Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:45

Сербия менен Казакстан экономикалык алакасын бекемдөөдө


Касым-Жомарт Токаев жана Александр Вучич.
Касым-Жомарт Токаев жана Александр Вучич.

Сербияда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин расмий сапары уланууда, ал серб башчысы Александр Вучич менен эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты бекемдөөнү макулдашты. Токаев бул өлкөгө барган алгачкы борборазиялык жетекчи болду.

19-ноябрда өткөн маалымат жыйында ал Казакстан да, Сербия да ортодогу алаканы кеңейтүүгө кызыкдар экенин айтканын жана негизи багыттар катары өнөр жай, кен казуу жана саламаттык сактоо тармактарын атаганын "Азаттыктын" балкан кызматы жазды.

Вучич эки мамлекет ортосунда терең саясий жана тарыхый байланыш бар экенин айтып, 2008-жылы Сербиядан көз каранды эместигин жарыялаган Косовону Казакстан өзүнчө мамлекет катары тааныбаганын казак бийлигинин колдоосу катары баалады.

Токаевдин сапарынын жыйынтыгы менен жалпысынан 10 келишим жана меморандум кабыл алынды, арасында коргоо жаатындагы кызматташтык тууралуу да документтер бар.

2013-жылы Сербия менен Казакстан аскердик-техникалык кызматташтык тууралуу келишимге кол коюшкан, ал 2021-жылы күчүнө кирген. Мындай келишимдин кабыл алынышы Европа Биримдигинин сынын жараткан, анткени эгер Сербия биримдикке мүчө болсо анын башка өлкөлөр менен түзгөн макулдашуу-келишимдери кайра каралып чыгышы зарыл болот. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG