Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:02

"Кыргызстанда жарандык коом чарчагандай"


Макс Георг Майер, Германиянын Ханнс Зайдел атындагы фондунун Борбор Азия боюнча координатору.
Макс Георг Майер, Германиянын Ханнс Зайдел атындагы фондунун Борбор Азия боюнча координатору.

Макс Георг Майер социалдык тармактардагы баракчасына кыргызча жазып, өлкөнү түрө кыдырып, ак калпакты башынан түшүрбөй кыргызстандыктарга таанылган.

Майер мырза - Германиянын Ханнс Зайдел фондунун Борбор Азия боюнча координатору. 20 жылдан кийин фонддогу ишин жыйынтыктап жаткан 64 жаштагы доктор Майер Кыргызстандын маданияты, кыргызстандыктар жана өлкөдөгү соңку өзгөрүүлөр туурасында "Азаттыкка" маек курду.

"Кыргыздардын жаратылышка, үй-бүлөсүнө байланышы өзгөчө"

"Кыргызстандын элинин жаратылышка, үй-бүлөсүнө, кары-картаңдарга байланышы өзгөчө. Бул мен үчүн абдан маанилүү. Мен башка жакта жүрүп кокустан жылкы баласын көрсөм, дароо Кыргызстанды эстейм. Жылкы дагы - өлкөнүн символу. Эгемендик алгандан кийин Кыргызстандын жашоосу жеңил болгон жок. 30 жыл ичинде ар кандай маселе, көйгөйлөр жаралды.

Бирок ушул 31 жыл ичинде Кыргызстан көйгөйдү чечүү жолун тапты. Мен эмнеге бул тууралуу айтып жатам? Германиянын чыгыш аймагы Советтер Союзуна окшош саясий режимде жашады. Батыш Германия Чыгышка канча бюджет, жардам берилгенин билет. Бирок өнүгүү абдан оор болду. Чыгыш Германияда азыр да кемчиликтер жок эмес. Кыргызстанга андай ири жардам берилген жок.

Бүт өндүрүшү бузулуп, завод-фабрикалары иштебей, жумушсуздук күч алган Кыргызстан 31 жылда көйгөйдү чечүү жолун тапты жана анысы ийгиликтүү болду. Азыр деле кемчиликтер бар, бирок туура жолдо баратат.

"Кыргыздар абдан ийкемдүү - бул абдан жакшы сапат"

Майер мырза быйыл, 2024-жылы Кыргызстандагы ишин жыйынтыктап, 22 жылдан кийин өз мекенине кайтканы жатат. Бул аралыкта кыргыз маданиятын, улуттук баалуулуктарын жакшы эле өздөштүргөнүн айтып отурду.

"Кыргызстандыктар меймандос, абдан ийкемдүү калк келет. Көп кыйынчылыкты ошол ийкемдүүлүгү менен жеңет. Германиядан келген адам Кыргызстандын шартында кыйналышы мүмкүн. Ал эми кыргызстандыктар кандай шарт болсун жол табат, альтернативаларды көрөт. Бул абдан позитивдүү жана абдан маанилүү. Мисалы, союз учурунда эл анчейин активдүү эмес болчу. Азыр кыргыздар абдан активдүү, оор мыйзамдар кабыл алынса дагы, ага ылайыкташып иштеп кете алат. Бул абдан маанилүү".

Макс Георг Майер Тогуз-Торого жасаган иш сапары учурунда. 2021-жыл. Жеке архив.
Макс Георг Майер Тогуз-Торого жасаган иш сапары учурунда. 2021-жыл. Жеке архив.

"Кыргызстанда кыйынчылыктарга туруштук берип, аны жеңүүгө үй-бүлө маданияты дагы жардам берет. Бул абдан маанилүү, аны сактап калуу зарыл. Андан сырткары Кыргызстан 31 жыл беш жыл парламентаризм, беш жыл президенттик системада жашап, өлкө чукул өзгөрүүлөрдү жасады. Орток чечимдер өлкө үчүн маанилүү. Албетте, күчтүү президент болсун, сөзсүз күчтүү парламент, күчтүү жарандык уюмдар, бизнес сектору да болушу керек. Ошондуктан кескин өзгөрүүлөрдөн алысыраак болсо, Кыргызстан пайда көрөт".

