Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:06

Футбол: Кыргызстан Иранга 2:3 эсебинде утулду


Кыргызстан менен Ирандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши. Бишкек. Д. Өмүрзаков атындагы борбордук стадион. 19.11.2024-ж.
Кыргызстан менен Ирандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши. Бишкек. Д. Өмүрзаков атындагы борбордук стадион. 19.11.2024-ж.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын 3-раундунун алтынчы турунда Иран курамасы менен беттешип, 2:3 эсебинде утулду.

Оюн 19-ноябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өттү.

Кыргызстанга таандык эки голду тең Жоэл Кожо киргизди. Ирандын эсебине жазылган голдор Мехди Таремиге, Салех Хардениге жана Сердар Азмунга таандык.

Кыргызстан футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарында Азия чөлкөмүнөн 3-раундга чыгып, Иран, Катар, Өзбекстан, Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) жана Түндүк Корея менен А тайпасында ойноп жатат.

Иран курамасы А тайпасындагы буга чейинки төрт беттешин утуп, Өзбекстан менен тең чыккан. Азыр 16 упайы менен тайпанын сап башында келатат.

Экинчи орунда 13 упай топтогон Өзбекстан келе жатат. Өзбекстан курамасы бүгүн Түндүк Корея менен ойноп, 1:0 эсебинде утту. Ал эми 20-ноябрга караган түнү Бириккен Араб Эмираттары менен Катар беттешет. Аталган командалар учурда Турнирдик таблицада жетиден упай менен үчүнчү, төртүнчү орунда турат.

Кыргызстан 3 упай менен 5-катарда. Кыргыз футболчулары беш оюнда утулуп, бир оюнда жеңишке жетти. Буга чейин кыргызстандык футболчулар беш беттеш өткөргөн. 5-сентябрда Кыргызстан Иранга 0:1, 10-сентябрда Өзбекстанга 2:3 эсебинде, 10-октябрда Катарга 1:3 эсебинде утулган. 15-октябрда Бишкекте Түндүк Кореяны 1:0 эсебинде утуп, 14-ноябрда Бириккен Араб Эмираттарына 0:3 эсебинде утулган. 6-орундагы Түндүк Кореяда эки упай бар.

Кезектеги оюндар 2025-жылдын 20-мартында башталат. Бул күнү Кыргызстан Катар менен беттешет.

2026-жылы АКШда, Мексикада жана Канадада өтө турган Дүйнө чемпионатына биринчи жолу 48 курама команда катышат. Бул жолу Азия чөлкөмүнөн Дүйнө чемпионатына катышууга сегиз командага мүмкүнчүлүк берилген.

3-раунддагы тандоо оюндарына Азия чөлкөмүнөн 18 курама алтыдан үч тайпага бөлүнгөн. Оюндар ар бир өлкөнүн өзүндө же атаандаш команданын өлкөсүндө өтүп, тайпада биринчи жана экинчи орунду ээлеген командалар түз эле Дүйнө чемпионатына жолдомо алат. Ал эми үчүнчү жана төртүнчү орунду ээлеген алты команда төртүнчү баскычта ич ара эки тайпага бөлүнүп ойноп, уткан эки команда чемпионатка жолдомону камсыздайт.

5-сентябрда башталган 3-раунддагы тандоо оюндары 2025-жылдын июнь айында аяктайт. 4-5-раунддагы тандоо оюндары 2025-жылдын ноябрь айына чейин созулат.

Тайпалардын тизмеси:

A тайпасы: Иран, Катар, Өзбекстан, Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ), Кыргызстан, Түндүк Корея.

В тайпасы: Түштүк Корея, Ирак, Иордания, Оман, Палестина, Кувейт.

С тайпасы: Жапония, Австралия, Сауд Арабиясы, Бахрейн, Кытай, Индонезия.

Азия чөлкөмүнөн Дүйнө чемпионатына такай катышып келген курамалар: Түштүк Корея (он бир жолу), Жапония (жети жолу), Австралия, Иран, Сауд Арабия (алты жолу), Түндүк Корея (эки ирет), Индонезия, Кувейт, Ирак, Бириккен Араб Эмираттары, Кытай жана Катар (бир ирет). (GT)

Шерине

XS
SM
MD
LG