Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:46

"Айып төлөсүн". Пикир жазгандарды ооздуктаган жаңы мыйзам


Кыргыз өкмөтү интернеттеги жана жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жалаа жана мазактоо сөздөрү үчүн айып пул салган мыйзам долбоорун сунуштады.

Бийлик мындай мыйзамдын зарылдыгын ЖМК жана интернетте ар кимди мазактоо, кемсинтүү учурлары көбөйгөнү менен түшүндүрүүдө.

Маалымат айдыңына жаңы чектөөнү киргизүү сунушу эмнеден кабар берет?

Министрлер кабинети интернет менен жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жалаа жапкан жана мазактаган жактарга айып пул салууну сунуштады. Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 25-июлда коомдук талкууга чыгарды.

Анын негиздеме катында мыйзам долбоору "жабырлануучунун мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жана укуктук системанын алкагында адилеттүүлүктү камсыз кылуу максатында иштелип чыкканы" жазылган.

Соңку учурда жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернетте мазактоо, кемсинтүү учурлары көбөйгөнү белгиленген. Документте “күнөөнү далилдөөнүн татаалдыгынан жана юридикалык ченемдердин көп маанилүүлүгүнөн улам жазасыз калууда” деп жазылган.

"Жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернетте тарап жаткан мазактоо жана кемсинтүү жалпы коомго терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Бул чыр-чатактардын күчөшүнө, адамдар ортосундагы мамиленин начарлашына жана коомдогу туруктуулуктун бузулушуна алып келиши мүмкүн... Жалаа жабуу - жалпыга маалымдоо каражаттарында, сайттардын баракчаларынын башка адамдын абийирине жана ар-намысына шек келтирген атайылап жалган маалыматтарды таратуу да олуттуу моралдык жана психологиялык залал келтирип, аброюна көлөкө түшүрүшү мүмкүн. Жалган жалаа жабууга тыюу салуу коомдук тартипти жана адеп-ахлак ченемдерин сактоого жардам берет, жалган маалыматтардын жана чыр-чатактардын тутанышына жол бербейт, анткени мындай маалыматтар өзүнчө өкүм чыгарууга, коомдук башаламандыкка, митингдерге түрткү бериши мүмкүн", - деп жазылган мыйзам долбоордун негиздеме катында.

Кыргыз өкмөтү “Укук бузуулар жөнүндө кодексине" өзгөртүүлөрдү киргизип, жалаа жапкан жеке адамдарга 100 миң сом (1000 эсептик көрсөткүч), ишканаларга 200 миң сом (2000 эсептик көрсөткүч) айып пул салууну сунуштоодо.

Ал эми кемсинтүү үчүн жеке адамдарга 50 миң сом, ишканаларга 70 миң сом айып пул каралган.

Дал ушул мыйзам долбоорун быйыл апрелде Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги сунуштаган. Бирок анда айып пулдун көлөмү кыйла аз көрсөтүлгөн. Аталган министрлик бир топ талкуулардан кийин айып пулдун өлчөмү көтөрүлгөнүн билдирүүдө.

Буга чейин “Медиа Полиси Институту” коомдук фонду Министрлер кабинетин медиа айдыңындагы жалаа жана мазактоо үчүн жоопкерчилик киргизүү сунушун артка чакыртып алууга үндөгөн.

Фонддун юристтери мыйзам долбоору кабыл алынса, эч кандай арыз жок эле маалымат каражаттарына айыппул салынышы мүмкүн экенин белгилешкен.

Юрист Акмат Алагушевдин айтымында, сунушталган документте жалаа же мазактоо кандай негизде аныкталары көрсөтүлгөн эмес. Ошондой эле айып пулдун көлөмү кылмыш ишине теңелип калган.

"Бул жерде ушактоо же мазактоо болгон учурда ар бир адам өз ыктыяры менен, өзүнүн арызы менен кайрылышы керек. Эң башында эле туура эмес өзгөртүүлөр деп жазганбыз. Булар өздөрү мониторинг кылып, анан кимдир бирөөгө шек келтирип жатабы же жокпу, арыз жазасыңарбы деп айтабы? Биз эң башынан эле бул кандай иштейт деген суроону койдук. Бул иштебей турган, укуктук жактан туура эмес мыйзам долбоору болуп жатат. Муну кандай кабыл алышары, кантип иштеткени жатышканы түшүнүксүз. Айып пулду көбөйткөнү дагы туура эмес. Кылмыш иштеги айыптар менен теңеп койду. Андай болбош керек", - дейт Алагушев.

Кыргызстандагы журналисттер, укук коргоочулар жана жарандык активисттер өлкөдө сөз эркиндигин чектөө соңку жылдары күч алып жатканын айтып келет. Алар интернетке пикирин ачык жазган активдүү колдонуучуларга кылмыш иштерин козгоо, мурда кабыл алынган “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга таяп маалымат каражаттарын чектөө, айрым маалымат каражаттары жана порталдарды сотко берүүнү мисал келтиришет.

Журналист Канышай Мамыркулова интернеттеги жалаа жабуу же кемсинтүү кантип көзөмөлгө алынарына кызыкты. Ал ар бир жаран өзү эле сот аркылуу укугун коргоп алса болорун белгилеп жатат:

Канышай Мамыркулова.
Канышай Мамыркулова.