“"Чет элдик өкүл" мыйзамы өлкөнүн имиджине таасирин тийгизди”

Кыргызстандагы Зайдел фондунун башчысы буга чейин “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” (“Чет элдик өкүл”) мыйзамын сынга алып, кыргыз бийлигине какшык иретинде кайрылуу жолдогон. Ал бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзам Кыргызстандын рейтингин төмөндөт деген ойдо.

"Көп талкуу болду, талкуу дагы болот. Менимче, "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзамында эки маанилүү маселе бар.

Биринчиси - техникалык жагы. Биринчи мыйзам 1999-жылы кабыл алынган. Андан бери мыйзам беш жолу өзгөрүүгө учурады. Ошол жылдан бери эле Ханс Зайдел фонду салык, Социалдык фондго төлөп келатат. Ай сайын жана алты айда бир отчет берет. Мындан сырткары жылдык отчет бар. Статистика комитетине ар алты айда отчет берилет. Жыл соңунда салыкка баланс деп дагы берет. 2019-жылдагы өзгөрүүлөргө ылайык, коммерциялык эмес уюмдар киреше каяктан алынары, кайда жумшалары тууралуу салык кызматына отчет берип келди. 2023-жылга чейин деле мыйзам бар болчу. Коммерциялык эмес уюмдар жергиликтүү же чет өлкөлүк болсун, көзөмөл механизми көп. Мамлекеттин көзөмөлү дайыма эле болгон жана боло берет. Көзөмөл үчүн кошумча кадрлар керек, алар бардык тармакта жетиштүүбү, жокпу, билбейм. Бирок жергиликтүү жана чет өлкөлүк коммерциялык уюмдарды көзөмөлдөөчү мыйзамдар жетиштүү. Ошондуктан жаңы мыйзамды кабыл алууга зарылдык деле жок болчу деп ойлойм".

Макс Георг Майер Нооруз майрамы учурунда. Бишкек.
Макс Георг Майер Нооруз майрамы учурунда. Бишкек.

"Бирок дагы бир маанилүү маселе бар. 1992-жылы Ханнс Зайдел фонду Борбор Азиядагы биринчи кеңсесин эмне үчүн Бишкекте ачкан? Эмнеге Ташкентте же Астанада эмес? Анткени Кыргызстан Борбор Азиядагы демократия аралы, либерал өлкө болчу. Ушул себептүү көп эл аралык донорлор, коммерциялык эмес уюмдар Бишкекке келген.

Демократия аралы деген атак Кыргызстандын бренди болгон. Акыркы окуялар, кабыл алынган мыйзамдар өлкөнүн бул имиджине терс таасирин тийгизди. Бул кетиште дүйнө Кыргызстанды Тажикстан сыяктуу авторитардык өлкө катары кабыл алышы мүмкүн. Бул жакшы эмес. Тарыхка кайрылсак, кыргыз эли өзү дагы авторитардык башкарууну башынан жакшы көргөн эмес.

Имидж маселеси мен үчүн жана биздин фонд үчүн абдан маанилүү. Акыркы талкуулар өлкөгө аброй алып келбесин мамлекеттик органдар билиши керек. Президент мыйзамга кол койду, эми кандай болорун көрөлү. Жергиликтүү коммерциялык эмес уюмдар, чет өлкөдөн келген донор уюмдар кийинки жылы Кыргызстанда иштейби же жокпу, аны билбейм. Бирок мыйзамдын кабыл алынышы алардын ишине тоскоолдук жаратат".

Макс Георг Майер Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкону үчүн "Ардак грамотасы" менен сыйланган. 2021-жыл.
Макс Георг Майер Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкону үчүн "Ардак грамотасы" менен сыйланган. 2021-жыл.

