Грузияда президенттик шайлоодогу добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат сегизде токтоду. “Азаттыктын” грузин кызматынын жазганына караганда, учурда бюллетендерди саноо жүрүп жатат.
Шайлоонун жыйынтыгын чыгарган экзит-поллдордун санагы ар башка чыгууда. Экзит-полл - добушканадан чыккан адамдарды кимге добуш бергенин сурап, шайлоонун жыйынтыгын алдын-ала билүүгө аракеттенген сурамжылоо.
"Edison Research" изилдөө уюму өз сурамжылоосуна таянып, оппозициялык “Күч бирдикте” биримдигинин талапкери Григол Вашадзе 40%, бийликтеги “Грузин кыялы” колдогон талапкер Саломе Зурабишвили да 40%, ал эми “Европалык Грузия” партиясынын талапкери Давид Бакрадзе 10% добуш алышы мүмкүн экенин кабарлады.
Бирок башкаруучу "Грузин кыялы" партиясы "Психопроект" изилдөө борборунун маалыматына таянып билдиргендей, шайлоодо анын сүрөгөн талапкери Саломе Зурабишвили жеңди. "Психопроекттин" маалыматына ылайык, Саломе Зурабишвили 52,3% менен утса, оппозициялык “Күч бирдикте” биримдигинин талапкери Григол Вашадзе 28,1% добуш алып экинчи, “Европалык Грузия” партиясынын талапкери Давид Бакрадзе 9,32% менен үчүнчү болгон. "Психопроект" сурамжылоону башкаруучу партиянын буюртмасы менен жүргүзгөн.
Ошол эле кезде “Европалык Грузия” партиясынын суранычы менен алдын ала эсептөө жүргүзгөн BCG компаниясынын маалыматына ылайык, Григол Вашадзе 37%, Саломе Зурабишвили 34%, Давид Бакрадзе 17% добуш алган болушу ыктымал.
Мыйзамга ылайык, 50 пайыздан көп добуш алган талапкер утту деп саналат.
“Европалык Грузия” партиясынын талапкери Давид Бакрадзе экзит-поллдун маалыматтарынан кийин, Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) расмий санагын күтпөй эле шайлоодо утулганын моюнуна алды.
Шайлоого 25 талапкер ат салышты, баштапкы эсеп боюнча, калгандарынын алган добушу беш пайызга да жетпеши мүмкүн.
Экс-президент Михаил Саакашвили бийликте турган кезде Тышкы иштер министрлигин жетектеп турган оппозициялык талапкер Вашадзе шайлоо өнөктүгү учурунда өлкөдөгү олигархиялык бийлик системасын жоюуга убада берди.
Мурдагы тышкы иштер министри Саломе Зурабашвили өз алдынча талапкер деп эсептелгени менен, анын артында бийликтеги “Грузин кыялы” партиясы турат. Эгер 66 жаштагы Зурабашвили утса, ал Грузия тарыхындагы алгачкы аял президент болот.
Азыркы президент Георгий Маргвелашвили бул жолу шайлоого катышкан жок. Грузияда 3,5 миллионго жакын шайлоочу бар.
Бул саясий өнөктүк - Грузиянын жарандары президентти түз шайлаган акыркы шайлоо.
Конституциянын жаңы редакциясына ылайык, мындан кийин президентти парламент депутаттары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кирген 300 адамдан турган шайлоочулар жамааты шайлайт. Грузияда президенттин бийлик укуктары чектелүү.