 24.10.2013.
"Мурас" фондунун энбелгисинде "мурас" сөзү кыргыздын битик, арап, латын жана кирил ариптери менен жазылган. Азыркы тапта битик жазмасы гана колдонулбайт. 24.10.2013.

Жакында Түрк мамлекеттеринин уюмунун колдоосу астында өткөрүлгөн илимий жыйын 34 тамгадан турган орток түрк латын алфавитин кабыл алды. Эми аны Ала-Тообузда кыргыз тилинин расмий жазма түрү катары кабыл алуу маселеси да козголууга тийиш. Тарыхчынын блогу.

Тарыхый туура чечим

Түрк мамлекеттер уюму кабыл алган соңку олуттуу чечимдердин бири – бул уюмга кирген бир тууган мамлекеттердин калктарынын орток алфавити менен байланыштуу болмокчу.

2024-жылдын 9–11-сентябрында Түрк мамлекеттер уюмунун “Түрк дүйнөсүнүн орток алфавит комиссиясы” (түркчө: “Türk Dünyası Ortak Alfabe Komisyonu”) деп аталган атайын комиссия Азербайжандын борбору Бакуда өткөн Үчүнчү отурумунда латын арибине негизделген 34 тамгадан турган орток алфавитти кабыл алуу тууралуу талкуулап, тийешелүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу 11-сентябрда ар кыл медиа каражаттары, анын ичинде түркиялык “Хүррийет” басылмасы ж.б. шардана кылышты.

Маалым болгондой, комиссиядагы талкууда латын алфавитинин негизиндеги бирдиктүү алфавиттин долбоору өзгөчө кылдат иликтенген.

Бакы шаарындагы отурумда сунушталган тамгалар, чын чынында, 1991-жылдан бери эле ар кыл илимпоздордун сунуштарында айтылып келген. Бирок аларды орток кабыл алуу үчүн саясий эрк жетиштүү болгон эмес.

Азыр дагы бул алфавиттик комиссиянын чечими Түрк мамлекеттеринин уюмунун мамлекет башчыларынын биргелешкен тастыктоосуна муктаж.

Бул тастыктоо иши уюмга мүчө болгон ар өлкөдөгү адистердин дагы бир жолку таразасын талап кылышы ыктымал. Маселен, казак түркологу, профессор Ерден Кажыбек казакча ұ тыбышы латынча u тамгасы менен эле белгилениши керектигин, ŭ тыбышы жаңылыш сунушталгандыгын “Фейсбукта” жазып чыкты.

Түркиялык салт да эске алынды

Албетте, бул орток латын алфвитинде 85 миллиондуу калкы бар Түркия (Türkiye) жумуриятынын айрым тыбыштарды латын арибинде чагылдыруудагы 1928-жылдан берки тарыхый салты да эске алынды.

Маселен, түркиялыктар Ы тыбышы үчүн Iı тамгасын, ал эми Ж тыбышы үчүн Cc тамгасын колдонуп келишет.

Албетте, жалпы мунасага келүү үчүн түркиялыктар да өздөрү унутуп калган же колдонбой жүргөн тыбыштар үчүн бир катар тамгаларды орток алфавитке киргизүүгө макул болушту. Алардын бири – Ң тыбышы үчүн Ññ тамгасын, каткалаң К тыбышы үчүн Qq тамгасын киргизүүгө байланыштуу. Анатолиянын элет жеринде айрым диалекттерде бул тыбыштар азыр дагы учурайт, бирок негедир Мустафа Кемал Ататүрктүн доорунда жүргүзүлгөн реформа учурунда 29 гана тамга кабыл алынып, бул эки тамга жана башка айрым тамгалар кабыл алынбай калган.

Кыргызча варианттар да бар

Бир катар кыргыз илимпоздору Ж тыбышы үчүн Cc эмес, Jj тамгасын, Ы тыбышы үчүн Iı эмес, Yy тамгасын, айрымдары болсо Й тыбышы үчүн Yy эмес, Jj тамгасын сунуштаган макалаларын да жазышкан.

Арийне, жалпы эле түрк тилдүү калктардын орток алфавиттик сересин калыптандыруу мүдөөсү үчүн кыргыз илимпоздору дагы мунасага барып жаткандыгы деле алгылыктуу иш.