Майер жетектеген Зайдел фонду 20 жылдан бери Кыргызстанда жарандык коомдун өнүгүшү, мамлекеттик кызматтагылардын ачыктыгын камсыз кылуу жаатында иштеп келет. Ал соңку учурдагы шайлоолор, жарандык коомдун орду жана ролу тууралуу айтты. Барган сайын жарандардын шайлоого катышпай жатканы, талапкерлердин аз эле добуш менен саясатка келиши терең изилдене турган маселе деп эсептейт.

"Менимче, бүгүн жарандык коом бир аз чарчады".

"Жарандык коом Кыргызстандын тарыхында ар дайым күчтүү болгон. Менимче, бүгүн жарандык коом бир аз чарчады. Саясатта дагы көп өзгөрүүлөр, ыңкылаптар болду. Азыр карап көрүңүз - Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо Бишкекте, округдарда дагы болду. Ага шайлоочулардын 15% эле катышты, бул 100 кишиден 15и келди деген кеп. Бул абдан аз. Ошондуктан жарандык коом бир аз чарчагандай көрүнөт. Бул Кыргызстан үчүн маанилүү окуя, терең анализ керек.

Округдардан чыккан талапкерлер саясий партиялардын дагы өкүлү эмес, өз аймагынан чыккан талапкерлер. Ошого деле аз киши катышууда. Жарандык коом бийликтен көп нерсе күтөт.

Жумушунда, жолдо, үй-бүлөдө болобу, башка кызматтарда бир-эки жылда, кыска убакытта кандайдыр бир өзгөрүүнү эңсейт. Эгер ушул убакытта натыйжа болбосо, башка альтернативага добуш берет. Мындай көрүнүш Батыш Европада дагы бар. Ал жакта бир аз экстремизмге жакын, радикал партиялар 20-25% добуш алат. Саясат бүт дүйнөдө окшош эле".

Макс Георг Майер фонддун бүтүрүүчүлөрү менен. Баткен. 2021-жыл.
Макс Георг Майер фонддун бүтүрүүчүлөрү менен. Баткен. 2021-жыл.

"200дөй калпагым бар, тилди үч жылда үйрөндүм"

Макс Георг Майердин дагы бир өзгөчөлүгү - Кыргызстандын булуң-бурчун кыдырып, көргөн билген таасирлерин кыргыз тилинде жазып, айтып бергени.

"Мен түрк тилин Германияда университетте окудум. 20 жыл Түркияда иштедим, аялым түрк кызы. Үй-бүлөдө түрк тилинде сүйлөшөбүз. Ал эми Кыргызстанда тилди үйрөткөн мугалимим болду. Экинчиден, жумуш үчүн кайсыл бир тилди билиш керек болсо, аны үйрөнөсүң. Өзүм дагы Кыргызстанда иштегенден кийин кыргыз тилин билишим керек деген принципке турдум. Ошондуктан бул мага чоң мотивация болуп, үйрөнүп кеттим", - дейт ал.

Макс Георг Майер. Бишкектеги базарлардын биринде.
Макс Георг Майер. Бишкектеги базарлардын биринде.

"Калпак - Кыргызстандын эгемендигинин, күчтүү маданиятынын, жаратылышынын символу. Ошондуктан калпак дүйнөдө кыргыздардын, эгемен өлкөнүн символу катары кабыл алынат. Үйдө 200дөй калпагым бар. Алардын ар бири мен үчүн маанилүү белек".

"Алгач келгенде кыргыз тойлоруна абдан таң калгам"

Майер мырзанын жубайы Хүлия Майер түрк кызы. Кыргыздар менен түрктөрдүн окшош жагы көп экен дегени менен, ал жаңы келгенде тойдогу дасторконду көрүп таң калган экен:

"Кыргызстанда жашап жатканыма жети жыл болду. Бул убакыт ичинде биз көрө элек жер калбады окшойт. Бул жакка келе электе Кыргызстан тууралуу көп уккам, дайыма кызыгып жүрчү элем. Келгенден кийин тарыхыбызды дагы жакшы билип калдым, кыргыз калкын жакындан тааныдым. Маданияты жагынан деле бизге өтө жакын, салт-санаабыз, менталитетибиз окшош экен.

