Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:33

Грузиядагы шайлоо: бийлик утканын, оппозиция утулбаганын айтууда


Грузиядагы добуш берүү.
Грузиядагы добуш берүү.

Грузин эли 28-октябрда президентти акыркы жолу түз добуш берүү аркылуу шайлады.

Экзит-поллдордун сурамжылоосуна таянып, бийлик партиясы өз талапкери Саломе Зурабишвилини утту деп куттуктай баштады. Ал эми оппозициячыл талапкер Григол Вашадзенин штабы биринчи айлампада эч ким утпаганын, дагы шайлоо болорун билдирүүдө. “Европалык Грузия” партиясынын талапкери Давид Бакрадзе жеңилгенин мойнуна алды.

Грузияда президенттик шайлоодогу добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат сегизде токтоду. “Азаттыктын” грузин кызматынын жазганына караганда, учурда бюллетендерди саноо жүрүп жатат.

Экзит-поллдун эсеби

Шайлоонун жыйынтыгын чыгарган экзит-поллдор өз санактарын жарыялады, бирок алардын сандары ар башка чыгууда. Экзит-полл - добушканадан чыккан адамдарды кимге добуш бергенин сурап, шайлоонун алдын ала жыйынтыгын билүүгө аракеттенген сурамжылоо.

Григол Вашадзе (ортодо).
Григол Вашадзе (ортодо).

Edison Research изилдөө уюму өз сурамжылоосуна таянып, улуттук оппозициянын “Күч бирдикте” биримдигинин талапкери Григол Вашадзе 40%, бийликтеги “Грузин кыялы” колдогон талапкер Саломе Зурабишвили да 40%, ал эми “Европалык Грузия” партиясынын талапкери Давид Бакрадзе 10% добуш алышы мүмкүн экенин кабарлады.

Бирок башкаруучу "Грузин кыялы" партиясынан "Психопроект" изилдөө борборунун маалыматына таянып билдиришкендей, шайлоодо алардын талапкери Саломе Зурабишвили жеңди.

"Психопроекттин" маалыматына ылайык, Саломе Зурабишвили 52,3% менен утса, оппозициялык “Күч бирдикте” биримдигинин талапкери Григол Вашадзе 28,1% добуш алып экинчи, “Европалык Грузия” партиясынын талапкери Давид Бакрадзе 9,32% менен үчүнчү болгон. "Психопроект" сурамжылоону башкаруучу партиянын заказы боюнча жүргүзгөн.

Ошол эле кезде “Европалык Грузия” партиясынын суранычы менен алдын ала эсептөө жүргүзгөн BCG компаниясынын маалыматына ылайык, Григол Вашадзе 37%, Саломе Зурабишвили 34%, Давид Бакрадзе 17% добуш алган болушу ыктымал.

“Европалык Грузия” партиясынын талапкери Давид Бакрадзе, экзит-поллдун маалыматтарынан кийин, Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий санагын күтпөй эле шайлоодо утулганын моюнуна алды:

Давид Бакрадзе.
Давид Бакрадзе.

- Биз азырынча шайлоонун акыркы жыйынтыктарын билбейбиз, бирок экзит-полл натыйжа чыгарууга жетиштүү деңгээлде маалыматтарды көрсөттү. Биринчиден, “Европалык Грузия” жана мен жеке өзүм жеңиш үчүн күрөштүк, бирок экзит-полл көрсөткөндөй, бул шайлоодо ага жетише алган жокпуз. Ошого карабастан биз өз тарапкерлерибизди көбөйтө алдык. Бул жолу 2017-жылдагы жергиликтүү шайлоого караганда көп добуш алдык, бирок ал жеңишке жетүүгө аздык кылды.

“Грузин кыялы”: биздин талапкер жеңишке жакын​

Шайлоого 25 талапкер ат салышты, алдын ала эсеп боюнча, калгандарынын алган добушу беш пайызга да жетпеши мүмкүн.

Мыйзамга ылайык, шайлоодо 50 пайыздан көп добуш алган талапкер утту деп саналат.