Бул орток тамгалык тизим бардык эгемен түрк өлкөлөрүндө жана башка түрк этносторунда интернеттеги жана ар кыл басылмалардагы тексттердин окшош тыбыштарын бирдей тамгалар менен окуу мүмкүнчүлүгүн жаратат.

Албетте, айрым түрк тилдеринде кээ бир тыбыштар болбошу мүмкүн, бирок алардын да вариант катары алфавитте сакталышы тектеш тилдердеги тексттерди ар бир түрк өлкөсүнүн басмасында эркин терүү мүмкүнчүлүгүн сунуштайт.

Кыргыз ССРинин туңгуч герби. 23.03.1937.
Кыргыз ССРинин туңгуч гербиндеги кыргызча текст латын арибинде жазылган. Анда “Бүткүл дүйнө пролетарлары, бириккиле!” деген марксисттик ураан камтылган. Орусча текст кирил жазмасында жазылган. 23.03.1937.

Кыргыз тили үчүн дагы каткалаң К жана каткалаң Г тыбыштарынын айрыкча тамгалар болуп киргизилиши бул тилди оңой жана сабаттуу өздөштүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратат.

Маселен, эми айырмалуу тамгалар аркылуу Qant шаар аталышын Kant деген ойчулдун ысымынан жеңил айырмалай алабыз.

Qırğız этностук аталышын kirgiz деген буйрук этиш менен да чаташтырууга болбойт.

Qarğa сөзү менен kargo сөзү, cañı сөзү менен canı сөзү чаташтырылбай калат.

Кыргыз латын алфавитинде ä жана w сыяктуу тыбыштардын да кошумча кампада жайгаштырылып турушу айрым чет элдик сөздөрдү так берүү үчүн дагы, кээ бир диаалекттик (маселен, ичкилик диалектине таандык) кыргызча сөздөрдүн дагы таасын белгилениши үчүн дагы ургалдуу.

Маселен, ичкилик диалектиндеги “мәкә” (“жүгөрү”) сөзүн mäkä деп латынча оңой-олтоң чагылдырууга болот, аны Меке сөзү менен эч чаташтыра албайсыз.

Демек, Бакыда 2024-жылы 11-сентябрда жаңы күч менен сунушталган орток латын алфавитиндеги 34 тамга бардык түрк тилдеринде кездешүүчү тийешелүү ар кандай тыбыштарды ийкемдүү чагылдыра алат.

Латын арибиндеги кыргыз алфавитинин Бахтияр Шаршеев сунуштаган варианты.
Латын арибиндеги кыргыз алфавитинин Бахтияр Шаршеев сунуш кылган варианты.. 2019.

Кыргызстанда саясий эрк жетиштүү деп үмүттөнөбүз

Айтмакчы, ушул тапта Түрк мамлекеттеринин уюмунун мүчөлөрүнүн ичинен Түркия, Азербайжан жана Өзбекстан латын алфавитин колдонуп келет. Казакстан болсо келээрки жылы латын алфавитине өтө баштоого беленденүүдө.

Кыргыздын латын алфавити 1928–1940-жылдары мурдагы советтик Кыргызстанда расмий жазма катары колдонулгандыгы, ошол доордо мектептерде, атайын орто жана жогорку окуу жайларда таалим алган кыргыздар латын арибинде таалим алып, чыгармалар да жарыялашкандыгы маалым.

Тыныбектин “Манасы”. Берлин, 1943.
"Манас" эпосунун Тыныбек Жапый уулунун айтуусундагы вариантынын үзүндүсү 1943-жылы Берлинде Сатар Алманбетов тарабынан латын арибинде жарык көргөн.

Орто жолдо кыргызча латын алфавитин колдонбой калган муундар да өмүр кечиришти. Ошолордун ичинен далайлары 1950-жылдардан тартып мектептерде немис, англис, француз сыяктуу чет тилдерин бери дегенде башаттык деңгээлде үйрөнүүнүн алкагында латын тамгаларын өздөштүрүп келишкендиги да – тарых чындыгы.

