Жаратылыш кырсыгы 10 миң кишинин өмүрүн алып кетти деген божомолдор бар. Жапониянын жетекчилиги аны Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийинки эң чоң алаамат деп атоодо.
Фукусима Дайичи станциясынын жетекчилиги кабарлаганына караганда, 3-реактордун муздатуу системасы иштебей калды. Анын айынан жарылуу болуп, кырсыктан 11 киши жараат алды, бирок реактор өзү жабыркаган жок.
Жапон кабинетинин катчысы Юкио Эданонун айтымында, реактордун өзөгүн ашыкча ысып кетүүдөн сактап калуу үчүн деңизден суу алына баштаганда аккумулятордун кубаты жетпей калган. "Жарылуу ошол себептен келип чыккан болушу мүмкүн", - деди Эдано:
- Бул жарылуу 1-реактордогу жарылууга абдан окшойт. Станцияга 20 километр жакын жашаган адамдардын бардыгына көчүү буйругу берилди. Ал эми эвакуациялана электерге үйлөрүнөн чыкпоону катуу эскерттик.
Токионун Электрстанция бирикмесинин башчысы Каору Йошида 3-реактордогу жарылууну мындайча сүрөттөдү:
- Жергиликтүү убакыт боюнча саат 11.01де реактордон катуу бир дүрүлдөө угулду жана ак түтүн асманга көтөрүлө баштады. Биз водород жарылды деп ойлоп жатабыз.
Премьер-министр Наото Кан станциядагы абал кооптуу бойдон кала бергенин, адистер калган блоктордогу кырсыктарды алдын алуу үчүн бар аракеттерин жумшап жатышканын айтты. Өкмөт ири көлөмдөгү радиоактивдүү заттар айлана чөйрөгө чыгып кетет деген коркунуч төмөн деп ишендирип келатат.
12-мартта ошол эле станциянын 1-реакторунун чатыры жарылып кеткен. 11-мартта жер силкингенде станциянын бардык 6 реактору автоматтык түрдө өчүп калган.
Чукул абалда иштөөчү генераторлор реакторлордун өзөгүн муздатып турмак. Бирок ал генераторлор зилзаладан кийинки цунамиден суу алдында калышкан.
Өзөктүк кубат ишканасындагы (атомдук станциядагы) кырдаал куткаруу иштерине тоскоолдук болууда.
Ал аралыкта миллиондогон киши үч күндөн бери таза суу, тамак-аш жана жылуулугу жок отурушат.
11-марттан бери 150 чакты майда силкинүүлөр болду. Калайык дагы бир кыйраткыч жер титирөөдөн коркуп турган кез. Жапон өкмөтү болсо бул жаратылыш кырсыгын Экинчи Дүйнөлүк согуштан берки эң ири алаамат деп атоодо.
Топон суудан өзгөчө жабыркаган түндүк жээкте 14-мартта 2 миңдей кишинин сөөгү табылды. Ошентип каза тапкан адамдардын расмий саны 2 миң 800гө көтөрүлдү.
Бирок он миңдеген киши дайынсыз кала берүүдө. Деңизге жакын жайгашкан бир эле шаарчанын 18 миңге жакын тургундары табыла элек.
Табигый кырсык өлкөнүн экономикасына да өзгөчө чоң залака тийгизди.