Мыйзам долбоору азыркы глобалдашуу шарттарында Өзбекстандын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн коргоо боюнча кошумча чараларды киргизүү зарылчылыгынан келип чыкканы белгиленген.
Чет элдиктердин же жарандыгы жоктордун Өзбекстанга киришине тыюу салууга, ошондой эле аларды өлкөдөн чыгарууга кандай аракеттер негиз болушу мүмкүн?
- Өзбекстандын мамлекеттик суверенитетине, аймактык бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна каршы келүүчү ачык чакырык жасоо же ошондой аракет кылуу
- мамлекет аралык, социалдык, улуттук, расалык жана диний кастыкты козутуу
- Өзбекстандын кадыр-баркын, ар-намысын жана элинин тарыхын жаманатты кылуу.
Чектөө кандай?
Эми "жагымсыз" деп таанылган чет элдиктердин Өзбекстанга киришине беш жылга тыюу салынат. Алардын ошондой эле банк эсеп ачуусуна, кыймылсыз мүлк сатып алышына, мамлекеттик мүлктү менчиктештирүсүнө, каржылык жана келишим кызматташтыгына катышуусуна да жол берилбейт.
Мыйзам долбоорунда өлкөгө кирүүсүнө тыюу салынган адамдарды депортациялоонун негиздери жана тартиби да аныкталган. Тактап айтканда, чет элдик жаран Тышкы иштер министрлигинен билдирүүнү алган күндөн тартып 10 күндүн ичинде өз ыктыяры менен Өзбекстандан чыгып кетиши керек.
"Бул мөөнөттүн ичинде өз ыктыяры менен кетпесе, ал адам ички иштер органдары жана башка компетенттүү органдар тарабынан депортацияланат, башкача айтканда, мажбурлап чыгарылат", — деп айтылат документте.
Буга чейин "Азаттыктын" өзбек кызматы "Озодлик" радиосу айрым орусиялык пропагандачылардын Өзбекстанга каршы билдирүүлөрүнөн кийин бир катар коомдук активисттер бул өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине "жагымсыз адамдардын" тизмесин түзүүнү сунуштаганын жазган.
Тактап айтканда, орусиялык жазуучу, пропагандачы Захар Прилепиндин 2023-жыл, декабрдагы Өзбекстандын Орусияга кошулушу тууралуу билдирүүсүнөн кийин Орусиянын Ташкенттеги элчиси Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигине чакырылган. Прилепин "өзбекстандык 2 миллион жаран биздин өлкөдө жүргөндүктөн, Орусия Өзбекстанды аннексиялап алышы керек" деп айткан. Быйыл жыл башында орусиялык тарыхчы Михаил Смолин болcо Орусиянын НТВ телеканалында сүйлөгөндө, "1917-жылкы революцияга чейин өзбектер жок болчу" деген.
Коомдук активисттер менен өзбек блогерлер "орус шовинисттерине мындан ары жумшак жана сабырдуу мамилени" токтотууну жана Смолин сыяктуу адамдарга кылмыш ишин козгоп, Өзбекстанга кирүүсүнө тыюу салууну талап кылышкан.
Коомдук талкууга алынбай кабыл алынган жаңы мыйзам социалдык тармактарда да түрдүү пикирлерди жаратты. Айрым активисттер муну орусиялык пропагандисттерге өз убагында берилген жооп катары сыпаттаса, мыйзам ар кандай чечмелениши мүмкүн жана саясий оппоненттерге, бийликти сындагандарга каршы колдонулушу мүмкүн деп кооптонгондор да жок эмес.
@r_kusherbayev:
"Буга чейин бир катар чет элдик саясатчылар Өзбекстандын дарегине кемсинткен билдирүүлөрдү жасаган. Келечекте мындай шовинисттерге жаңы мыйзам татыктуу жооп болот".
Дилшод Муртазаев:
"Алар жөн гана "чет элдик агенттер" мыйзам долбоорун көчүрүп, чаптап коюшкан. Парламенттер аралык байланыш".
Nodirbek:
"Эң негизгиси, бул мыйзамды чыныгы патриотторго карата колдонбой, мамлекет башчысын мазактоо менен мамлекетти кемсинтүүгө теңеп жатышат. Менимче, дал ушундай болот".
