Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:53

"Бир ай ичинде каттоодон өтүшү керек". Талаштуу мыйзам, чектелген эркиндик


Бишкектеги сөз эркиндигин коргоо акциясы. Архив.
Бишкектеги сөз эркиндигин коргоо акциясы. Архив.

CIVICUS эл аралык уюму Кыргызстанды жарандардын эркиндигин чектеген мамлекеттердин тизмесине кошту.

Мындай баа берүүгө “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамдын күчүнө кириши, журналисттердин жана активисттердин камалышы себеп болгон.

CIVICUS эл аралык уюму 10-июлдагы баяндамасында Кыргызстанда акыркы жылдары адам укуктары жана сөз эркиндиги чектелгенин белгилеген.

Уюм буга жүйө катары өлкөдөгү үч көрүнүштү мисал келтирген: “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынып, ишке кириши, 11 журналисттин быйыл жыл башында кармалып, сот иштери жүрүп жатканы, социалдык тармактарда өз пикирин ачык билдирген активисттер менен блогерлердин ишинин татаалдашканы.

Мыйзамга төп келбеген жобо

Уюм докладында Кыргызстанда жаңы мыйзамга ылайык тыштан каржыланган бейөкмөт уюмдар 16-июлга чейин "чет элдик өкүл" катары катталышы керектигине, муну жасабагандардын ишмердүүлүгү токтой турганына көңүл бурган.

Кыргызстандын Юстиция министрлиги 16-майдан тартып бейөкмөт уюмдар эки айдын ичинде коммерциялык эмес уюмдардын реестрине киргизүү жөнүндө арыз, документтерди бериши керектиги тууралуу атайын жобо бекиткен.

Аталган министрликтин маалымат катчысы Руслан Изреков учурда айрым өкмөттүк эмес уюмдар белгиленген тартипте каттоодон өтүп жатканын кабарлады.

“Чет элдик өкүлдүн" милдетин аткаруучу коммерциялык эмес уюмдардын реестрин жүргүзүү жөнүндө жобо 1-июндан тартып күчүнө кирди. Демек, арыздар 1-августка чейин берилиши керек”, - деди Изреков.

Анткен менен “Бир дүйнө – Кыргызстан" уюму аталган жободо мыйзамга шайкеш келбеген суроолуу жагдайларды тапканын кабарлады. Буга байланыштуу аталган министрликке кайрылуу жолдошкондо жооп болгон эмес. Уюмдун жетекчиси Төлөкан Исмаилова мындан улам Башкы прокуратурага арыз менен кайрылышканын билдирди.

Төлөкан Исмаилова.
Төлөкан Исмаилова.

“Башкы прокуратурага арыз менен кайрылдык. Биздин юрист Тимур Арыков барып жобонун таржымалын сурап, жооп ала алган жок. Жобого ким кол койгону да белгисиз. Жобо баарынан мурда мыйзамга шайкеш келиши керек. Бирок, жобого мамлекет менен кайсы бир өкмөттүк эмес уюм иштеше турган болсо, андайларды “чет элдик өкүл” деп каттабай кое турган мыйзамда жок норманы киргизип салышкан экен. Биз министрликке “сиздер Жогорку Кеңештин депутаттарынын укуктарын өз бийлигиңерден аша чаап ыйгарып алыпсыңар, мыйзам бузулуп жатат” дедик. Ошондуктан, жобонун мыйзамга шайкештүүлүгүн прокуратура карашы зарыл”, - деди Исмаилова.

Буга чейин, март айында CIVICUS Кыргызстанды жарандардын эркиндиги кескин төмөндөп жаткан өлкөлөрдүн катарына кошкон.

10-июлда чыккан баяндамада Адам укугу боюнча эл аралык өнөктөштүк уюмунун жетекчиси Брижит Дюфур “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынышы Кыргызстандын жарандык коомуна жасалган олуттуу чабуул экенин белгилеген.

"Адам укуктарынын корголушуна маанилүү салым кошкон, бийликтен ачыктыкты талап кылып келе жаткан бейөкмөт уюмдар бул репрессиялык мыйзам менен куугунтукка алынуу тобокелдигине дуушар болуп, аягында "агент" деген сөз үчүн ишмердигин токтотуп, жабылышы ыктымал".

