Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:05

"Эне-бала кучакташкан бойдон кетти". Львовго абадан сокку урулду


Львовдо аба чабуулдан үч бала мүрт кетти
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:17 0:00

Львовдо аба чабуулдан үч бала мүрт кетти

Таңкы саат беш жарым. Львовдо катуу жардыруунун үнү чыгып, жер бир силкингендей болуп, асманга кара коюу түтүн көтөрүлдү. Ракеталык сокку калаа борборундагы темир жол вокзалынын жанына урулган. Ондогон үйлөрдө өрт тутанып, терезелери күбүлүп түшкөн.

"Биз биринчи кабатта жашайбыз. Толугу менен талкаланды, батиримдин жарымы жок. Күйөөм жараат алды. Ал ооруканада. Балам экөөбүз аман калдык. Жардамга келгендерге ыраазымын. Бул эң башкысы", - дейт жабыркагандардын бири, "Укринформ" агенттигинин башкы редактору
Ольга Гробот.

Жетиден кем эмес киши өлгөнү маалым болду. Арасында тогуз, 14 жаштагы эки кыз жана бир бала бар. Калаа мэри Андрей Садовыйдын айтымында, 40тан ашуун адам жараат алган.

"Өзүңөр деле көрсөңөр керек... эне менен бала кучакташкан бойдон кетишиптир. Бул абдан кайгылуу", - деген мэр бир медициналык мекеме талкаланып, эки мектептин терезелери күбүлүп калганын кошумчалады. Мындан улам ал окуу жайларда сабактар убактылуу токтотулду.

Орус армиясынын соккусунан жабыркаган көп кабаттуу үй. 4-сентябрь, 2024-жыл. Львов.
Орус армиясынын соккусунан жабыркаган көп кабаттуу үй. 4-сентябрь, 2024-жыл. Львов.

4-сентябрдын таңында Украинанын бардык облустарында сирена (айгай белги) жаңырды. Мындан улам коңшу Польшанын бийлиги абага аскердик учактарын көтөрүүгө аргасыз болду.

Ушул эле сааттарда Украинанын Кривой Рог шаарына жасалган соккудан беш киши жабыркады. Алардын арасында он жаштагы секелек бар. Он чакты көп кабаттуу үй, дарыкана, дүкөн, окуу жайдын имараты, бир нече автоунаа жабыркады.

Украинанын Аба күчтөрү билдиргендей, өлкө аймагында 20 "Шахед" дрону жана канаттуу жети ракета атып түшүрүлгөн.

Орус армиясынын соккусунан жабыркаган Львов шаарынын тургундарын сооротуп жаткан куткаруучулар. 4-сентябрь, 2024-жыл.
Орус армиясынын соккусунан жабыркаган Львов шаарынын тургундарын сооротуп жаткан куткаруучулар. 4-сентябрь, 2024-жыл.

Захарова: "Жооп абдан катуу болот"

Орусиянын Коргоо министрлиги бир гана аскердик жайлар бутага алынганын ырастоодо. Ал эми Ички иштер министрлиги соңку күндөрү Киевдин агрессиясына жооп болуп жатканын билдирди. Мекеменин маалымат катчысы Мария Захарова эгер Киев узак аралыктагы ракеталарды колдонсо, жооп токтоосуз болорун эскертти.

"Менимче, көбүңөр акыркы күндөрү байкап жаткандай, жооп абдан катуу болот", - деди Захарова.

Соңку күндөрү демекчи, 3-сентябрда орус армиясынын Полтава шаарына жасаган аба чабуулунан набыт болгондордун саны 50дөн ашты. 200дөн көп киши жараат алды. Полтава облусунда үч күндүк аза күтүү жарыяланган. Көптөгөн фото жана видео далилдерге карабастан, Орусиянын бийлиги Украинадагы жарандык жайларды бутага алганын четке кагып, бир гана аскердик объектилерге сокку урарын билдирип келет. Бул жолу да кремлчил Телеграм-каналдар Полтавадагы украин армиясына адистерди даярдаган окуу жай аткыланганын жазышты.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Мария Захарова.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Мария Захарова.

Орусиялык аскердик эксперт Юрий Федоровдун айтымында, Путин бир гана ушундай жол менен өч ала алат.

"Курск облусундагы Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн операциясы үчүн Путинге өч алуунун башка жолу жок. Бул операция аскердик командачылыктын жана орус бюрократиясынын алдында Путиндин аброюн түшүрбөй коймок эмес. Орус коомунун пикири бул боюнча өзгөрдү деп айта албайм. Өзгөрбөсө деле керек. Анткени орус коому өз көйгөйү менен алек. Бирок бюрократия менен аскердик командачылыктын арасында Путиндин башкаруусу, согушту жетектеши тууралуу суроолор пайда болууда", - деди эксперт "Настоящее время" телеканалына курган маегинде.

Курскидеги украин армиясынын аскердик операциясы тууралуу бул жерден көрүңүз:

Зеленский: "Террорду токтотуш керек"

АКШнын президенти Жо Байден Полтавага жасалган соккуну "Путиндин украин элинин эркин сындыруу аракети" деп атады.

Украинанын президенти Владимир Путин орус армиясынын соккуларын комментарийлеп жатып, "террорду токтотуу керектигин" билдирди.

Ал ошондой эле Полтавадагы Байланыш институтуна жасалган соккуну иликтөө иштери башталганын билдирди.

Анткени жардыруудан көп өтпөй окуу жайдын көп сандаган курсанттары бүтүрүү аземине топтолуп турганда орус армиясынын чабуулуна дуушар болгону тууралуу сын-пикирлер чыккан.

Бул 2022-жылдын май айынан берки адам өмүрүн эң көп алган чабуул болгону кабарланууда. Анда Зеленскийдин билдиришинче, Чернигов облусунун түндүгүндөгү аскердик борбордо 87 кишинин өмүрү кыйылган.

Украиналык аскердик аналитик жана Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын мурдагы маалымат катчысы Владислав Селезневдун пикиринче, Кремль күнөөлүү болсо да, Киев дагы жоопкерчилигин так билиши керек.

Зеленский Украинанын өнөктөштөрүн абадан коргонуучу системаларды жана узак аралыкка сокку ура алгыдай ракеталарды жеткирүүгө дагы бир ирет чакырып, "кечигип жаткан ар бир күн, тилекке каршы, дагы көп адамдын өлүмү менен коштолот" деди.

XS
SM
MD
LG