Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:15

Сатыбалдиев уран, торий казуу менен 80ден ашык кенди иштетүүгө болорун айтты


Иллюстрациядык сүрөт.
Иллюстрациядык сүрөт.

Кыргызстанда уран жана торий казып алууга тыюуну алып салуу 83 кендин иштетилишине мүмкүнчүлүк берерин жаратылыш ресурстары министринин орун басары Нарынбек Сатыбалдиев 18-ноябрда журналисттерге билдирди. Анын сөзүнө караганда, өлкөдө түрдүү казылма байлыктардын 5 миңден ашуун кени жана рудасы аныкталган. Муну менен Кыргызстанда дүйнөлүк рынокто суроо-талапка ээ пайдалуу кендерди иштетүүгө мүмкүнчүлүк ачылат.

"Биздин өлкөдө да изилдөөлөр жүргүзүлүп, 5 миңден ашуун кен жана руда аныкталган. Салыштырмалуу айтканда, эгерде Беларусту, Балтия мамлекеттерин, Украинаны жана Түндүк Кавказды бириктирсек, алардын аймактарында аныкталган кендердин саны биздегиден аз болот. Биздин жер түрдүү жана комплекстүү пайдалуу кендерге бай. Өзгөчө сейрек металлдар – дүйнөдө өтө жогору бааланган кендер. Мындай элементтер табылган аймактарда уран жана торий да белгилүү өлчөмдө кездешет", - деп түшүндүрдү ал.

Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берүү боюнча мыйзамга президент Садыр Жапаров 27-июнда кол койду. Ал мыйзам менен өлкөдө уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө мыйзам күчүн жоготкон.

Документти Жогорку Кеңеш 13-июнда кабыл алган.

2019-жылы декабрь айында өлкөдө уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Ошол эле жылы жазында Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө байланыштуу чуу чыккан. Бир катар жергиликтүү тургундар, жарандык активисттер кендин казылышына каршы нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Акциялар Бишкекте да болгон.

Ушундан улам өкмөт кенди казганы жаткан “Кыргызстандагы ЮрАзия” компаниясынын лицензиясын токтоткон.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG