Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:08

Курск: Путиндин жообу кандай болот?


Суджа, Курск облусу, Орусия. 16-август, 2024-жыл.
Суджа, Курск облусу, Орусия. 16-август, 2024-жыл.

Владимир Путин Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Курск аймагына басып киришине жооп кайтарары айтылды. Ошол эле учурда адистер орус президенти Курск салгылашуусу үчүн жергиликтүү аткаминерлерди жоопко тартарын сөз кыла башташты. 24-августта Украина Эгемендик майрамын белгилөөдө. Бул күнү Орусия тараптан аскердик соккулар күчөшү мүмкүн деген кооптонуулар болууда.

"Киев катуу жазага тартылат"

Орус жетекчилиги Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Курск аймагындагы чабуулуна жооп кайтарып, Киевди катуу жазага тартууну чечти. Бул тууралуу бейшемби күнү кечинде Орусиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов журналисттерге берген маегинде билдирди.

"Президент Владимир Путин Курск облусунда болгон окуя үчүн бардык тараптарды катуу жазага тартарына толук ишенем", - деди орус элчиси.

22-августта Владимир Путин чек ара аймактарынын башчылары менен болгон жолугушууда Курск, Брянск жана Белгород облустарын Украинанын куралдуу күчтөрүнүн чабуулдарына каршы кантип даярдап жатканын укту. Облус губернаторлордун айтымында, чек арага жакын айылдардын тургундары дээрлик толук көчүрүлүп, турак жай менен камсыз болгон.

"Биринчи кезекте азыр адамдарга жардам берүү керек", - деп жыйынтыктады сөзүн Путин бул жолугушууда.

"Медуза" басылмасы өз булактарына таянып жазгандай, Курск аймагын коргоо үчүн Кремль аскерге чакырылган жоокерлерди көбүрөөк тартууну пландап жатат. Bloomberg Курск аймагындагы украин күчтөрү көзөмөлдөгөн аймактарды кайтарып алуу үчүн Орусияга 40 миңден 50 миңге чейин аскер керектигин жазды. Ал арада Курск аймагындагы жергиликтүү бийликтер Украинанын куралдуу күчтөрүнүн жаңы айылдарга жана шаарларга келишине даярдык көрүүдө. Курск облусунун башчысынын кеңешчиси Роман Алехин өзүнүн Телеграмдагы баракчасында Рыльск шаарынын тургундарын эвакуациялоого чакырды:

"Суджа, Коренево, Глушково сыяктуу акыркы мүнөткө чейин күтпөгүлө. Убагында үйүңөрдөн чыгып кетпесеңер, силерди сактоо үчүн аракет кылган башка адамдардын да өмүрүнө залака тийгизесиңер. Ал адамдардын да үй-бүлөлөрү бар. Бул менин губернатордун кеңешчиси катары эмес, жердешиңер, бул согушту башынан көргөн адам катары оюм".

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, Курск облусунун сегиз районунда эвакуациялоо иштери жүрүп жатат. 10 күндөй мурда эле 133 миңден ашуун адам башка жакка көчүрүлгөнү айтылган.

Ошол эле кезде Украинанын Куралдуу күчтөрү көзөмөлдөгөн аймактарда 20 миңге жакын тургун өз үйлөрүндө баш калкалоодо. Украин аскерлери социалдык тармактарга жергиликтүү тургундарга кам көрүлүп жатканы тартылган видеолорду утур-утур бөлүшүп жатат.

"Биз туткун алмашуу фондун дагы толуктадык"

Ал тапта Украина Орусиянын чек аралаш Курск облусунда операция баштагандан бери ага чектеш Сумы облусунда орус тараптан аткылоо да, жайкын тургундар арасында жоготуулар да азайганын Владимир Зеленский билдирди. Ал Сумы облусуна барып, абал менен жеринен таанышканын, Куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы Александр Сырский жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жыйын өткөргөнүн айтты.

Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

"Курск облусунун аймагындагы дагы бир калктуу пункт украиндердин көзөмөлүндө. Биз туткун алмашуу фондун дагы толуктадык. Чек ара аймагында аскерлер, полиция жана өзгөчө кырдаалдар мекемесинин ортосундагы координация, атап айтканда, Курск облусунун белгиленген аймактарына гуманитардык колонна уюштуруу маселелерине көңүл бурулду", - деди ал.

Украин аскерлери Курск аймагына 6-августта кирип барышкан. Бул операциясын украин бийлиги Орусиянын чабуулдарынан коргонуш үчүн буфердик зона түзүү аракети деп атоодо.

Орусия Курск жана Белгород облустарында федералдык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал жарыялаган. Бир нече жараны каза тапканын, 200 миңдейи эвакуация болгонун кабарлаган.

Украин президенти Зеленский 13-августтагы кайрылуусунда Курск облусунда жүздөгөн орусиялык аскерлер туткунга түшкөнүн билдирген. Москва бул тууралуу комментарий берген эмес.

Согуш шартында тараптардын билдирүүлөрүн өз алдынча тактоо мүмкүн болбой турат.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG