Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:12

"Чет элдик өкүл" мыйзамы: ЖИА баштаган үч уюм реестрге кирди


Кыргызстандын Юстиция министрлиги
Кыргызстандын Юстиция министрлиги

Жаш ишкерлер ассоциациясы (ЖИА) "Чет элдик өкүлдөр" реестрине киргизилгени маалым болду. Буга чейин бул тизмеге кирген айрым бейөкмөт уюмдар жана долбоорлор ишин токтотуп жатканы айтылган.

"Чет элдик өкүлдүн функцияларын аткарып жаткан Кыргыз Республикасынын коммерциялык эмес уюмдарынын реестрине" ЖИА-бизнес-ассоциациясы, "Евразия бизнес клубу" ишкерлер бирлиги", Кыргызстандагы Fauna and Flore International (Фауна энд Флора Интернэшнл) компаниясынын филиалы катталган.

ЖИА-бизнес ассоциациясы директору Аззамбек Жээнбай уулу 10-сентябрда маалыматты "Азаттыкка" ырастап, "мыйзамдын талабы боюнча каттоодон өтүш керек экен" деп түшүндүрдү.

Ассоциациянын юристи Бакытбек Сартмаметов ЖИА реестрге өз ыктыяры менен катталганын, бул көрүнүш жалпы ишке тоскоол болбой турганын айтып жатат:

“Мыйзамды кабыл алып жатканда ассоциациялардын көпчүлүгү, биз дагы ассоциацияларды коммерциялык эмес уюмдун катарынан чыгарып бергиле деп суранганбыз. Анткени ассоциациянын түздөн түз жумушу - бизнес менен мамлекеттин ортосунда көпүрө түзүү. Тилекке каршы, ал мүдөө ишке ашкан эмес. Мыйзам кабыл алынды, президент кол койду. Бүгүнкү күндө аны аткарууга гана моюн сунуп атабыз”.

Аталган мыйзам кабыл алынганга чейин ЖИА-бизнес ассоциациясы айрым уюмдарга чектөө болсо, айрымдары чочулоодон улам ишмердигин, кызматташуусун басаңдатышы мүмкүн экенин билдирген.

Руслан Акматбек.
Руслан Акматбек.

ЖИАда сегиз жылдай аткаруучу директор болгон Руслан Акматбек бизнес чөйрөсүнүн "чет элдик өкүл" деп реестрден өткөнүн сынга алды:

"Күтүлгөн нерсе болчу. Мыйзамды ачып окуганда нес болгом. Бул ассоциация кыргыз ишкерлеринин башын кошкон, бардык облуста иш алып барган уюм. Бизде оңой менен ишкерлердин башы бирикпейт. Өз алдынча биригип, мамлекеттен бир тыйын сурабай ишкерлерге көмөк көрсөтүп келген ассоциацияны "чет элдик өкүл" деп табуу акылга сыйбайт. Мен өлкөм үчүн аракет кылып атсам, "чет элдик өкүл" болот турбаймынбы. Андай болсо мамлекет ишкерлерге эл аралык уюмдар менен иштебей тургандай колдоо көрсөтсүн да. Мамлекет өзү деле эл аралык уюмдардын каржылоосу менен иштеп келген да. Ошол эле улуттук каналдар да долбоорлорун донорлордун акчасы менен жүргүзгөнү сыр эмес да. Ушуга чейин мамлекет бир социалдык долбоорду колдогонун уктуңар беле? Мамлекеттин эң чоң колдоосу - жыйындарга катышып, чогуу өткөрүү гана болчу".

Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров саясатка тиешеси жок, ишкерлерди колдоо менен алектенген уюмдун реестрге киргизилиши жакшы жышаан эместигин белгилеп, Юстиция министрлиги бул чечимди кайра карап чыгууга тийиш деген пикирде:

Элдар Абакиров.
Элдар Абакиров.

"Айрым депутаттар АКШнын деле ушундай мыйзамы болгон деп жатат. Бирок Америкада ал "кансыз согуш" маалында ар кандай кырдаалдын алдын алуу максатында кабыл алынса керек. 2012-жылы мындай мыйзам Орусияда кабыл алынган болчу. Биздики аларды көчүрүп алгандай эле болду. Кыргызстанга бул мыйзам канчалык керек экени чоң суроо. Мен депутат катары колдобойт элем, бирок кабыл алынгандан кийин мыйзамды сыйлаш керек. ЖИА сыяктуу уюмдар четтен каражатты ар кандай долбоорлор үчүн алат. Мамлекет андай гранттарды жүз, миң эселеп эле колдонуп келет. Бул жагынан Юстиция министрлиги карап сунуш бериш керек го. Анткени саясатка тиешеси жок уюмдарды "чет элдик өкүл" деп табуу кулакка өөн угулат экен. Ал уюмдар өлкөнүн эртеңкисине жана бүгүнкүсүнө кызмат кылып жатпайбы".

ЖИА бизнес-ассоциациясынын сайтында уюм 2006-жылы Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген демилгелүү ишкерлер тарабынан түзүлгөнү жазылган. Бүгүнкү күндө ассоциация 1400дөн ашык ишкерлерди бириктирип, Кыргызстандын бизнес-коомчулугунун активдүү өз ара аракеттенүүсү үчүн бардык шарттарды сунуштаган аянтча экени, мамлекеттик институттар, эл аралык өкүлчүлүктөр жана донордук уюмдар, элчиликтер менен иштей турганы айтылган.

Эки айда каттоодон өтпөсө эмне болот?

Быйыл апрелде “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” талаштуу мыйзам күчүнө кирген. Юстиция министрлиги 16-майдан тартып бейөкмөт уюмдар эки айдын ичинде коммерциялык эмес уюмдардын реестрине киргизүү жөнүндө арыз, документтерди бериши керектигин эскерткен.

