Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:48

Тажикстанда Тоолуу Бадакшан окуясына байланыштуу соттолгон спортчунун абак мөөнөтү узартылды


Чоршанбе Чоршанбиев.
Чоршанбе Чоршанбиев.

Тажикстанда Тоолуу Бадакшан окуясына байланыштуу кармалып, 8,5 жылга эркинен ажыратылган спортчу блогер Чоршанбе Чоршанбиевге дагы төрт жылдык жаза мөөнөтү чегерилгенин 19-ноябрда "Азаттыктын" тажик кызматы жазды. Ага бул жолу "түрмөнүн ишине тоскоолдук жаратты" деген айып тагылды, соттук териштирүү жабык өттү.

Эки жыл мурдагы өкүмдү саясий куугунтук деп атаган спортчу, эрежесиз эр уруш (MMA) мушкери эми жалпысынан 12,5 жыл абакта отурушу керек болот. Чоршанбиев абакта мушташа кеткени маалымдалды, бирок түрмө кызматкерлери анын жаза мөөнөтүн узартуу үчүн атайылап ошондой кырдаал түзгөн болушу ыктымал экени айтылды. Ал буга чейин да бир нече жолу өзүнчө камерага камалганы, ур-токмокко алынганы, жолугушууга барган жакындары менен өзүнүн памирлик диалектинде сүйлөшкөнү үчүн да жазага тартылганы белгилүү болду.

Чоршанбиев 2022-жылы "конституциялык түзүлүштү күчтөп кулатууга чакыруу" деген айып менен соттолгон. Буга 2021-жылы тараган видеодо ал Тоолуу Бадакшандагы окуяны талкуулап жатканы себеп болгон. Бийлик ал элдин мамлекетке каршы нааразылыгын козуткан деп эсептей турганын билдирген. Өзү сөзүн бурмалап кабыл алышканын айткан. Ошол эле жылы спортчуну Орусиядан "жол эрежесин бузду" деген шек менен кармап, Тажикстанга депортация кылышкан.

2021-жылы 25-ноябрда Тоолуу-Бадакшандын Шохдар айылында күч түзүмдөрү атайын операция жүргүзүп, жергиликтүү тургун Гүлбиддин Зиёбеков өлтүрүлгөн. Натыйжада жүздөгөн адам Хорогдогу акимчиликке чогулуп, аны өлтүргөн күч кызматкерлерин жазалоону талап кылышкан. Каршылык акциясы беш күнгө созулуп, милициянын атайын отряды күч колдонуп, андан жабыркагандар болгон. Демонстранттардын арасынан үчөө каза тапкан, 10у жараат алган. Полиция кызматкерлери ичинен да беш киши жарадар болгон. Бийлик айыптууларды жазалоого убада бергенден кийин митинг таркаган.

2022-жылдын май-июнь айларында нааразылык акциясына чыккандарга бийлик күч колдонуп баскан. Акцияга 16-майда акыйкаттык издегенин айткан жаштар тобу Бархоруг кичи районунан борбор калаа Хорогду көздөй жүрүш баштаганы себеп болгон. Алар 2021-жылдын ноябрында Хорогдо өткөн митинг учурунда өлтүрүлгөн үч киши боюнча тергөөнүн калыс жүрүшүн, Хорогдун мэринин жана облус башчысынын иштен кетүүсүн талап кылышкан. Бийлик аларга каршы желим ок жана көздөн жаш агызуучу газ колдонгон, бир демонстрант каза болгон. 17-май күнү нааразылык толкуну Хорогдон Рушан районуна жеткен. Бийлик "террорчулукка каршы операциясын" ошонун эртеси баштап, күч кызматкерлерине кол салуу болгонун, митингчилер Тажикстан менен Кытайды байланыштыруучу жолдун эл аралык тилкесин бууганын билдирген.

Расмий маалыматка караганда, операция башталган күндөн тартып 17-июнга чейин Рушан менен Хорогдо 16 адам набыт болгон. Бирок БУУнун дипломаттарынын баяндамасында 40ка жакын адам набыт кеткени айтылган. Бүгүнкү күндө “Озоди” радиосунун аракети менен каза болгон 34 адамдын аты-жөнү такталды. Алар 30 жаштан 57 жашка чейинки курактагылар, негизинен Рушан районунун тургундары.

Өлкө президенти Эмомали Рахмон "өкмөттүн башка аргасы жок болгонун", демонстранттарды тыюуга, мүмкүн болсо кармоого буйрук бергенин 2022-жылдын 18-июнунда билдирген.

Эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму 2023-жылдын сентябрь айында тажик бийлигин "сөз эркиндигине, биригип тынч жыйын өткөрүүгө болгон укугун ишке ашыргандыгы үчүн гана кармалган бардык памирлик активисттерди жана укук коргоочуларды тез арада жана эч кандай шарт койбостон бошотууга" чакырган.

Тоолуу Бадакшан – Тажикстандын чыгышындагы 250 миңдей адам жашаган бийик тоолуу аймак. Калкынын көбү этникалык памирликтер, алар памир тилдеринде сүйлөшөт, шии исламдын исмаилит багытын карманышат жана канзаада Карим Ага Хан IVнү руханий лидер деп эсептешет. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG