Бүгүн 9-апрелде Бишкек шаардык соту эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулованын бөгөт чарасын карап, камакта калтырган чечим чыгарды. Соттук отурумга Мамыркулова өзү дагы катышты. Адвокаттардын отурумду фотого, видеого тартуу өтүнүчү канааттандырылган жок.
Журналистти колдоп сот имаратына чогулган ондогон киши аны бошотууну соттон суранышкан. Тарапташтары "Канышайга эркиндик" деген футболкаларды кийип жүрүштү.
Ушул эле күнү Свердлов райондук соту журналистти кармоо учурундагы тергөөчүнүн жана ыкчам кызматкерлердин аракетин мыйзамсыз деп табуу өтүнүчүн карады. Бирок сотко Мамыркулова алынып келинген жок. Адвокат Акынбек Ногоев отурумду Мамыркулованын өзү жок өткөрүү мыйзамсыз экенин айтып, аны алып келүү өтүнүчүн келтирген, бирок судья процессти журналистсиз улантуу чечимин кабыл алган.
Прокурор Мамыркулованын жүйөлөрү өтүнүчтө толук келтирилгенин, андыктан отурумду ал жок эле өткөрө берсе болорун негиз кылган.
Соттун жыйынды арыз ээси жок уланта берүү чечиминен кийин жактоочулар сотко жана ишке катышып жаткан прокурорго ишенбөөчүлүк көрсөтүп, адвокаттар жана журналисттин тарапташтары сот залынан чыгып кетишкен.
Бишкек шаардык милиция кызматкерлери Мамыркулованы 20-мартта кармап кеткен. Свердлов райондук соту аны 19-майга чейин камакка алган. Жактоочулар соттун чечимине каршы шаардык сотко даттанышкан.
Шаардык милиция Мамыркуловага Фейсбуктагы баракчасына жазган билдирүүлөрүнө байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) жана 330-беренеси (“Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу”) менен айып койгон.
21-мартта өлкөдөгү укук коргоочулар, активисттер, журналисттер президент Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге, ички иштер министри Уланбек Ниязбековго ачык кайрылуу жолдошкон. Кайрылууда журналистти камакта кармоо Конституцияда кепилдик берилген сөз эркиндигине, адам укуктарына каршы келери айтылган.
Норвегиялык Хельсинки комитети менен Адам укугу боюнча эл аралык өнөктөштүк уюму (International Partnership for Human Rights - IPHR) кыргыз бийлигин Канышай Мамыркулованы бошотуп, ага козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырган.
49 жаштагы Канышай Мамыркулова Кыргызстанда эркин журналист жана жарандык активист катары белгилүү. Буга чейин “Алиби” гезитинде, “Сентябрь” телеканалында жана “Говори ТВ” басылмасында башкы редакторлук милдеттерди аркалаган. Акыркы жылдары Фейсбуктагы баракчасында бийликти сындаган билдирүүлөрдү жазып келген. (AiB/КЕ)
Шерине