Август айында аталган министрликке реестрге киргизүү боюнча бир нече уюмдардан арыз түшкөнү, алардын документтери каралып жатканы кабарланган.

Юстиция министрлигинин аналитика бөлүмүнүн кызматкери Санжарбек Жумадылов жогорудагы үч уюмдун реестрге киргизилгенин мындайча түшүндүрдү:

“"Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзамга ылайык, сырттан каржыланган коммерциялык эмес уюмдар эки айдын ичинде каттоодон өтүүгө арыз бериши керек болчу. Май айынан август айына чейин реестрден өтүүгө арыз берген уюмдардын ичинен үчөө гана бардык керектүү маалыматты бере алды. Ага байланыштуу бул үчөө "чет өлкөлүк өкүл" катары реестрге катталды”.

Жумадылов Министрлер кабинетинин 2024-жыл, 27-августтагы токтомуна ылайык, "Чет өлкөлүк өкүлдүн" милдетин аткарган коммерциялык эмес уюмдарды реестрге каттоо тартиби бекитилгенин айтууда. Аталган токтом 9-сентябрда күчүнө киргенине байланыштуу "Чет өлкөлүк өкүл" катары таанылган уюмдар эки айдын ичинде реестрге кирүүгө арыз бериши керек.

“Эгерде кайсыл бир уюм эки айдын ичинде арызын бербесе, анда мыйзамдын талабын бузган болуп эсептелет. Алар аталган реестрге катталууга милдеттүү. Эгерде мыйзам бузулганы аныкталса, анда Юстиция министрлиги эскертүү берет. Реестрге кирген уюмдар жыл сайын 1-майга чейин аудиттик отчет тапшырышы керек болот. Мындан тышкары мындай уюмдар массалык маалымат каражаттарына же интернетке кандайдыр бир материал жарыяласа, анда аталган материал чет элдик өкүлдүн функцияларын аткарып жаткан коммерциялык эмес уюм тарабынан даярдалганын айта кетүүгө милдеттүү”, - деди Санжарбек Жумадылов.

Мыйзамдын айынан ишин токтоткон уюмдар

Учурда өкмөттүк эмес уюмдарынын өкүлдөрү мыйзам кабыл алынгандан кийин ишин мыйзамды бузбай улантуунун жолдорун издеп жатканын айтууда. Кээ бирлери коомдук фондду жоопкерчилиги чектелген коом (ЖЧК) кылып кайра каттатышууда, кээ бирлери саясий ишмердик катары бааланган долбоорлорду токтотушууда, ал эми башкалары уюмдарын толугу менен жаап жатышат.

Ишин токтотууну чечкен уюмдардын катарында укук коргоочу Динара Ошурахунова негиздеген "Жарандык демилгелер" коомдук фонду да бар.

"Ар бир жолу саясий ишмердикке айыпталып, ар бир жолу актанууга туура келет. Бул толугу менен маанисиз. Биздин уюм парламент менен иштешчү, шайлоо маселелери менен алектенчү, мунун баарын саясий ишмердик катары кароого болот. Мындан тышкары, каржылоо маселеси да бар, биз буга чейин эле жергиликтүү эл аралык уюмдардан каржылык жардам албай калганбыз. Биздин өнөктөшүбүз ар дайым "Сорос-Кыргызстан" фонду болгон, ал дагы жабылды. Учурда каржы булактарын табуу өтө кыйын. Кыргызстан азыр эл аралык коомчулуктун көңүл буруусун жоготуп жатат".

Ал эми "Прецедент" өнөктөштүк тобунун негиздөөчүсү, юрист Нурбек Токтакунов чет элдик каржылоодон баш тартууну туура көргөн:

"Биз саясий укуктар менен эркиндиктерди өнүктүрүү жана коргоо боюнча ишибизди уланта беребиз, бирок чет элдик каржылоодон баш тарттык. Демократия, укуктар жана эркиндиктер туруктуу жана өнүгүү жолунда болгондо гана күчтүү болот, бул ресурстар ички булактардан, финансыдан гана эмес, эң негизгиси, адам ресурстарынан болушу керек. "Прецеденттен" бир топ жаштар бөлүнүп чыгып, башка жолду тандашты – алар чет элдик каржы булактарын сактап калууну чечип, башка БӨУ түзүштү. Алар чет элдик өкүл катары катталабы же саясатка аралашпай эле коомдук ишмердик менен алектенеби, мен билбейм, бирок, менин оюмча, бул мүмкүн эмес. Коомдук ишмердик саясий эркиндиктерди, сөз эркиндигин, маалымат агымынын эркиндигин, бийликтин ачык-айкындыгын жана жоопкерчилигин алдыга жылдыруу дегенди билдирет, бул кайсы бир деңгээлде саясат".

Президент Садыр Жапаров 7-апрелде улуттук “Кабар” агенттигине ушул мыйзам боюнча берген маегинде “өкмөттүк эмес уюмдарга куугунтук болбойт” деп билдирген.

Бир катар эл аралык уюмдар, бир нече өлкөлөрдөн 30дан ашуун жарандык бейөкмөт уюмдар, АКШ баштаган Европа өлкөлөрүнүн элчиликтери мыйзамдын кабыл алынышына тынчсыздануусун билдирген.

Юстиция министрлигинин юридикалык жактардын бирдиктүү маалымат базасында учурда 11 миң 819 коомдук бирикме жана 8 миң 749 коомдук фонд катталган. Алардын бардыгы эле укук коргоо ишмердиги менен алектенбейт.

XS
SM
MD
LG