Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:41

Орусиянын Курскидеги контрчабуулу


Конотоп шаары чабуулдан кийин.
Конотоп шаары чабуулдан кийин.

Орус армиясы Украинанын Сумы облусунун Конотоп шаарына чабуул жасады. Андан 10дон ашык адам жараат алып, айрым аймактар электр жарыгысыз калганы кабарланды. Ал арада Орусиянын Курскидеги контрчабуулу боюнча маалымат жарыяланды.

Орус армиясы Украинанын Сумы облусунун Конотоп шаарына чабуул жасады. Андан 10дон ашык адам жараат алып, айрым аймактар электр жарыгысыз калганы кабарланды. Ал арада Орусиянын Курскидеги контрчабуулу боюнча маалымат жарыяланды.

Конотоп шаарынын мэринин маалыматында, 12-сентябрга караган түнү "Шахед" дрондору жай тургундар жашаган үйлөргө тийип, кеминде 14 адам жараат алган. Конотоп шаарынын мэри Артём Семенихин учурда ооруканада жана башка социалдык маанидеги мамлекеттик мекемелерде электр жарыгын тез арада калыбына келтирүү аракети көрүлүп жатканын кабарлады.

"Душман шаардын борборуна, турак жай имараттарына сокку урду. Акмактар! Биз жергиликтүү тургундарды коопсуз жайларга жайгаштыра алдык деп ишенем. Мен азыр имараттар турган жерлерди так көрсөтө албайм. Баары менин көз алдымда күйүп атат. Жабырлануучулар, жарадар болгондор бар, бирок жоготуулар жок деп үмүттөнүп жатам".

Мэрдин айтымында, орус аскерлери шаардын борборун, турак жайларды аткылаган. Украиналык күчтөрдүн Башкы штабы ушул эле күнү орус армиясы Угледар багытында үч жолу чабуул койгонун билдирди. Бул шаарды орус аскерлери өткөн кыштан тарта басып алууга аракет кылып келет. Кырдаалга көз салган орусиялык блогерлер орус аскерлери түштүктөгү Павловка жана түндүк-батыштагы Водяное айылдары тараптан жакындап келе жатканын айтылууда.

Соңку апталарда орус армиясынын активдүү чабуулуна кабылган Украинанын Донецк облусундагы Покровск шаары борбордук суу түтүгүсүз калганын жергиликтүү бийлик кабарларды.

Маалыматка караганда, 12-сентябрдын таңында Орусиянын аткылоосунан улам Покровск менен кошуна Мирноград шаарын байланыштырган көпүрө талкаланган. Көпүрөнүн азыркы абалы тууралуу видеолор социалдык тармактарда тарап жатат.

Орусиянын Коргоо министрлиги бейшемби күнү орус аскерлеринин Курск аймагындагы контрчабуулдары тууралуу маалыматты расмий тастыктады. Орус аскердик департаментинин 12-сентябрда түштөн кийин жарыяланган билдирүүсүндө “эки күндүн ичинде 10 калктуу конуш бошотулганы”, анын ичинде Снагост айылы да айтылган.

Орус аскерлеринин контрчабуулу 10-сентябрда башталган. Колдо болгон маалыматтарга караганда, алар бир нече чакырым алдыга жыла алышкан.

"Түндүк" дивизияларынын операцияларында эки түн ичинде 10 калктуу пункт: Апанасовка, Бяхово, Вишневка, Викторовка, Взапное, Гордеевка, Краснооктябрьское, Обуховка, Снагость бошотулган", - деп айтылат расмий маалыматта.

11-сентябрда орусиялык аскерлер Курск облусунда контрчабуулга өтүп, украин армиясы буга чейин көзөмөлгө алган бир нече айылды кайтарып алууга жетишкени кабарланган. Бул тууралуу украиналык DeepState талдоо долбоору, аскердик талдоочу Роб Ли жана орусиялык бийликчил блогерлер жазган.

DeepState долбоорунун 11-сентябрдагы маалыматында Курск облусунун бир бөлүгүн көзөмөлдөгөн украин армиясынын батыш флангындагы абалы начарлаганы айтылат.

АКШда жайгашкан Согушту изилдөө институту (ISW) Курск облусунда орус күчтөрүнүн соңку эки күндөн бери жүргүзүп жаткан контрчабуулу боюнча баяндамасын жарыялады.

"Орус аскерлери Коренево кыштагынын чет жакасындагы Журавли деген калктуу пункттун чыгышындагы айрым позицияларды өз көзөмөлүнө кайтарып алышты. Бир күн мурда алар Снагость кыштагынын түндүк тарабында алдыга жылышкан", - деп айтылат баяндамада.

Институттун талдоочуларынын билдиришинче, Орусия Курск аймагындагы украин аскерлерин бөгөттөп, андан кийин жакшыраак уюшулган чабуулун баштап, аларды толук сүрүп чыгарууга камынып жаткан болушу мүмкүн.


Украинанын куралдуу күчтөрү Курск облусундагы контрчабуул тууралуу маалыматты азырынча расмий комментарийлеген жок. Салгылашуулар жүрүп жаткан шартта майдандагы окуялардын өнүгүшүн ыкчам текшерүү дээрлик мүмкүн эмес.

6-августта Украинанын армиясы Орусиянын Курск облусунун аймагында операция баштаган. Киев анын башкы максаты өз өлкөсүн орус чабуулдарынан коргоо үчүн “буфердик зона” түзүү экенин белгилеген.

Орусия айрым райондорун украиндер ээлеп алганын, бир нече жараны каза тапканын тастыктап, ал жакта өзгөчө кырдаал режими жарыялаган, жергиликтүү тургундарын эвакуациялаган.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG