Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:19

"Бизге жарандык эркиндик керек". Гутерриш укук коргоочулардын үнүн укту


Жарандык коомдун өкүлдөрү БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш менен. 2-июль, 2024.
Жарандык коомдун өкүлдөрү БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш менен. 2-июль, 2024.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриштин Борбор Азия сапары жыйынтыкталды. Ал үч күндүк сапар алкагында мамлекет жетекчилигинен тышкары жарандык коом, жаштар менен да жолугушууларды өткөрдү.

Баш катчынын сапары Кыргызстанда камактагы журналисттердин соту уланып, адам укугуна байланыштуу маселе күн тартибинде турган учурга туура келди.

Гутерриш Кыргызстанга сапарынын алкагында жарандык коомдун саналуу өкүлдөрү менен кыска убакытка жолукту. Анда Кыргызстанда адам укугуна байланыштуу жарандык коомду тынчсыздандырган бир катар маселелер айтылган.

Жолугушууга катышкандардын бири юрист Акмат Алагушев айткан пикири үчүн абакта жаткан активисттердин, журналисттердин маселесин көтөргөн.

“Болгону эки мүнөттөн сүйлөдүк. Анда сөз эркиндиги боюнча кылмыш иши козголуп жатканын, журналисттердин камакта экенин айттык. 11 журналисттен төртөө дагы эле камакта калууда. Олжобай Шакирге беш жылга эркиндигинен ажыратуу жазасы берилди. Жолугушууда башка кесиптештерим бөлөк маселелерди да көтөрүштү. Айткандарыбыз боюнча кат түрүндө кайрылуу да тапшырдык”, - деди ал.

Сөз эркиндигине байланышкан кабатырлануулар соңку соттук териштирүүлөрдөн кийин кайрадан күн тартибине чыгууда.

Ушу тапта 11 журналисттин үстүнөн сот болууда. Социалдык тармактагы билдирүүлөрү үчүн “жапырт башаламандыкка” айыпталган активист Зарина Төрөкулованы 3-июлда Жогорку Сот да күнөөлүү деп таап, мурдагы инстанциянын чечимин күчүндө калтырганы белгилүү болду.

Бийлик журналисттерди жоопкерчиликке чакырып, сөз эркиндиги бар экенин айтып келет.

Соттук териштирүү дээрлик бир жылга уланган Кемпир-Абад иши боюнча 14-июнда Биринчи май райондук сотунда бардык айыпталуучуларды актаган.

Бул окуя бийликтин саясий топторго карата ачыктыгы, ырайымдуулугу катары мүнөздөлгөн. Бирок андан эки апта өтпөй прокуратура соттун актаган чечимине макул болбой, кийинки инстанцияга апелляциялык арыз берди. Акын Аскат Жетиген “бийликти басып алууга чакырык жасаган” деп айыпталып, 1-июнда райондук соттун чечими менен үч жылга соттолду. Гутерриштин сапарына жакын аралыктагы мындай чечимдерди жарандык коом өкүлдөрү жана укук коргоочулар сөз эркиндигине басымдын уланышы катары мүнөздөшүүдө. Бийлик мындай аракетин коомду “тарбиялоо аракети” катары сыпаттап, мында эч кандай куугунтук же басым жок экенин белгилеп келет.

“Бир дүйнө – Кыргызстан” уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова жолугушууда жарандардын эркин уюшуу укугуна көңүл бурганын билдирди:

“Гутерриш мырза келерден мурда бизди кабыл алабы же кабыл албайбы, өкмөт киргизеби деген маселе турган. Биз жолукпай калышыбыз да мүмкүн эле. Биз коомчулуктун кызыкчылыгы үчүн ар кайсы тармактан кошулган өкүлдөр бир катар маселелерди көтөрдүк. Бизге жарандык биригүү эркиндиги керек экенин айттык. Ал үчүн “Орусиядан көчүрүлүп алынган коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзамды алып салуу зарыл” дедик”.

Исмаилова айткан “чет элдик өкүл” деп таанылган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамды Жогорку Кеңеш быйыл жазында кабыл алган. Анда жарандык уюмдарга талаптар күчөтүлүп, “чет элдик өкүл” макамынын берилиши сыяктуу жаңы кирген түшүнүктөр жергиликтүү жана эл аралык уюмдарды нааразы кылган.

Ал арада Бишкектин негизги жерлеринде митинг жана тынч жыйындарды өткөрүүгө 2022-жылы мартта кирген чектөөнүн мөөнөтү улам узартылып келүүдө.

“Адилет” укуктук клиникасынын жетечиси Чолпон Жакупова сөз эркиндигине байланыштуу соңку жагдайларды “көңүл жубатуучу” катары мүнөздөдү.

Гутерриштин келишине “даярдык катары бийлик катаал чараларын бир аз жумшартканын” белгилеп, буга "кемпирабадчылардын" акталышын жүйө келтирди:

“Гутерриш абал боюнча кабардар болду. Ал президент менен жолугушууда сөз эркиндиги жана коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзамга байланыштуу маселени көтөргөнүн айтып, абал жакшыра турганын белгиледи. Бул тармактарда абал мындан жаман болбойт деп аны ынандырышыптыр. Кырдаал аз-аздан оңолууда. Мисалы, “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун иштеп чыгуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлгөн, жумушчу топко биз да киргенбиз. Биз долбоордун акыркы вариантын алдык. Анда биз келтирген дээрлик бардык эле талаптар эске алынган. Негизинен Гутерриштин келишин жогору баалайм. Аны тосуп алууга даярдык учурунда эле абалдын бир аз жакшырганын "кемпирабадчылардын" акталышынан билсек болот. Бул процесс өтө жай жүрө турганын унутпашыбыз керек”.

Баш катчы Антониу Гутерриш 2-июлда Чолпон-Ата шаарында алгач президент Садыр Жапаров, кийин тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолугушуу өткөрдү. Андан соң журналисттерге жолдогон кайрылуусунда өлкөдө бир катар жылыштар байкалганын белгилеп, адам укугу маселесине да учкай кайрылды.

“БУУнун Кыргызстандагы институттары Кыргызстандагы маанилүү болгон бардык маселелерди колдоого даяр. Анда зордук-зомбулукту токтотуу, аялдардын укуктарын коргоо, жашыл экономиканын өнүгүүсү, айлана-чөйрөнүн корголуусу сыяктуу бир катар маселелер бар. Кыргызстан БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинде мүчө болушу бул өлкөгө дагы да көбүрөөк жоопкерчилик жүктөйт. Анын адам укуктары, экономикалык, саясий жана жарандык бардык укуктар корголушу керек. Министр мырза мага айтып бергендей, эркиндик бул элдин генинде бар экен. Тарыхына карап көрсөк, бул туура көрүнүш", - деди Гутерриш.

Ал эми кыргыз бийлиги расмий Бишкек БУУнун жана кол коюлган эл аралык макулдашуулардын талаптарын толук аткарып келатканын белгилеп келет.

Баш катчы Гутерриш Борбор Азияга иш сапарынын алкагында Казакстанга жөнөп кетти. Анын сапары алгач 30-июнда Өзбекстандан башталган. 1-июнда Чолпон-Ата шаарына келип, эртеси күнү президент Садыр Жапаров, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолугуп, экологиялык долбоорлор менен таанышып, жаштар жана жарандык коом өкүлдөрү менен жолугушту.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG