Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:37

Болтон: АКШ Грузиянын аймактык бүтүндүгүн колдойт


АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон Вашингтон 2008-жылы Грузия менен согушка байланыштуу Орусияга каршы баардык жазалоочу чараларды көргөн деп билдирди. 26-октябрда Тблисиде Грузиянын жогорку жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдөн кийин Болтон Кошмо Штаттар Грузиянын аймактык бүтүндгүн жана эгемендигин колдойт деди. Орусия Грузиянын жикчил чөлкөмдөрү Түштүк Осетия менен Абхазиянын жетекчилерин колдоп келатат. Эки аймак 1990-жылдардын башында Грузиянын борбордук өкмөтүнүн көзөмөлүнөн чыкканын жарыялашкан. 2008-жылдын августунда Москва эки жумурияттын айынан Тбилиси менен 5 күндүк согушту баштаган. Ошондон кийин ал жакта аскерлерин көбөйткөн жана көз карандысызздыгын тааныган. Бирок дүйнөнүн басымдуу көпчүлүгү Түштүк Осетия менен Абхазияны өзүнчө мамлекет катары таанууну четке кагышууда жана ал жумурияттарды Грузиянын Орусия оккупациялаган жерлери деген Тбилисинин көз карашын бөлүшүшөт.

XS
SM
MD
LG