Борбор Интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттарына, социалдык тармактарга чыккан маалыматтарды талдап турмакчы. Өкмөттүн мындай чечими сөз эркиндигине, көз карандысыз медиалардын ишине терс таасир тийгизет деп чочулагандар да бар.
Министрлик бул борбор жарандардын так, туура маалымат алуу укугун камсыз кылуу үчүн түзүлгөнүн белгиледи. Анткени мекеме учурда социалдык тармактарда анык эмес маалыматтар жайылгандыктан, мындай шартта жарандардын укугун коргоо мүмкүн болбой жатат деп эсептейт.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев борбор Интернетке, анын ичинен социалдык тармактарга жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган маалыматтарга байкоо жүргүзүп турарын билдирди:
“Борбордун милдеттери - мыйзамга каршы келген маалыматтарга интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттары тармагында системалуу мониторинг жүргүзүү, мониторингдин натыйжалары боюнча корутундуларды даярдоо, Интернет тармагындагы жана жалпыга маалымдоо каражаттары чөйрөсүндөгү сайттарды жана баракчаларды токтотуу, алып салуу жана бөгөт коюу боюнча чечимдерди кабыл алуу, калк арасында медиа сабаттуулукту жогорулатуу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү, ЖМК жана Интернет мейкиндигине сапаттуу, объективдүү жана өз убагында байкоо жана талдоо жүргүзүү. Борбор алдына коюлган дагы бир милдеттердин бири - бул социалдык тармактар (YouTubе, Meta, Инстаграм) менен келишимдерди түзүп, кызматташууну алып баруу. Себеби социалдык тармактардагы анык эмес (жалган) маалыматтар жайылтылган убакта жарандардын укуктарын коргоо мүмкүн эмес болууда".
Буга чейин Парижде өткөн Олимпиада оюндары маалында кыргызстандык спортчулардын тамак-аш маселеси боюнча талкуу жаралып, Интернетке алардын тамактанып жаткандагы видеосу тараган. Кийин ал мурда тартылган тасма экени аныкталды.
Бул окуядан улам Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстанда фейк маалыматтарды тараткандарга карата чараны күчөтүү зарылдыгы бар экенин жазган.
IT-адиси Нурсултан Турдалиев борбор түзүү менен Интернеттеги фейк менен күрөшүү татаал болот деген ою менен бөлүштү:
“Фейк маалымат менен күрөшүү өтө оор. Ал үчүн 10 же 100 адамды жумушка алуу менен жыйынтык көрсөтүү кыйын. Себеби фейк маалымат бардык жакта тарашы мүмкүн. Мисалы, бизде Twitter социалдык тармагы көп колдонулбайт. Бул платформада Community Notes деген бөлүк бар. Мында Интернет колдонуучулар маалымат чыкканда, ал фейк болсо, билдирүүнүн астына анын анык эмес экенин далилдеп, шилтемелерден бери тиркеп коё алат. Бул билдирүүнү башка бирөө көргөндө, анын фейк экенин биле алат. Бул атайын маалыматтын чын-төгүнүн аныктай турган адамдардын тобу болуп калган. Биздей чакан өлкөнүн бийлиги социалдык тармактардын бирине билдирүү жөнөтүп, фейк маалымат деген жүйө менен кайсы бир постту өчүрүүнү талап кылды дейли. Бирок аны өчүрбөй койгон шартта бийлик ал платформаны жаап салса, мындан социалдык тармак көп зыян тартпашы мүмкүн. Жакында эле ушундай окуя Түркияда да катталды. Түрк бийлиги платформаны жаап салганы үчүн Инстаграмга таасири сезилип, кийин коюлган талапты аткарды. Чоң өлкөлөр ушундай рычагды колдонот. Бирок биздин жөнөткөн кайрылууларды ушундай шартта карайбы, айта албайм”.
Кыргызстанда фейк маалыматтарга каршы күрөшүү үчүн буга чейин да аракеттер көрүлгөн. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Гүлшат Асылбаева жазган “Анык эмес маалыматтардан коргоо жөнүндө” мыйзам фейк маалыматтардан жана аккаунттардан коргоо максатында экени айтылган. Кийин андагы нормалардын негизинде бир катар сайттарга убактылуу бөгөт коюлуп, айрымдары биротоло жабылган.