Ал арада сынчылар өзбек депутаттары кабыл алган жаңы мыйзам менен Орусияда жана айрым мурдагы советтик республикаларда кабыл алынган "чет элдик агент" мыйзамдарынын ортосундагы окшоштуктарды белгилешет.
Бирок Лондондо жайгашкан Central Asia Due Diligence аналитикалык борборунун директору Алишер Илхамов "Озодликке" берген маегинде жаңы мыйзамды "чет элдик агенттер" жөнүндөгү мыйзам менен чаташтырбоо керектигин айтат.
"Айрым чет элдик жарандардын өлкөгө кирүүсүнө тыюу салган мыйзамдын жакшы жактары да, кемчиликтери да бар. Биринчиден, аны "чет элдик агенттер" жөнүндөгү мыйзам менен чаташтырбоо керек. Өзбекстанда эл аралык уюмдар менен иштешкен бейөкмөт уюмдардын ишмердигин чектеген ушул сыяктуу башка мыйзам актылары да бар. Алар 2005-2007-жылдары кабыл алынган. А "Чет элдик агенттер" – бул өлкөдө жашап, кандайдыр бир себептерден улам эл аралык уюмдар менен кызматташып, бийликтин шектенүүсүнө кабылган Өзбекстандын жарандары.
Ал эми "жагымсыз" дегендер кимдер? Жаңы мыйзам айрым чет элдик жарандардын өлкөгө кирүүсүнө тыюу салат. Бул мыйзам долбоору өлкөнүн эгемендигине коркунуч келтирген, Өзбекстанга кастык кылган адамдарга тиешелүү. Албетте, мындай адамдарга чара көрүлүп, өлкөгө киргизилбеши керек. Дагы бир категориядагы адамдар – орус жарандыгын алып, Украинага каршы согушка катышкандар менен да күрөшүү керек, анткени алар Орусия империясынын агенттери катары да коркунуч жаратышы мүмкүн. Бирок мыйзам долбоорунда дагы бир кемчилик бар. Бул Өзбекстанга каршы пикирин айткан адамдарга тиешелүү. Боордош Казакстанга каршы душмандык аракеттерге да чектөөлөр киргизилиши керек", - дейт Алишер Илхамов.
Чет элдик агенттер кимдер?
Бул термин чет өлкөдөн каржылык колдоо алган чет элдик уюмдарга, ЖМКларга жана адамдарга карата колдонулат.
Быйыл майда грузин парламенти өлкөнүн президенти Саломе Зурабишвилинин каршылыгына карабай "чет элдик агенттер" жөнүндө мыйзамды кабыл алган.
Грузияда "орус мыйзамы" деп аталган бул документ коомчулуктун нааразычылыгын жараткан. Көп өтпөй Евробиримдик менен АКШ Грузияга каржылоо жана насыялоо системасын катуу чектей турганын, өлкөнүн Евробиримдик менен интеграциясы тоңдурулаарын эскерткен.
"Бийликтеги партия президенттин "орус мыйзамына" вето койгонун жокко чыгаруу үчүн парламенттик көпчүлүктү пайдаланып, Грузиянын Европа Биримдигине карай жолун жапты. Трагедия, бирок чындык", - деп жазган Швециянын мурдагы премьер-министри Карл Билдт өзүнүн X баракчасында.
2024-жылы апрель айында Кыргызстандын бийлиги да "чет элдик өкүл жөнүндө" мыйзамды кабыл алган.
Президент Садыр Жапаровдун айтымында, өлкөдө 30 жылдан бери иштеп келе жаткан бейөкмөт уюмдар эч жерде катталбай, эч кимге отчет беришкен эмес. Болгону алар банктык эсептерди ачып, чет элдик донорлордон акча алып, өз каалоосу менен жеке максаттарына жумшашкан.
"Мындан ары алар башкалары менен бирге Юстиция министрлигинен каттоодон өтүшөт. Банктык эсептер ачылат. Эми алар ачык иштей башташат. Мурдагыдай башаламандык болбойт", — деди Жапаров.
Ошол эле учурда Жапаров "чет элдик өкүл" деп жарыялангандарга каршы "куугунтук болбойт" деп ишендирген.
Францияда жайгашкан "Борбор Азиядагы адам укуктары" уюмунун жетекчиси Надежда Атаеванын айтымында, Өзбекстанда кабыл алынган мыйзам Шавкат Мирзиёевдин тушунда кабыл алынган башка документтерден шашылыш каралганы менен айырмаланат.