Сары-Челекти айтсамбы, Көл-Суубу, Соң-Көлбү... баары өзүнчө керемет. Бул жактан ат мингенди үйрөндүм, эр жүрөк адамдар менен тааныштым. Ар жумада тоолорго чыккан мүмкүнчүлүктү өзүм жашаган Түркиядан, Стамбулдан таба албайм. Жолдошум менен Кыргызстанда абдан сонун күндөрдү өткөрдүк. Сонун адамдар менен тааныштык, достоштук. Биз Кыргызстанды абдан сагынабыз жана кайра келебиз деп ойлойм.

Макс Георг Майердин жубайы Хүлия Майер. Бишкектеги базарлардын бири.
Макс Георг Майердин жубайы Хүлия Майер. Бишкектеги базарлардын бири.

Биз Кыргызстанда тойлорго көп бардык. Аябай кооз зал, дүйүм тамакка толо дасторкон. Алгач келгенде абдан таң калгам. Баарынын чыгып бийлегени, тойго келген бардык конокторго өз-өзүнчө сөз берилгени мени өзгөчө таң калтырган. Коноктордун бардыгы муну күтүп, атайын даярданып келишет экен, бардыгы сулуу".

Макс Георг Майер.
Макс Георг Майер.
Макс Георг Майер жубайы Хүлия Майер
Макс Георг Майер жубайы Хүлия Майер

"Кыргызстанды сагынам, кайра келем"

Макс Георг Майер Кыргызстандын 40 районунда тең болгонун, өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрү көп экенин кеп салды:

"Эл аралык донор уюмдун өкүлү жалгыз Бишкекте болгону жетишсиз. Кыргызстандын ар бир району, айыл аймагы маанилүү. Ошондуктан жети облус, 40 район, 235 айыл аймагын түрө кыдырдым. Баткенге 20 жылдан бери барам. Ал жакта Түркиянын Каппадокиясына окшош абдан кооз, кызыктуу жер бар. Соң-Көл, Ысык-Көл, Кел-Суу болсун, баары жагат. Люкс мейманкананын ордуна боз үйдө жатып, тамактанган мага абдан жагат. Ошондуктан Кыргызстандын түштүгү менен түндүгүнүн ортосунда көп жүрдүм. Кыргызстанда мүмкүнчүлүктөр көп".

Макс Георг Майер Алай, Чоң-Алай райондорун кыдырганда. Ал дүйнөнүн булуң-бурчунан жылкыны көрсө, Кыргызстанды эстей турганын айтты.
Макс Георг Майер Алай, Чоң-Алай райондорун кыдырганда. Ал дүйнөнүн булуң-бурчунан жылкыны көрсө, Кыргызстанды эстей турганын айтты.

Ханнс Зайдел фонду Германияда 1967-жылы түптөлүп, ага Бавариянын мурда премьер-министри жана христиандык-социалдык бирикменин төрагасынын аты берилген. Фонд христиандык-социалдык бирикмеге жакын жана христиандык принциптер боюнча демократиялык, жарандык билим берүүнү колдоо максатында саясий агартуу иштерин жүргүзөт. Анын билим берүү программасы партиядан тышкары бардык кызыкдар жарандар үчүн жеткиликтүү.

Фонддун чөлкөмдөгү кеңсеси Кыргызстанда, Казакстанда, Өзбекстанда жана Тажикстанда иш жүргүзөт. Бишкектеги филиал 2002-жылдан бери иштейт.

22 жыл аралыгында фонд Кыргызстандын президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы менен биргеликте 2400дөй мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди окутуп чыгарды. Анын ичинен айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, мэриялардын, акимчиликтердин жана башка түзүмдөрдүн адистери түрдүү окутуулардан өткөн.

Фонд мындан сырткары Кыргызстанда экология, билим берүү, айлана-чөйрөнү коргоо, миграция багытында иштерди алып барат.

XS
SM
MD
LG