Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:14

Мекенинде коркунуч тооруган оогандар. Пакистандын "ырайымсыз" чечими


Исламабад миллиондогон ооган качкындарын депортациялоодо. (архив сүрөт)
Исламабад миллиондогон ооган качкындарын депортациялоодо. (архив сүрөт)

Пакистан миллиондогон ооган качкынын депортациялоо планын ишке ашыра баштап, кескин сынга кабылды. Укук коргоочулар мекенине кайткан оогандар талибдер көзөмөлдөгөн өлкөдө куугунтук, зордук-зомбулук жана экономикалык кыйынчылык өңдүү олуттуу коркунучтарга туш болорун эскертүүдө.

Мекенинде коркунуч тооругандар негизинен аялдар, журналисттер, укук коргоочулар жана мурдагы өкмөттө иштегендер экени айтылууда.

Пакистандын өкмөтү адегенде 31-мартка чейин ооган мигранттарынын өлкөдөн өз ыктыяры менен чыгып кетүүсүн талап кылып, болбосо алар депортацияга туш болорун эскерткен. Бирок бийлик Орозо айт майрамына байланыштуу аларга коюлган талаптын мөөнөтү 10-апрелге чейин узартылганын билдирген.

Маалыматка караганда, өкмөттүн бул планы ишке аша турган болсо, өлкөдөн үч миллионго чейинки сандагы ооган мигранты чыгарылыш мүмкүн.

Ал ортодо Пакистандагы 40 миңдей оогандык үчүнчү өлкөлөргө, негизинен Батышка көчүп кетүүнү күтүп жатышат. Алардын басымдуу бөлүгү талибдер 2021-жылы бийлике келгенден кийин АКШ, НАТО жана башка Батыш уюмдары менен буга чейинки байланыштарынан улам Ооганстандан качып чыккандар.

Кимдер депортацияланат?

Депортацияга колунда Ооганстандын жарандык картасы (ACC) барлар, документи жок адамдар жана талибдер бийликке кайтып келгенден кийин Исламабадга качып баргандар туш болот.

800 000ге жакын оогандык ACC картасын жана 1,4 миллион оогандык БУУнун качкындар агенттигинен POR карталарын алышкан. Пакистандын бийлиги POR картасынын ээлери алардын уруксат кагазынын мөөнөтү июнда бүткөнгө чейин өлкөдөн чыгарылбай турганын билдирди.


ACC картасынын ээлерине Пакистанда убактылуу жашоого уруксат берилип, анын узактыгын федералдык өкмөт аныктайт. POR картасынын ээлеринен айырмаланып, ACC картасы барлар өкмөттүн депортациялоосунан корголбойт.

Бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү ар кандай картанын ээлери болгондуктан бул качкындар үчүн олуттуу көйгөйгө айланышы мүмкүн.

50 жаштардагы Рехмат Хан дал ушундай окуяга туш болду. Ал өзү АСС картасынын ээси катары депортацияга туш болушу ыктымал. Ал эми анын үй-бүлөсүнүн башка мүчөлөрү POR картасын алышкан. Демек, өлкөдөн чыгарылбайт.

"Мен үй-бүлөмдү кантип таштап кетем? Ооганстанга депортацияланганда аларды ким колдойт, билбейм", - деди ал "Машал" радиосуна.

Рехмат Хан Исламабаддан 150 чакырымдай түндүк-батышта жайгашкан Жалала качкындар лагеринде отурукташкан 20 миңге чукул оогандыктын бири. Лагердин жашоочуларына жакынкы күндөрү депортация болору расмий кабарланган. Мында жашаган оогандыктардын басымдуу бөлүгү 1979-жылы Советтер Союзу Ооганстанга аскерлерин киргизгенден кийин Пакистанга көчүп кеткен оогандыктардын урпактары. Айрымдарынын жашы 30дан өтүп, Ооганстанда такыр жашаган эмес. Алар мекени катары туулуп, өскөн Пакистанды эсептешет.

Лагерь - бир нече мектеп, ылайдан салынган үйлөр жана убактылуу базар жайгашкан чакан айыл.

"Мен 11-класста окуйм. Окуу жылынын ортосунда мени Ооганстанга жөнөтүү келечегимди талкалайт", - деди коопсуздук үчүн атын атагысы келбеген окуучу "Машал" радиосуна.

"Ал жакта билим алуу мүмкүнчүлүгү жок, билим берүү системасы менен да тааныш эмесмин. Мен бул жерде төрөлүп-өскөм жана бул жерди Ооганстанга караганда жакшы деп билем", - деди ал.

Пешавардагы Ланди Котал шаарында качкындарды жайгаштыруу лагери түзүлүп, анда Чек ара корпусунун күчтөрү жана жергиликтүү полиция жайгашкан.

Учурда лагерде качкындар жок болсо да жергиликтүү бийлик аларды мекенине кайтаруу процессин тездик менен баштап, ал жакка келе турган үй-бүлөлөрдүн агымын күтүүдө.

Укук коргоочу уюмдар ооган качкындарына болгон мындай "ырайымсыз" мамилеге тынчсыздануусун билдирип жатышат. Бириккен Улуттар Уюму бул боюнча кооптонуусун билдирип, айрым адамдар Ооганстанга барса өмүрү коркунучта болорун эскертти.

БУУнун Качкындар боюнча комиссарлыгынын өкүлү Филипп Кандлер 5-февралдагы билдирүүсүндө: "Биз Пакистанды коркунучка кабылган оогандардын коопсуздугун алардын документтерине карабастан камсыз кылууну улантууга чакырабыз", - деп айткан.

Пакистан-Ооганстан чек арасындагы Торхам шаарындагы лагерь, 2023-жыл.
Пакистан-Ооганстан чек арасындагы Торхам шаарындагы лагерь, 2023-жыл.

Amnesty International эл аралык уюму да депортацияларды айыптап, Исламабаддын мындай иш аракетин эл аралык адам укуктарынын бузулушу катары баалады.

"Пакистан өкмөтүнүн ооган качкындарын өлкөдөн чыгаруу боюнча ырайымсыз мамилеси эл аралык адам укуктарынын мыйзамдарын, өзгөчө артка кайтарбоо принцибин сыйлабаганын көрсөтүп турат", - деди 26-мартта Amnesty уюмунун Түштүк Азия боюнча аймактык директорунун орун басары Изабель Ласси.

Ал ооган качкындарын коркунуч катары көрсөтүү “акылсыздык” экенин кошумчалады.

Мындай сындарга карабастан Пакистан бийлиги бул саясатты улуттук коопсуздук жана ресурстарды башкаруу үчүн зарыл деп эсептейт.

Пакистан өкмөтү согушкерлердин зордук-зомбулуктары жана кылмыштуу аракеттери үчүн ооган жарандарын айыптап келет. Кабулдагы талибдер жетектеген өкмөт бул айыптарды четке кагууда.

Макаланын автору: Farhad Shinwari, Azmat Ali Shah, Kian Sharifi
Которгон: Айгерим Акылбековааырайым

Шерине

XS
SM
MD
LG