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору март айында Жогорку Кеңеште үч окууда тең талкуусуз кабыл алынган. Талаштуу мыйзамга президент Садыр Жапаров 2-апрелде кол койгон. "Кабар" улуттук агенттигине берген маегинде ал “өкмөттүк эмес уюмдарга куугунтук болбойт” деп айткан.

Бирок "Журналисттер" коомдук бирикмесинин жетекчиси Нурдин Дүйшөнбеков талаштуу мыйзамдагы айрым өксүктөр кийин сөз эркиндигине коркунуч туудурат деген пикирде.

"Мыйзамдагы бир эле нерсени айтайын, социологиялык иликтөө жүргүзгөн уюмдар деле саясатка кийлигишкен болуп саналат. Эми социология бул илим да. Бул бир. Экинчиден, мыйзам актылары дүйнөдө деле, бизде деле турмушка жараша өзгөрүп, толукталып, ылайыкташып турат. Ага өз сунуш-пикирлерин ар бир жаран жана уюм бергенге укуктуу да, муну да мыйзамга ылайык “саясатка кийлигишүү” катары чечмелесе болот”.

Мыйзам кабыл алынгандан кийин бир катар эл аралык уюмдар, бир нече өлкөлөрдөн 30дан ашуун жарандык бейөкмөт уюмдар, АКШ баштаган Европа өлкөлөрүнүн элчиликтери тынчсыздануусун билдирген.

Камактагы журналисттер

CIVICUS Кыргызстанда пикири үчүн куугунтукка алынып, камалган жарандык коомдун өкүлдөрүнүн, журналисттердин ишине да токтолгон.

Учурда Ленин райондук сотунда үстүбүздөгү жылдын 16-январында кармалып, камалган 11 журналисттин иши каралууда. “Айт, айт десе”, “Темиров LIVE” долбоорунда, “Арча Медиа” жана “ПолитКлиника” басылмасында иштеген журналисттердин жетөө үй камагына чыккан, төртөө абакта.

Соңку айларда жазуучу Олжобай Шакир беш, ырчы Аскат Жетиген үч жылга соттолуп, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров 100 миң сом айыпка жыгылды.

"Журналисттер" коомдук бирикмесинин жетекчиси Нурдин Дүйшөнбеков жогорудагы мисалдар CIVICUS уюмунун рейтингине таасир этти деп эсептейт.

“Кыргызстанды жарандардын эркиндиги кескин төмөндөп бараткан мамлекеттердин тизмесине кошуп жатканы албетте, өкүнүчтүү жаңылык, бирок, күтүүсүз деп айта албайбыз. Себеби, журналисттерге кылмыш иши козголгону, алардын соттолуп жатканы, камалышы ушундай баа берүүгө түрткү болду. Дегеле кийинки жылдарда журналисттер, блогерлерге карата арыздар жарандык тартипте эмес, соттордо кылмыш иши катары каралып жатканы ушул жаатта маселе бар экенинен кабар берет. Иш жүзүндө ал арыздардын көбү жарандык негизде гана каралып, ашып кетсе айып пул же төгүндөө менен чечилиши керек эле. Албетте, ушуга окшогон ондогон мисалдар CIVICUS уюмунун жанагындай рейтингине өз таасирин тийгизди деген ойдомун".

Эл аралык уюм Кемпир-Абад ишине да кайрылган. Эске сала кетсек, 12-июлда прокуратура Биринчи май райондук сотунун 22 адамды актаган өкүмүн өзгөртүп, жаза берүүнү суранды.

“Говори ТВ” долбоорунун жетекчиси Кайыргүл Урумканова сөз эркиндигин, адам укуктарын чектеген мындай көрүнүштөр эл аралык коомчулуктун көз жаздымында калбасын белгиледи.

