Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:49

Интерактивдүү карта: Курск аймагында эмне болуп жатат?


6-августта украин армиясы Орусия менен чектеш Сумы облусундагы чек арадан өтүп, Курс облусунун Сужанск районунун басымдуу бөлүгүн ээлеп алган.

Кийинки апталарда украин аскерлери Орусиянын бул аймагында бир топ сезилерлик илгерилеген. Алтургай Москва украин жоокерлери ондогон калктуу пунктту ээлеп алып, жүздөгөн чарчы чакырым аймакка көзөмөлдүк кыла баштаганын мойнуна алган.

Экинчи дүйнөлүк согуштан бери Орусиянын жергесине сырттан мынчалык күч кирип барган эмес. Киев орус армиясынын артиллериясын артка сүрүп, фронтту камсыздоо жолун бузуп, Украинанын чыгышындагы Донецк аймагындагы орус күчтөрүн алдыңкы линиядан алыстатууну көздөгөн. Соңку айларда Москва бул аймакта жигердүү түрдө бир топ ийгиликке жетишкен.

Ал ортодо Курск облусунда орус аскерлери украин армиясынын көзөмөлүндөгү аймактын бир бөлүгүн кайтарып алганы кабарланды.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосу Курск аймагында кармаштар уланып жатканда Twitter жана Telegram сыяктуу ачык булактардан алынган, такталган маалыматтарды колдонуп түзүлгөн интерактивдүү картанын жардамы менен кырдаалды көрсөтүп берет.

Картадан украин армиясы капыстан кирип келгенде эмне болгону, Сейм дарыясындагы үч көпүрөнүн кыйраганы, согуштан качкан карапайым орусиялыктардын жапырт чыгып кетип жатканын көрсө болот.

Киевдин операциясы уланып жатканда согуш талаасында эмне болуп жатканын, карапайым элди эвакуациялоону, инфраструктураны жана башка орчундуу окуяларды билүү үчүн картанын бетиндеги топчуну басыңыз.

Карта украин армиясы көзөмөлдүк кылган аймактагы соңку өзгөрүүлөрдү көрсөтүп, күн сайын жаңыланып турат.

XS
SM
MD
LG