Бийликтеги “Грузин кыялы” партиясынын төрагасы Бидзина Иванишвилинин айтымында, "Психопроекттин" алдын ала жыйынтыгы алар колдогон талапкер Саломе Зурабишвилинин жеңишке жакын экенин көрсөтүүдө:

- Биз ушундай жыйынтыкты - 53-54% болот деп күткөнбүз, экзит-поллдун маалыматы боюнча ошого жакын турабыз. Бирок бул болгону экзит-полл, ошондуктан Борбордук шайлоо комиссиясынын акыркы жыйынтыгын күтөлү.

Бидзини Иванишвили.
Бидзини Иванишвили.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун алдын ала расмий жыйынтыгы түн оой чыга баштай тургандыгын билдирүүдө.

Иванишвилинин “Азаттыктын” грузин кызматына сүйлөп жатып айтышынча, оппозиция кырдаалды чыңалтууга аракеттенүүдө, бирок укук коргоо органдары буга жол бербейт:

- Мен алар эч нерсе кыла албайт деп ойлойм, бирок мындай маанай аларда дайыма бар.

Саакашвили: экинчи айлампа сөзсүз болот

Ал эми Грузиянын мурдагы президенти, учурда өлкө сыртында жүргөн Михаил Саакашвили "Фейсбук" баракчасы аркылуу “каракчынын грузин элинин чыккынчысынын пайдасына президенттик шайлоону бурмалоосуна жол бербейбиз” деп билдирүү жасады. "Каракчы" дегенде ал “Грузин кыялы” партиясынын төрагасы Бидзина Иванишвилини эске алгандай:

- Edison Research уюмунун алдына ала жыйынтыгын баары көрдү. Ага ылайык, Григол Вашадзе менен Саломе Зурабишвили 40 пайыздан добуш алышты жана эми экинчи айлампа болот. Менин чоң тажрыйбамды эске алганда, сурамжылоолордо эл колдоп жаткандай көрсөтүп, оппозицияны эмес, бийликти алдайт. Ошондуктан Вашадзе Зурабишвилиден бир канча пайыз алдыда баратат. Иш жүзүндө ал жеңди жана экинчи айлампага ишенимдүү чыкты.

Михаил Саакашвили.
Михаил Саакашвили.

Саакашвили шайлоодо утулганын мойнуна алып, экинчи турда Вашадзени колдоорун билдирген дагы бир оппозициячыл талапкер Давида Бакрадзеге ыраазычылык билдирип, аны кадамын “эрдик” деп баалады:

- Бул деген оппозиция “жоогазын ыңкылабы” кезиндей кайра биригип жатканын көрсөтөт. Мен көптөр оппозициялык биримдикке кошулат деп ишенем. Эл тажаалды жеңсе болоруна ишенди. Иванишвили Аслан Абашидзе, Эдуард Шеварднадзе, Виктор Янукович жана Серж Сарксян сыяктуу аракеттенип жатат.

“Грузин кыялы” партиясынын төрагасы, экс-премьер-министр Бидзина Иванишвили расмий мамлекеттик кызматта турбаганы менен партия аркылуу бүт бийликти башкарат деп айтылып келет.

Саломе Зарубишвили.
Саломе Зарубишвили.

Ал колдогон 66 жаштагы, мурдагы тышкы иштер министри Саломе Зурабишвили утса, ал Грузия тарыхындагы алгачкы аял президент болот.

Ал эми оппозициялык күчтөр чыгарган, “Күч бирдикте” биримдигинин талапкери Григол Вашадзе шайлоо өнөктүгү учурунда өлкөдөгү олигархиялык бийлик системасын жоюуну убада кылды. Ал экс-президент Михаил Саакашвилинин бийлиги маалында Тышкы иштер министрлигин жетектеген.

Учурдагы президент Георгий Маргвелашвили бул жолку шайлоого катышкан жок. Ал буга чейинки маектеринде Грузияда да Европа өлкөлөрүндөгүдөй, бийликке жармашпай, кетип калса болорун көрсөткүсү келерин айткан.

Грузияда 3,5 миллионго жакын шайлоочу бар.

Бул саясий өнөктүк - Грузиянын жарандары президентти түз шайлаган акыркы шайлоо.

Конституциянын жаңы редакциясына ылайык, мындан кийин президентти парламент депутаттары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кирген 300 адамдан турган шайлоочулар жамааты шайлайт.

Грузияда президент алты жылга шайланат, анын бийлик укуктары чектелүү, көп иш-милдеттери премьер-министрге берилген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG