Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:50

"Карылар үйүнө бомба түштү". Орусиянын Сумыга чабуулу


Сумыдагы карылар үйүндө жабыркаган аял.
Сумыдагы карылар үйүндө жабыркаган аял.

Сумыда карылар үйүнө сокку урулуп, адам өмүрү кыйылды. Ал тапта Киев жана Москва 19-сентябрга карата фронттогу жана Орусиянын Курск облусундагы абал боюнча эки башка маалымат берип жатат.

Украинанын Сумы шаарынан тартылган кадрларда куткаруучулар кыйраган карылар үйүнөн бейтаптарды алып чыгып жатканын көрүүгө болот.

Бейшемби күнү орус армиясынын чабуулунан Украинанын Сумы шаарындагы улгайган адамдар дарылануучу пансионат зыян тартты.

Сумыдагы карылар үйү. Украина.
Сумыдагы карылар үйү. Украина.

Соңку маалыматтарга караганда, бир киши каза болуп, 13ү жараат алды. Алардын айрымдарынын абалы оор экени кабарланды. Жараат алгандардын дээрлик бардыгы улгайган адамдар. Аталган жайда 200дөй киши туруктуу жашап келген.

Облустук аскердик администрациянын белгилешинче, орус армиясы пансионатты башкарылуучу авиациялык бомба менен атайын бутага алган.

Кordon.media YouTube каналына Сумыдагы карылар үйүнүн тургундары окуя тууралуу айтып беришти:

"Керебетте отурган элем. Менин тушумдагы балкон тараптан жарылуу болду. Ошол замат айнектин сыныктары мага чачырады. Жердин баары айнек болду", - деди аялдардын бири.

"Мен үчүнчү кабатта, телевизор орнотулган фойеде отургам. Мына ошол маалда башка тараптан төртүнчү кабатка бомба түшкөн экен. А мен үчүнчү кабатта элем. Жогору жактан үн угулуп, дубалдын шыбагы күбүлүп түштү", - деди дагы бир тургун.

Карылар үйүнүн ички көрүнүшү.
Карылар үйүнүн ички көрүнүшү.

Ушул тапта Сумыда алты миңдей адам жашаган 23 конуш милдеттүү түрдө эвакуацияланганы жарыяланды. Бир күн мурун энергетикалык объектиге жасалган соккудан кийин шаар дээрлик толугу менен жарыксыз калган. Буга чейин облустагы балдар үйү жана реабилитациялык борбор ракеталык чабуулга кабылган.

Орусиянын Коргоо министрлиги бул чабуул тууралуу комментарий бере элек.

Сумы облусу украин армиясы 6-августта кирип барган Орусиянын Курск облусу менен чектешет. Владимир Зеленский Украинада Орусиянын жерин ээлеп алуу ниети жоктугун, бирок сүйлөшүүлөрдө туткун айырбаштоо үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүк алууга жол ачыларын айткан.

Ал тапта Киев жана Москва фронттогу жана Орусиянын Курск облусундагы абал боюнча эки башка маалымат берип жатышат. Орусия өз аймагын украин аскерлеринен тазалоодо алдыга жылганын айтса, Украина болсо орусиялыктардын контрчабуулуна бөгөт коюлганын кабарлоодо.

Украинанын президенти Владимир Зеленский.
Украинанын президенти Владимир Зеленский.

"Курск аймагындагы операция тууралуу айта турган болсок, биз 40 миңге жакын орус аскерлерин башка жакка бура алдык. Украина үчүн аракеттер көрүлүп жатат", - деди Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Мунун алдында Курскиде украиндер ачкан аскердик комендатуранын өкүлү Алексей Дмитрашковский Орусиянын "фланг маневру" токтотулганын билдирген.

Бир күн мурда Орусиянын Коргоо министрлигинин Башкы аскердик-саясий башкармалыгынын башчысынын орун басары, чеченстандык "Ахмат" атайын бөлүгүнүн командири Апти Алаудинов өзүнүн Телеграм-каналына орус аскерлери Курск облусундагы эки айылды бошотконун жарыялаган.

"Кечээ биздин орус аскерлери Николо-Дарьиного кирип, аны толугу менен тазалап, көзөмөлгө алды. Бүгүн биз Дарьинону көзөмөлгө алдык. Биздин бүт фронтубуз алдыга жылды".

20-сентябрда The Guardian орусиялык аскерлер Курскиге жакын жерде Украинанын чабуулунан кабардар болушканын жазды. Басылма жарыялаган макалада орусиялык аскерлер Украинанын Курск аймагына чабуулу боло электе бир нече ай бою даярданганын документтерде көрсөтүлгөнү айтылган.

Документтер Орусиянын Ички иштер министрлигине, ФСБга жана армияга таандык экени маалымдалды.

The Guardian бул кагаздарды украин аскерлеринен алганын жана алардын аныктыгын өз алдынча тастыктай албасын белгилейт.

Украин армиясынын чабуулу август айында башталып, аскерлер Суджа бир жуманын ичинде басып киришкен. Суджа чек арадан 9 чакырым алыстыкта жайгашкан. Согушка чейин 5 миңдей калкы бар шаар чабуул башталгандан бери украин аскерлери басып алган эң ири калктуу конуш болуп калды.

Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Курск аймагындагы чабуулунун биринчи этабы ийгиликтүү аяктагандан кийин, көптөгөн батыш жана орус булактары украин армиясы орусиялык армияны күтүүсүздөн басып алууга жетишти деп болжошкон.

Операция жогорку деңгээлдеги купуялуулукта даярдалып жатканы маалымдалган.

"Украин аскерлери кирип келгенде нес болдук"
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:12 0:00

Орусия бийлиги 2022-жылы февралда Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачкандан бери шаар-кыштактарынын мектеп, бала бакча, оорукана, таза суу жана энергетика тармагы сыяктуу жарандык инфраструктурасын талкалап, адамдарын өлтүрүп жатканы тууралуу айыптоолорду четке кагып келүүдө.

Украин бийлиги жана эл аралык уюмдар Орусиянын куралдын көптөгөн түрү менен жасалып жаткан соккуларын атайын чабуул катары баалоодо.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG