Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:38

Жапонияда бийлик алмашат


Либерал-демократиялык партиянын лидери Синзо Абэ.
Либерал-демократиялык партиянын лидери Синзо Абэ.

Жапонияда жекшембиде өткөн парламенттик шайлоонун натыйжасында оппозициядагы Либерал-демократиялык партия үч жылдык тыныгуудан соң кайра бийликке кайтып келүүдө. Талдоочулар бийликтеги Демократиялык партиянын утулушуна ички жана тышкы саясаттын маселелери да салым кошконун айтып жатышат.

Жапондордун саясий салтына мүнөздүү болгондой өлкө премьер-министри Ёсихико Нода шайлоодо уттурганы билинер замат эле Токиодогу басма сөз жыйында партия лидерлигинен кетерин жарыялады:

- Бул жоготуу үчүн эң чоң жоопкерчилик партиянын лидери катары менде жатат. Мен жоопкерчиликти толугу менен алам жана Демократиялык партиянын башчылыгынан чегинем. Мен бул жыйынтык биз акыркы үч жыл үч айда калктын күтүүсүнө талаптагыдай жооп бере албаганыбыздын натыйжасы деп эсептейм жана алар берген бааны кабыл алуубуз абзел.

Жекшембидеги шайлоонун расмий эсебине чейин эле экзит-полл же шайлоо бекеттериндеги сурамжылоолордун жыйынтыгы Либерал-демократиялык партия (ЛДП) парламенттин төмөнкү палатасындагы 480 орундун 300дөйүн аларын көргөздү.

Ал эми коалиция боюнча болочок өнөктөшүнүн орундарын кошкондо парламенттеги добуштардын үчтөн экисине ээлик кылмакчы.

Либерал-демократтар 2009-жылкы шайлоодо уттурганга чейин Жапонияны ондогон жылдар боюу башкарган.

Партиянын лидери, мурдагы премьер- министр Синзо Абэ алардын жеңиши белгилүү болгон соң мындай деди:

- Либерал-демократиялык партияга ишеним кайтканынан да маанилүүсү – мен Жапониянын эли Демократиялык партиянын үч жылдагы чалкеш саясатына “жок” деп айтышканын сезип турам.

Синзо Абэ эми жапон өкмөтүн кайра башкармакчы. Ал премьер-министрликти буга чейин 2006-2007 жылдары аркалап, кызматтан саламаттыгына байланыштуу капыстан чегинген.

Анда 52 жаштагы Абэ бийликке ага чейинки кадыр-барктуу өкмөт башчы Юничиро Коидзуминин мураскери катары келип, Жапониянын эң жаш жана Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин туулган алгачкы премьер-министри болгон эле.

Жеңилиш себептери

2009-жылы Либералдык-демократиялык партиянын жарым кылымдан ашуун башкаруусу учурунда калыптанган кубаттуу бюрократиянын, саясатчылардын жана бизнестин “үчилтигин” бузууну убада кылып, бийликке келген Демократиялык партиянын жеңилип калыш сыры эмнеде?

Талдооочулар буга ички менен катар тышкы саясаттын маселелери да салым кошконун айтып жатышат.

Токиодогу Васеда университетинин саясий илимдер боюнча докторанты Сейтек Качкынбаев “Азаттык” менен маегинде ички маселелерден шайлоо жыйынтыгына таасир берген факторлор катары улуттук акча - иендин кымбатташы – жапондордун экспорттук дараметин чектегенин, утулган саясий партиянын өкмөтү балдар үчүн жөлөкпулду көтөрүү убадасын аткара албай койгонун жана Фукушима АЭСиндеги былтыркы кырсыктын кесепеттерин жоюу ишине калктын ичи чыкпаганын атады.

Булардан сырткары электораттын чечимине ички маселелерден өкмөт сатыктан алынуучу салыкты эки эсе жогорулатканы да таасир бергендей.

Кытай менен алака

Ал эми тышкы саясатка кайрылсак, азыркы шайлоо Жапониянын коңшу Кытай менен мамилеси Чыгыш Кытай деңизиндеги эл жашабаган аралдарды талашуудан улам чыңалган учурга туш келди.

Бийликке кайра келип жаткан либерал-демократтар бул маселеде каталыраак турумду карманары айтылууда. Мындай пикирилерге Васеда университетинин докторанты Сейтек Качкынбаев да кошулду:

- Либерал-демократиялык партия негизинен кичине улутчулраак келет. Алар ушул маселеге келгенде ( талашка түшкөн аралдар) принципиалдуу турумду карманабыз, баарын ачык-айкын айтабыз дешет. АКШ менен жамааттык коргонуу боюнча келишимди күчөтөбүз, бул аралдардын үстүнөн суверенитебизди карманабыз деп айтышат.

Эки коңшунун мамилесин чыңалткан аралдарды Жапонияда Сенкаку, Кытайда Дяоюйтай деп аташат.

Жапония менен Кытай талашкан аралдар.
Жапония менен Кытай талашкан аралдар.
Жапондордун болочок өкмөт башчысы Синзо Абэ аралдар
Жапонияга таандыктыгын кечээ дагы бир жолу белгиледи.

Ошондой эле жапондордун 1947-жылы кабыл алынган, куралдуу күчтөрдүн аракетин чектеген Баш мыйзамын өзгөртүүгө умтуларын ырастады.

Ал эми Кытайдын мамлекеттик “Синьхуа” агенттиги Жапониядагы шайлоого тушташ жарыялаган макаласында, алака дагы начарлай турганын эскертти.

Ага катар “Синьхуа” “экономикалык жактан алсыз, саясий жактан ачууланган Жапония өлкөгө эле эмес, аймакка жана бүткүл дүйнөгө зыян келтирет. Экинчи Дүйнөлүк согушта Азиянын калган өлкөлөрүнө чоң зыян жана кыйроо алып келген Жапония азыр оңду көздөй бурулган саясий тенденция убагында токтотулбаса, коңшуларынан шектенүүнү дагы күчөтөт” ,- деп жазды.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG