Мунун алдында АКШнын ортомчулугу менен түзүлгөн атышпоо боюнча макулдашуу үзгүлтүккө учураган жана ушундан улам чырдашкан тараптар бири-бирин айыптаган.
Баку менен Еревандын Карабак үчүн кармашы 27-сентябрда башталган.
Шейшембиде Тоолуу Карабакта согуштук аракеттер кайра жанданганы, айрыкча Иран менен чектешкен жерде айыгышкан кагылышуу болгону кабарланды.
Тоолуу Карабактын борбору Степанакерттин тургуну, учурда башка жакта баш калкалап жаткан Анна Осипян буларды айтты:
«Буга чейинки согуш мындай болгон эмес. Биз анда жертөлөдө тынчыраак эле жашаганбыз. Ал кезде мен шаардан кеткен эмесмин. Кызым менен уулумду гана башка жакка жөнөткөм. Степанакертте бомбалоо токтой элек. Биз бул жакка 29-сентябрда эле келгенбиз. Ушул тушта неберем Жабраилде, уулум болсо башка жерде согушуп жатат, биз аларды күтүп жатабыз. Бул биз көргөн үчүнчү согуш. Көнүп деле калдык».
Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Аббас Аракчи шейшембиде Азербайжан менен чектешкен аймакка барып, тирешкен эки тарапты Ирандын аймактык коопсуздугуна шек келтирүүдөн оолак болууга чакырды.
28-октябрда Аракчинин бир катар өлкөлөргө, анын ичинде Азербайжанга, Арменияга, Түркияга жана Орусияга сапары башталат.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Азербайжан менен Арменияны жаңжалды дипломатиялык жол аркылуу жөнгө салууга, ок атышууну токтотуу тууралуу 26-октябрдагы макулдашуунун шарттарын сактоого чакырды. Помпео эки өлкөнүн лидерлери менен өз-өзүнчө телефондон сүйлөшкөн.
Орусиянын президенти Владимир Путин 27-октябрда түрк кызматташы Режеп Тайып Эрдоган менен телефондон сүйлөштү. Кремль тараткан билдирүүгө ылайык, анда Путин Азербайжандын жана Армениянын лидерлери менен байланышканын жана «атышууну тез арада токтотуу жана жаңжалды курчутпоо аракеттери» тууралуу айткан.
Бул Карабакта 27-сентябрда куралдуу кагылыш башталгандан берки Путин менен Эрдогандын экинчи сүйлөшүүсү болуп калды. Чатакта Түркия Азербайжанды ар тараптан ачык колдоп келет. Орусия болсо Армения менен бирге Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) мүчөсү. Ушундан улам Карабак кармашы аймактык деңгээлден чыгып, кеңири согушка айланышы ыктымал деп кооптонгон ойлор айтылган.
Орусия менен Түркиянын тышкы иштер министрлери Сергей Лавров менен Мевлүт Чавушоглу да Түштүк Кавказдагы куралдуу кармашты телефондон талкуулашты. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги анда Лавров чатак болуп жаткан аймактагы чет өлкөлүк жалданма аскерлер болбошу керек экенин айтканын билдирди.
Карабакта жаатташкан тараптар октябрь айынын ичинде эки жолу элдешүү келишимин түзүшкөн. Бирок анын шарттары сакталган эмес.
Азербайжан Армения Тоолуу Карабак менен анын жака-белиндеги жети райондон аскерлерин чыгарып кеткенден кийин гана атышууну токтоторун айткан. Ереван Бакунун мындай шартын четке каккан.
«Менин позициям элиме белгилүү. Бул маселе чечилиши керек. Же аскердик жол менен же тынчтык жол менен чечилиши керек. Эгер тынч жол менен чечилишин кааласаңар, бизди ок атууну токтотсун десеңер, анда Армения биздин жерибизден чыгып кетиши керек деп сунуш кылгам», - деген азери президенти Илхам Алиев.
Карабак үчүн азери-армян кармашы туура бир ай мурун кайра башталган. Ошондон бери кеминде миңдей адам окко учту.
Түштүк Кавказдагы бул эки өлкө 1990-жылдагы Тоолуу Карабак чатагынан бери касташып келет. Армения колдогон жикчилдер 1990-жылдардын башында Азербайжандын негизинен армян улутундагылар байырлаган бул аймагын ээлеп алган. Куралдуу кагылышта 30 миңдей кишинин өмүрү кыйылган.
1992-жылы тараптардын сүйлөшүүлөрүнө ортомчулук кылыш үчүн Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Минск тобу түзүлгөн. Бул топко Азербайжан, Армения, АКШ, Беларус, Германия, Италия, Швеция, Финляндия жана Түркия кирет.
Вашингтон, Париж жана Москва бул топко теңтөрагалык кылат. Аталган мамлекеттердин тышкы иштер министрлери Тоолуу Карабак маселесин талкуулаш үчүн 29-октябрда Женевада жолукканы жатат.