Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:06

19-ноябрь: Султанбеков ачкачылыгын улантууда, Украина Орусияны ATACMS менен атканы кабарланды


Темирлан Султанбеков.
Темирлан Султанбеков.

19-ноябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Социал-демократтар партиясынын Бишкектеги №1 тергөө абагындагы лидери Темирлан Султанбеков ачкачылык кармоону улантып жатат

Анын адвокаты Айбек Турдуев 18-ноябрда Султанбеков менен жолугуп чыкканын, ал тамак жебей жатканына жетинчи күн болуп баратканын айтты. Анын сөзүнө караганда, Султанбеков кармалгандан кийин биринчи үч күн суу да ичкен эмес. Азыр суу иче баштады. Бишкектин Свердлов райондук соту 15-ноябрда Султанбековду, Социал-демократтар партиясынын Бишкектеги шайлоо штабынын башчысы Ирина Карамушкинаны жана партиянын тарапташы Роза Түрксеверди эки айга камакка алган. Аларга Бишкек шаардык милициясы 14-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Шектүүлөр коюлган айыпты четке кагып, муну саясий басым-кысым деп баалап жатат.

Бишкектин райондорунун аталышын өзгөртүү сунушу

Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев Бишкек шаарынын төрт районунун аталышын өзгөртүү демилгесин көтөрдү. ЖКнын төрагасынын орун басары бул тууралуу парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин 19-ноябрдагы жыйынында айтты. 2022-жылы ноябрь айында өткөн биринчи Элдик курултайда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев да Бишкектеги төрт райондун - Ленин, Октябрь, Биринчи май жана Свердлов райондорунун атын өзгөртүү маселесин көтөргөн. Анын сунушуна Москва дароо реакция жасап, Мамдуманын депутаттары Кыргызстанда “орус тилин кодулоо болуп жатат” деген сын айтышкан.

Адыл Акжол уулунун иши боюнча сот жылдырылды

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын директорунун мурдагы орун басары, журналист Адыл Акжол уулунун иши боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 19-ноябрга белгиленген отурум жабырлануучулардын бири келбей калгандыктан 9-декабрга жылдырылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” адвокаты Назик Ажымаматова билдирди. Ал журналисттин бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүчүн судья четке кагып, Адыл Акжол уулун 31-декабрга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакта калтырганын айтты. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу” жана “Опузалап талап кылуу” беренелери менен кине коюлууда.

Кыргызстандыктар 47 миллиард сом чакан насыя алды

Улуттук статистика комитеттин эсебинде, Кыргызстанда 2024-жылдын январь-сентябрь айларында (тогуз айда) чакан кредиттик компаниялар 918 миңден ашык адамга 47 миллиард сом насыя берди. Насыя алгандар өткөн жылдын тогуз айына салыштырганда 1,7 эсеге, ал эми берилген насыя 28,4% көбөйдү. Эң көп кредит алгандар Бишкек шаарында - 26% жакын. Андан кийин Ош облусунун тургундары 16%, Жалал-Абадда 14% жана Чүйдө 13,5%. Алынган насыянын көп бөлүгү же 53% жакыны турмуштук муктаждыктарга сарпталган. Айыл чарба иштерине 20%, соода-сатыкка 12% жакыны, курулушка 5% жумшалган.

Украина Орусиянын аймагына алгачкы жолу ATACMS менен атканы кабарланды

"Азаттыктын" украин кызматы билдиргендей, Украина аскерлери Орусиянын Коргоо министрлигине караштуу ракеталык-артиллериялык башкы башкармалыгынын Брянск облусундагы "материалдык-техникалык камсыздоо борборуна" сокку урганын Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин жалган маалыматтын тарашына каршы борборунун башчысы Андрей Коваленко 19-ноябрда маалымдады. "Ал жерде артиллериялык, анын арасында түндүк кореялык курал-жарак, башкарылуучу авиабомба, зениттик ракета, жапырт аткылоочу ракеталык системалардын ок-дарысы сакталат", - деген Коваленко андан мурдараак аталган жер дрон менен аткыланганын билдирген. Бул маалыматты Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы да тастыктады.

