“Окуялардын ушундай нукта өнүгүшү тынчсыздантат. Мунун бардыгы Батыштагы өнөктөштөрдүн ишинин кесепети”, - деди орусиялык жогорку даражагы дипломат.
ТАССтын маалыматына ылайык, мындай билдирүүнү Богданов 16-февралда “Ислам мамлекети” уюмунун согушкерлери египеттик христиандарды (копторду) мууздап жатканы тартылган видео чыккандан кийин жасаган.
Согушкерлер тараткан тасмадагы 21 христиан бир нече жума мурун Ливиянын Сурт шаарында барымтага алынган. “Ислам мамлекети” тобу аларды “крестке сыйынган, кас египет чиркөөсүнүн мүчөлөрү” деп атаган.
Москва АКШ менен Батышты Ливия, Ирак өңдүү өлкөлөрдү басып киришкенин сындап келгендей эле, “Ислам мамлекети” уюмуна каршы коалицияны да жактырбайт. Орусия Вашингтон жана өнөктөштөрү Сириянын аймагына абадан сокку уруу үчүн президент Башар Асаддан уруксат алган эмес деген жүйө келтирүүдө.
"Сириядагы куралдуу тирешүүнү саясий жол менен жөнгө салууга аракеттениш керек деген ойду карманабыз. Мүмкүн болушунча тезирээк чара көрүлүүгө тийиш. Себеби күн сайын адам өмүрү кыйылууда, инфраструктура талкаланууда", - деген орус тышкы иштер министринин орун басары өткөн жылдын этегинде Дамасктагы жолугушуулардан кийин.
Богданов египеттик христиандардын массалык өлтүрүлүшү үчүн тарых алдында ким күнөөлүү деген суроого жооп издебестен, кырдаалды туура талдап, эффективдүү жана бирдикте иш алып баруу үчүн жыйынтык чыгаруу керек, - деп белгиледи. “Бир тараптагы исламчылар жакшы, башкалары - жаман деген кош стандарттардан баш тартуу зарыл. Иш жүзүндө – бул бир эле кишилер”.
Москва Вашингтон бир жагынан Сириянын Эркин армиясынын негизги топторун колдоп, ошол эле маалда “Ислам мамлекети” уюмуна каршы сокку уруп келатканын буга чейин да сындап келген.
Орусия Сириядагы бардык куралдуу топторду экстремисттик террордук топтор деп билет.
Богданов “Ислам мамлекети” расмий чек араларды тааныбасын белгилеп, топтун коркунучу өсүп баратканын эскертти.
“Ал жайылып, өрчүгөн рак шишигине окшойт. Бул кооптондурбай койбойт. Биздин жана региондогу өнөктөштөрүбүздүн улуттук коопсуздугуна доо кетирет”, - деген дипломат Москва терроризмге каршы күрөштө эл аралык коомчулукка жана аймактагы өлкөлөргө, анын ичинде Египетке жардам берүүгө даярдыгын билдирди.
Өткөн жумада орус президенти Владимир Путиндин Египеттеги сапары учурунда эки өлкө ортосунда аскердик жана экономикалык алакаларды бекемдөө боюнча келишимдерге кол коюлган.