"Административдик кодекстин 18-беренеси бар да, так эле ушундай. Ар бир жаран керт башына карата мазактоо же кемсинтүү болгонун тактаса, сот аркылуу муну жөнгө салып алса болот. "Укук бузулар" кодексине тактоо киргизгени маселенин үстүнө маселе жаратып, "бөйрөктөн шыйрак чыгарган" эле бүтүм болууда. Экинчиден, интернет өнүккөн маалда кантип баарын бирден терип отурат? Кыргызстанда эле эмес, дүйнөдө жарандарыбыз жүрөт. Алар өз ыңгайына жараша кимдир бирөөгө карата бир нерсе айтып алышы мүмкүн. Мындан эч ким сактанып жүрө албайт. Министрлер кабинети укук, экономика, социалдык жана башка толтура маселелер турса, маалымат коопсуздугу дегенди бетке кармап ушундай майда-барат нерсе менен алек болуп отурганы өтө туура эмес".

Буга чейин “Чек арасыз кабарчылар” уюму жалпысынан Чыгыш Европада жана Борбор Азияда сөз эркиндигин абалы кескин начарлап кеткенин белгилеген. Уюмдун май айындагы баяндамасында Кыргызстан басма сөз эркиндигинин дүйнөлүк индексинде былтыркыга салыштырмалуу эки тепкичке көтөрүлүп, 120 орунду ээлеген.


Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин, ар бир жаран өз оюн эркин жана ачык айта аларын белгилеп, жоопкерчилик маселесине көңүл бурууну эскертип келет.

Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине курган кезектеги маегинде Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин айткан.

“Кыргызстанда сөз эркиндигин чектей албайсың. Ага эл жол бербейт. Кыргызстандын эли илгертен сөз эркиндиги менен жашап келген. Мындан ары да сөз эркиндиги менен жашай берет. Сөз эркиндиги жок дегендер ушул терминге жамынып алып, каалаганын кылып келгендер, сөз эркиндигине жамынып алып өлкөгө бүлүк салууну пландап жүргөн “лжемекенчилдер”, - деген президент.

Анткен менен медиа серепчи Жаннат Токтосунова мыйзам долбоорун сөз эркиндигин чектөө катары баалады:

Жаннат Токтосунова.
Жаннат Токтосунова.

"Өзүнчө айып пул аркылуу жарандардын сөз эркиндигине болгон укуктарын чектөө аракети катары баалап жатам. Бул боюнча юристтер дагы ача пикирде, себеби Маданият жана маалымат министрлигине ушундай функция берилип жатыптыр. Бирок алардын көзөмөл кылуучу функциялары да, бул окуялар боюнча иштерди козгоого мүмкүнчүлүгү да жок. Бул айыппул аркылуу коомдук талаага чыгаруу, экинчиден, казынаны толтуруу аракети болуп жатат.

Авторитаризм шартында өз пикири бар жарандарга, ЖМКларга, блогерлерге басым көрсөтүү, репрессия куралы катары колдонулушу мүмкүн. Ошол эле фейктер менен күрөшүү мыйзамы кандай колдонулуп жатканын көрүп жатабыз. Сын көз караштагы маалымат каражаттарга, журналисттерге карата колдонуп, фейк маалыматты жамынып, азыркы бийликке жакпаган адамдарды, коомдук өкүлдөрдү мазактаган, каралаган, "өлтүрөм" дегенге чейин баргандарга чаралар колдонулган жок. Азыр диний, улут аралык кастыкты козуткан, чагымчыл маалыматтарды жазган аккаунттар көп. Аларга чара көрүлбөй, тескерисинче, мыйзамдуу иштеп жүргөн басылмаларга каршы колдонулуп жатат. Бул айыппулдар дагы кимдерге каршы салынарын алдын ала билсе болот".

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чынгыз Эсенгулдун белгилешинче, быйыл жыл башынан бери мекеме анык эмес маалымат таратууга байланыштуу тогуз арызды карап чыкты. Анын экөө социалдык тармактардагы маалыматтар боюнча. Үч сайттын ишин эки айга убактылуу жабуу чечими чыккан.

"Азаттык" радиосу былтыр декабрда 2020-жылдын ноябрынан бери социалдык тармактарда пикир билдирип, комментарий жазып же бөлүшкөнү үчүн укук коргоо органдарына суракка чакырылып, иш козголгон же жазага тартылган 30га чукул жарандын тизмесин жарыялаган. Кармалгандар арасында 70 жаштагы байбиче жана 21 жаштагы студент да болгон.

Өткөн айда CIVICUS Monitor эл аралык уюму Кыргызстан жарандардын эркиндиги кескин төмөндөп жаткан өлкөлөрдүн тизмесинде калганын билдирген. Уюмдун сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, буга өлкөдө “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” ("Чет элдик өкүл тууралуу") мыйзамдын күчүнө кириши, 11 журналисттин камалышы, социалдык тармактардагы пикири үчүн куугунтукка алынып, соттолгон блогер-активисттердин саны өсүп жатканы да өлкөнүн эл аралык коомчулуктагы аброюна көлөкө түшүрүп жатканы себеп болгон.

XS
SM
MD
LG