Ал арада Министрлер кабинети интернеттеги жана жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жалаа жабуу жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбоорун сунуштап, коомдук талкууга чыгарды. Документте соңку кезде интернетте жана ЖМКларда адамдарды мазактаган жана кемсинткен учурлар көбөйгөнү, мындайда айыпкерлерге чара көрүлбөй калып жатканы белгиленген.
Мындан тышкары социалдык тармактардагы билдирүүлөрү үчүн адамдар суракка чакырылган, кылмыш иши козголуп, камакка алынган учурлар да катталууда. Ушундай жагдайда өкмөттүн маалымат чөйрөсүнө байкоо сала турган борборду түзүп жатканын сөз эркиндигине терс таасир катары баалагандар да бар. Фейк маалыматты текшерүү үчүн фактченинг ыкмасын жайылтып жүргөн журналист Асел Сооронбаева буларды айтты:
“Жалган маалыматтан коргойбуз, фейктер жүзүн жашырбай калат” деген жүйө менен убагында Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшат Асылбаева коомчулуктун нааразычылыгына туруштук берип, эмнеси болсо дагы, тиешелүү мыйзамды демилгелеп, кабыл алынышына чоң салым кошкон. Ал эми иш жүзүндө ал мыйзам эркин медиаларга, журналисттерге каршы иштегенине баарыбыз күбөбүз. Мониторинг борбору да дал ушундай принцип менен эле иштээри талашсыз. Буга далил катары айрым аткаминерлер, саясатчылар алардын дарегине айтылган сын-пикирлерди көтөрө албай, социалдык тармактардын колдонуучулары менен кайым айтышкан учурлар бар.
Албетте, бул жарандарды жалган маалыматтан сактоо максатын көздөбөйт. Тескеринче, цензурага алып келет, медиа чөйрөнү толук көзөмөлгө алууну максат кылат”.
Сооронбаева фейк маалыматтарга каршы күрөштөгү эң жакшы жыйынтык бере турган ыкма – интернет колдонуучуларга маалымат берип, медиасабаттуулукту жайылтуу экенин белгиледи.
Жапаровдун борбор түзүү боюнча токтому жогоруда сөз болгон “Анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамынын негизинде чыгарылган. Бул документте Маданият министрлигине арыздын негизинде маалымат сайтын убактылуу, кийин талапты аткарбаган чакта толугу менен жаап салуу укугу берилген. Муну медиа коомчулуктун өкүлдөрү фейктерге эмес, журналисттерге, көз карандысыз медиаларга каршы иштеп жатканын айтып, бир нече ирет нааразылыгын билдирип келишкен.
“Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы Нурдин Дүйшөнбеков алгач ушул мыйзамды кайра карап чыгуу зарыл деген пикирде:
“Ошол мыйзамды толук иштетебиз деп жатышат, бирок алгач мыйзамдын өзүн туура жазыш керек. Эгерде азыркыдай абалда кала турган болсо, муну талкуулоонун деле кереги жок. Эгерде бизге мүмкүнчүлүк берип, экинчи тараптын маалыматын угуп, өзүн коргонуусуна шарт түзүлсө, маселе эки жактуу каралмак. Азыркы шартта бул бир беткей эле каралып жатат”.
Анткен менен өкмөт жаңы түзүлө турган борбордун сөз эркиндигине терс таасири болбойт, тескерисинче, сапаттуу журналистиканы жайылтууга жардам берет деп ишендирүүдө.
“Азыр социалдык тармактарда, Интернетте эмне деген гана маалыматтар жок. Бул бир гана сөз эркиндигине байланыштуу маселе эмес. Биз жаш балдардын, элдин коопсуздугун коргошубуз керек. Мында эң көп маселе башка тармактарга тиешелүү. Андыктан муну сөз эркиндигине байланыштыруу туура эмес. Бул чөйрөдө көптөгөн маалымат тарап жатат. Мындайда биз мамлекет, улут катары иргеп, мониторинг жүргүзө турган борборго муктаждык бар эле", - деди Марат Тагаев.
Өткөн айда CIVICUS Monitor эл аралык уюму Кыргызстан жарандардын эркиндиги кескин төмөндөп жаткан өлкөлөрдүн тизмесинде калганын билдирген. Уюмдун сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, буга өлкөдө “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” ("Чет элдик өкүл тууралуу") мыйзамдын күчүнө кириши, 11 журналисттин камалышы, социалдык тармактардагы пикири үчүн куугунтукка алынып, соттолгон блогер-активисттердин саны өсүп жатканы, мунун баары өлкөнүн эл аралык коомчулуктагы аброюна көлөкө түшүрүп жатканы себеп болгон.