"Бул мыйзам буга чейин кабыл алынган башка көптөгөн мыйзамдардан айырмаланып турат жана тез арада ишке кирет. Анткени ал өз оюн ачык айткан, Өзбекстандагы адам укуктарынын абалын сындаган, бул өлкөдөгү коррупцияга байланыштуу иликтөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бербеген аткаминерлерге жана сотторго өзүм билемдик менен чечим чыгарууга жол ачат. Башкача айтканда, өкмөт бул мыйзамды пайдаланып, кандайдыр бир жол менен Өзбекстандын имиджине таасир эткен коомдук активисттердин үнүн басуу үчүн колдон келгендин баарын жасайт. Бул мыйзамды кандайдыр бир деңгээлде "чет элдик агенттер" жөнүндөгү мыйзамга салыштырууга болот. Өзбекстанда укук коргоо уюмдарын жана көз карандысыз басылмаларды каттоого мүмкүнчүлүк болбогондуктан, чет өлкөдө жашап, Өзбекстандын өкмөтү берген маалыматтан башкача пикирлерди айткандар куугунтукка алынууда", – дейт Надежда Атаева.
"Чет өлкөлүк өкүл" жөнүндө мыйзам дүйнөнүн башка көптөгөн өлкөлөрүндө дa кабыл алынган. Алардын арасында Украина, Орусия, Кыргызстан, АКШ, Австралия, Венгрия, Израил бар.
Бирок укук коргоочулар бул мыйзам сөз эркиндигин чектейт, авторитардык режимге ыктаган өлкөлөрдө чет элдик демократиялык баалуулуктарды жайылтууга багытталган фонддордун жана уюмдардын ишмердигине тоскоолдук жаратат деген пикирде.
"Бул мыйзамдын кабыл алынышы – сөз эркиндигин басууга багытталган жаңы доордун башталышынын белгиси. Өзбекстанда бийликти сындагандардын баары же түрмөдө, же атайын кызматтын катуу көзөмөлүндө. Социалдык тармактарда кандайдыр бир деңгээлде активдүү болгон же дипломаттар же БУУнун өкүлдөрү менен жолугушууларга катыша алган активисттерди жакында эле ИИМдин Терроризмге каршы күрөшүү башкармалыгынын тергөөчүлөрү байкоого алып, бейрасмий түрдө суракка чакырды. Башкача айтканда, Өзбекстанда жарандык активдүүлүктү басуу процесси жүрүп жатат. Эми бийлик чет жерде жашап, алар менен кызматташуудан баш тарткандарга каршы багыт алды", - дейт Надежда Атаева.
Коңшу Казакстанда аталган мыйзам жок. Бирок былтыр сентябрда Казакстандын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитети чет жана эл аралык мамлекеттердин өкүлдөрүнөн, уюмдардан жана жеке жактардан акча же мүлк алган адамдардын жана уюмдардын тизмесин жарыялаган.
Реестрге 240 жеке жана юридикалык жактар кирет. Серепчилердин айтымында, бул чет өлкөдөн каржыланган бейөкмөт уюмдардын толук тизмеси эмес.
Көпчүлүк активисттер Өзбекстанда кабыл алынган мыйзам долбоору өлкөнүн эгемендигине жана бүтүндүгүнө коркунуч келтирген чет элдиктерге, өзгөчө шовинисттик жана улутчул орус саясатчыларга каршы багытталган деп эсептешет.
Азырынча Өзбекстанга негизинен чет өлкөнүн жарандыгын алган журналисттер менен саясий активисттердин, ошондой эле бийликти сындагандардын кирүүсүнө тыюу салынган.
Алардын арасында британ жарандыгын алган өзбекстандык журналист жана режиссёр Шахида Якуб, өзбекстандык активист Исокжон Закиров, польшалык журналист Агнеска Пикулицка-Вильчевска, блоггер Искандар Македонский, кыргызстандык блогер жана коомдук активист Бахром Рахмон, жазуучу жана котормочу Евгений Бунин, жазуучу жана журналист Хамид Исмаилов, оппозициячы Насрулла Сайид, фотокабарчы Виктория Ивлева жана башкалар бар.
"Озодлик" радиосунун макаласын орус тилинде бул жерден окуй аласыз.