Мындай жарыя учурда Лондондо өтүп жаткан дүйнөлүк ислам экономикалык форумунда жасалды. Адистердин эсебинде, шарият мыйзамдарына негизделген каржылоонун көлөмү дүйнөдө жылдан-жылга өсүү үстүндө.
Дүйнөлүк ислам экономикалык форуму быйыл тогузунчу ирет өтүп жатат. Ага бизнес менен саясий чөйрөнүн 1800дөй өкүлү катышууда. Лондон буга дейре эле исламдык каржылоо институттары жайгашкан борборлордун бири катары саналганы менен ислам экономикалык форуму мусулман эмес өлкөдө туңгуч ирет уюштурулду.
Британ премьер-министри Дэвид Кэмерон жыйында сүйлөп жатып, анын өлкөсү ислам баалуу кагазы - сукукту чыгарган алгачкы мусулман эмес мамлекет болорун да жарыялады:
- Адамдар ислам бонддору (мамлекеттик баалуу кагаз) сукукту ислам дүйнөсүнүн сыртында да чыгаруу жөнүндө бир нече жылдан бери сөз кылып келишкен. Бирок бул эч убакта ишке ашкан эмес. Өзгөрүү жасоо үчүн бизде, Британияда саясий эрк да, прагматизм да бар. Британ өкмөтү ислам бонддорун ислам дүйнөсүнүн тышында жүгүртүүгө киргизген алгачкы мамлекет болууну каалайт. Учурда Каржы министрлиги 200 миллион фунтка сукук баалуу кагаздарын чыгаруу үстүндө иштеп жатат. Биз келерки жылы башталуучу бул демилгени өркүндөтүүгө өнөр-жайдын да катышуусун кубаттайбыз.
Британ өкмөт башчысы Дэвид Кэмерон Лондон биржасы ислам принциптери менен иштеген компанияларды баалагыдай жаңы индекстерди түзүп жатканын кошумчалады.
"Рейтер" агенттиги жазгандай, Британия ислам баалуу кагазы - сукукту чыгаруу пландарын мындан беш жыл мурда эле ачыктаган. Бирок өлкөнүн карыздарды башкаруу мекемесинин айрым маселелер боюнча каршылыгынан улам бул демилге ишке ашкан эмес. Эми премьер-министр Дэвид Кэмерон жарыялаган сумма алгачкы сунуштардан беш эсеге аздык кылат жана бул кадам эң биринчи кезекте Лондондун дүйнөнүн каржы борбору катары макамын чыңдоого багытталган.
Ислам дүйнөсүнүн өзүнөн болсо ислам баалуу кагазы - сукукту эң көп жүгүртүлгөн мамлекет катары Малайзия саналат. Бул өлкөнүн премьер-министри Мохд Нажиб бин Тун Хаджи Абдул Разак форумдагы сөзүндө аялдардын экономикалык ролун көтөрүүгө көңүл бурду:
- Аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү кеңейишинен дүйнө мамлекеттеринин баары утат. Калк картайып бараткан өлкөлөрдө бул жумушчу күчүн жандандырат. Жакыр мамлекеттерде билим берүүгө, саламаттыкты сактоого, өнүгүүгө таасир берет. Өнүккөн мамлекеттерде болсо өндүрүмдүүлүктү күчөтөт жана өнүгүүнү тең салмактайт. Изилдөөлөр аялдар жигердүү катышкан жерде экономиканын саламаттыгы чың болорун көргөзүүдө.
Ислам экономикалык форумунда ооган президенти Хамид Карзай да сөз алды. Ооган өкмөтү кошумча чет элдик инвестиция издеп жатканын белгилеген Карзай:
- Ислам каржылоосу дүйнөлүк каржы системасына этикалык жана моралдык баалуулуктарды бекемдөө жолу менен салым кошо алат. Булар өз кезегинде глобалдык каржы системасынын туруктуулугун камсыздоого көмөктөшүүдө чоң мааниге ээ.
Адистердин айтымында, исламдык каржылоодогу негизги эреже насыяга берилген акча үчүн үстөктүн түз алынбашы.
Талдоочулардын эсебинде, исламдык каржылоодогу активдердин жалпы көлөмү учурда дүйнөнүн каржы активдеринин бир пайызына жетпегени менен жыл сайын өсүү үстүндө жана быйыл жыл соңуна карата 1,8 триллион долларга чаап барат деп күтүлүүдө. Ал эми буга Батыш банктары арасында кызыгуу жарала баштаганы - ириде Перс булуңунун мунайга жана акчага бай өлкөлөрү тартылган соода көлөмүнүн тездик менен өсүп жатканы.