Грузиянын "Сенаки" базасында 2-сентябрда башталган машыгуулар он күнгө созулат. Ага АКШ, Болгария, Румыния, Латвия, Грекия, Украина, Түркия, Чехия, Эстония жана Грузиянын 230дан ашык аскери катышууда.
Машыгуулар 2008-жылы августта батыш Грузияга кирип келген орусиялык аскерлер тарабынан дээрлик талкаланган базада өтүп жатат.
Грузия НАТОго мүчө болууга аракеттенүүдө. Ал үчүн эки баскычтан өттү.
НАТОнун машыгуулары 2011-жылдан бери Грузияда жыл сайын өтүп келет. Былтыр ага жети өлкөнүн аскерлери катышкан.