Нобел сыйлыгын алган Наргиз Мохаммади чукул медициналык жардамга муктаж экени айтылды

Дүйнөдөгү сөз жана чыгармачылык эркиндигин коргоо менен алектенген PEN America эл аралык уюму Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча кеңешине кайрылып, ирандык укук коргоочу Наргиз Мохаммадинин маселесине көңүл бурууга чакырды. Уюмдун ачык катында ал "тез арада медициналык жардамга муктаж болуп жатканы" белгиленди. Мохаммади "бир нече оор илдетке чалдыкканы, тийиштүү медициналык жардамга муктаж экени", ошондуктан Иран бийлигин гумандуулукка чакырып, анын дарыланышына мүмкүнчүлүк берүүсүнө үндөө керектиги айтылды. 2023-жылы Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын лауреаты болгон укук коргоочу, саясий туткун Наргиз Мохаммади түрмөдөн Тегерандагы ооруканалардын бирине которулганы өткөн айдын соңунда белгилүү болгон. Бул тууралуу күйөөсү Таги Рахмани билдирип, жубайы соңку эки айдан бери ооруп жатканын айткан.

Путин Орусиянын жаңыланган өзөктүк доктринасын жаңылоо жана кеңейтүү тууралуу жарлыкка кол койду

Документте өзөктүк курал эгер "аскердик-космостук кол салуу каражаты жапырт старт алганы тууралуу так маалымат" болсо жана ал Орусиянын чек арасынан өтсө колдонулушу ыктымал экени белгиленди. Өзөктүк куралы жок кайсы бир өлкө ошондой куралы бар башка өлкөнүн катышуусу же жардамы менен Орусияга каршы агрессия көрсөтө турган болсо, орус бийлиги муну "алардын биргелешкен кол салуусу" катары карай турганы айтылды. Бирок куралдын мындай түрү ошондой учур жаралса, дароо колдонулабы же жокпу, так жазылган жок. Москва мындай кадамын АКШ президенти Жо Байден Украинага америкалык курал менен Орусиянын ичкери аймагына сокку урууга уруксат бергени кабарланып жаткан чакта жасады.

Абхазия лидери Бжания оппозиция менен соодалашууда

Грузиянын курамындагы Москва колдогон жикчил Абхазиянын башчысы Аслан Бжания кызматтан кетүү тууралуу арыз бергенин, өкмөт башчы Александр Анкваб да отставкага кеткенин 19-ноябрда "Эхо Кавказа" сайты маалымдады. Оппозиция өкүлдөрү менен өткөн бир нече сааттык сүйлөшүүлөрдөн кийинки билдирүүсүндө Бжания отставкага өлкөдөгү туруктуулукту жана конституциялык тартипти сактоо максатында кетип жатканын айтты. Бирок ал митингчилер ээлеп алган өкмөттүк имараттарды бошотушу керек деген шарт койду, эгер бул шарты аткарылбаса, арызын кайра чакыртып аларын билдирди. Азыркы өкмөт жаңы бийлик келгенче ишин уланта берерин билдирди. Бжания келерки жылы жазында өтө турган президенттик шайлоого катышарын жарыялады. Бирок соңку окуялардан улам шайлоо мөөнөтүнөн мурда өткөрүлүшү мүмкүн.

Кыргыз-казак чек арасындагы "Каркыра" бекети күнү-түнү иштейт

Кыргызстан менен Казакстандын өкмөттөрүнүн ортосундагы "Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө" макулдашууга өзгөртүү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Атайын протоколго 2003-жылы 25-декабрда кыргыз-казак өкмөттөрү кол койгон. "Каркыра — автожол" бекети Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан. 2020-жылы коронавируска байланышкан карантиндик чаралардан улам убактылуу жабылып, 2021-жылы кайра ачылган.

Шерине

XS
SM
MD
LG