1991-жылдын соңунда “Кыргыз туусу” (мурдагы “Советтик Кыргызстан”) гезитине чакан кыргызча текстти кирил жана латын ариптеринде өрнөк катары жанаша жарыялаган учурларыбыз да эсте (ал кездеги коммунисттик башкы гезиттин редактору Тилектеш Ишемкулов агайыбыз бул аракетибизге дилгирдик менен колдоо көрсөткөнүнө азыр дагы ыраазычылык менен тен берем).

Кыргызстан үчүн биз кыргызча латын алфавитин эмитеден эле кирил жана арап кыргыз алфавиттерине удаа колдоно берүү сунушун 2016–2017-жылдары айткан жана жазган элек. Бул сунушту Кыргызстандын президентине караштуу Улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүү боюнча кеңеш деп аталган коомдук жыйында дагы 2016-жылы 29-январда айтып чыкканбыз, бирок ал кездеги президент А.Атамбаев сунушубузду дароо четке каккан. Албетте, анын бул туруму ал кездеги расмий Кремлге ыктоосунун айынан жаралгандыгын жакшы аңдайбыз.

Айтмакчы, кээ бир кыргызча макалаларыбыз Түркияда латын арибинде терилип, жарык көргөн. (Маселен, караңыз: Çorotegin, T. Mahmud Kaşgarinin “Divanının” Orto Kılımdarda Cana Caňi Doordo Maalim Boluşu Tuuraluu // Dil Dergisi, Sayı 27, Ankara (1995). – S. 33–37.)

Бахтияр Шаршеев. Түркия. 05.2.2021.
Блогер Бахтияр Шаршеев. Адана шаары, Түркия. 05.2.2021.

Ал эми кыргызча латын арибинин өздөрү иштеп чыккан варианттарын интернет айдыңында жайылтууда Түркияда байырлап жаткан Бахтияр Шаршеев инибиз жана профессор Гүлзура Жумакунова эжекебиз опол тоодой салым кошуп келишет.

Алардын ырааттуу мээнети тууралуу жалпы коомчулукка шардана кыла бермекчибиз.

Азыркы тапта кыргыз жаранынын паспорту жана ID (Ай-Ди) күбөлүгү, ошондой эле автоунаалардын номурлары, айрым жер-суу аталыштары латын алфавитинде да ырааттуу жазылып келишет.

Маселен, жеке күбөлүктү (ID) толтурууда төмөнкүдөй эреже да камтылган:

“6. Киргизилүүчү маалыматтар төмөнкүдөй басылат: <…> документтин номуру – латын алфавитинин тамгаларын жана араб цифраларын пайдалануу менен...”

(Булак: Идентификациялык карта – Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө жобо. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 197 токтому).

Демек, расмий түрдө тастыктала элек болсо да, кыргыздын латын алфавити жекече демилгелер жана эл аралык талаптар аркылуу буга чейин деле өмүр сүрүп келгенин жана азыр да расмий, дипломатиялык документтерде жана туризм өнөр жайында арбын колдонулуп жатканын баса белгилөө абзел.

Ал эми Кытайдагы өзүнүн бир кылымдык мааракесин белгилеп жаткан Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунда арап алфавитине негизделген кыргыз жазмасы кееңири колдонулуп келет жана андагы кыргыздар ханзу (иероглиф) жазмасын жана латын алфвитин дагы мыкты өздөштүрүшкөн.

Албетте, алатоолуктар болочокто деле орус тилин үйрөнүү аркылуу кирил жазмасын деле оңой өздөштүрө беришет.

Латын алфавитине арналган шерине. КУУ, Бишкек. 10.9.2019.
Латын алфавитинин профессор Г.Жумакунова сунуштаган кыргызча жаңы вариантына арналган илимий шерине. Ж.Баласагын атындагы КУУ, Бишкек. 10.9.2019.

Кирил жазмасындагы басылмалардын тагдырына келсек, санарип доорунда аларды латын кыргыз алфавитине бир көз ирмемде которуп алууга болот жана айдыңдар аларды четинен которуп келишүүдө. Караңыз: www.qyrgyz.com

Ишенимимде, азыркы Кыргыз Өкмөтү прагматикалык ой калчоо аркылуу латын алфавитинин бул орток вариантын кабыл алууга жана кирил жазмасына атаандаш катары кеңири пайдалана баштоого уруксат берсе, өзгөчө алгылыктуу заманбап кадам болмок.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

XS
SM
MD
LG