“Бийлик “өлкөдө адам укуктары сакталат” дегени менен, иш жүзүндө адам укуктары, сөз эркиндиги чектелип жатканына журналисттер, блогерлердин камалышы башкадан кабар берип турат. Биз байкамаксан болгонубуз менен эл аралык уюмдар ага көз жуумп коё алышпайт экен, биз алардын рейтингине кааласак да, каалабасак дагы терс жагынан илинип жатабыз. Албетте, Кыргызстандын экономикасында, социалдык турмушунда өзгөрүүлөр болуп жатат. Биз аларды көрбөй-билбей коё албайбыз. Бирок, адам укуктары тепселенип жатканы жасалган андай жакшы иштерге көө жаап жатат. Ошондуктан бийлик элдин, коомдун пикирин сыйлаганды үйрөнүшү керек. Ошондо бири-бирибизди баалап, сыйлап, тең салмактуулук орнойт. Бири-бирибизди уксак коомдо жагдай жакшырып, бири-бирибиз менен сыймыктанып турабыз. Ошондо гана бири-бирибизге мамилебиз жакшырат. Ал иштерди көргөндөн кийин эл аралык уюмдарда рейтингибиз кескин жогорулайт. Мурдагы “Кыргызстанда Борбор Азиянын башка мамлекеттерине караганда сөз эркиндиги бар, адам укуктары сакталат” деген сыймыктуу абалыбызга кайтабыз”.

Бийликтин жообу

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу CIVICUS эл аралык уюмунун “сөз эркиндиги Кыргызстанда төмөндөп кетти” деген баасына кошула албай турганын билдирди.

Ал муну журналисттер, блогерлер жана жарандар жалаа менен ушак таратса, мыйзам чегинде жооп бериши зарыл деп негиздеди.

Чыңгыз Эсенгул уулу.
Чыңгыз Эсенгул уулу.

“Министрлик CIVICUS уюмунун маалыматына карата өз позициябызды билдирсек – жакында “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамдын жаңы долбоору иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлду. Ал кабыл алына турган болсо азыркыдан да жакшы шарттар түзүлөт, себеби, жаңы долбоордо бир катар прогрессивдүү нормалар камтылган. Ал эми “блогерлер, журналисттер кысымга алынып, сөз эркиндиги буулуп жатат” деген пикирлерге кошула албайбыз. Себеби, Кыргыз Республикасынын ар жараны өз ой-пикирин социалдык тармактарда, маалымат каражаттарында эркин билдире алат. Болгону ошол тараткан пикири, маалыматы үчүн жоопкерчиликти да өз моюнуна алышы шарт. Эгерде кимдир бирөөгө жөн эле жалаа жапса, чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратса, ар бир жаран мыйзам чегинде жооп берүүгө даяр болушу керек. Жакында жалган маалыматтарды тараткандар боюнча норма ишке кирди, ошондон кийин чындыкка дал келбеген маалыматтарды тараткандардын аягы кадимкидей тыйылып, журналисттер, блогерлер эреже менен иштегенге үйрөндү. Ошол туура эмес маалымат таратылса, азыр сөзсүз чара көрүлөт. Мындай норма өзүн өзү сыйлаган бардык демократиялык системасы бар, укуктук талаада жашаган Батыштагы бир катар мамлекеттерде деле иштейт. Мен кесиптештерди маалыматтарды фактыга таянып жазууга чакырат элем, себеби, мыйзамдарга ылайык бирөөгө жок жерден жалаа жапкандарга сөзсүз чара көрүлөт”.

Министрликтин өкүлү жогоруда айткан “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорунун жаңыдан иштелип чыккан редакциясы 9-июлда коомдук талкууга коюлду.

Кыргызстан акыркы жылдарда Freedom House, "Хьюман Райтс Уотч" сыяктуу бир катар эл аралык уюмдардын жаңы баяндамаларында да "эркин эмес" мамлекеттердин катарында аталып келет.

Эске сала кетсек, "Азаттык" радиосу былтыр декабрь айында 2020-жылдын ноябрынан бери социалдык тармактарда пикир билдирип, комментарий жазып же бөлүшкөнү үчүн укук коргоо органдарына суракка чакырылып, иш козголгон же жазага тартылган 30га чукул жарандын тизмесин жарыялаган.

"Жөн гана пост бөлүшкөм". Пикир үчүн айыпталгандар
please wait

No media source currently available

0:00 0:16:04 0:00

  • 16x9 Image

    Кубат Оторбаев

    "Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусунун алып баруучусу жана саясат, экономика, эл аралык алакалар багытында баяндамачы. 

Тектеш

XS
SM
MD
LG