Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:59

Бокс тегерегиндеги жаңжал: Олимпиада тизмесинен чийилеби?


Казакстандык мушкер Нурбек Оралбай (80 кг) Париж Олимпиадасында. 7-август, 2024-жыл
Казакстандык мушкер Нурбек Оралбай (80 кг) Париж Олимпиадасында. 7-август, 2024-жыл

​​​​​​​Эл аралык Олимпиада комитети 2028-жылы өтө турган Лос-Анжелестеги жайкы оюндардын тизмесине боксту кошкон жок.

  • Руслан МЕДЕЛБЕК

ЭОК 2025-жылдын соңуна чейин убакыт берип, жаңы бокс уюмун түзүүнү сунуштады. Эгерде ушул аралыкта жаңы уюм түзгөнгө мүмкүн болбосо, анда бокс 2028-жылдагы жайкы оюндардын тизмесине кошулбай калат.

Эмне үчүн мындай кырдаал түзүлгөнүн түшүндүрөбүз.

Бокстогу көйгөй эмнеден башталды?

2016-жылдагы Рио-де-Жанейродогу Олимпиададан кийин бокс мелдешиндеги калыстарга байланыштуу курч талкуулар жүргөн. 91 кг чейинки салмактагы финалдык беттеште казакстандык мушкер Василий Левит атаандашына үстөмдүк кылганына карабастан калыстар жеңишти орусиялык Евгений Тищенкого ыйгарат. Күйөрмандар жана эксперттер Олимп оюндарындагы бокс боюнча жооптуу AIBA (ал кезде Профессионал эмес мушкерлердин эл аралык ассоциациясы деп аталчу) дарегине ачуу сындарды жаадырышкан.

2018-жылы октябрда ассоциациянын төрагасы тайбэйлик Чинг-Куо Ву "ашыкча чыгымдарга жол берген" деп айыпталып, кызматын тапшырат.

Ассоциациянын төрагалыгына өзбекстандык ишкер, АКШнын каржы министрлиги “уюшкан кылмыштуу топтун анабашы" деп атаган Гафур Рахимов келген.

Мындай айыптоолорду четке каккан Рахимов 2019-жылы Эл аралык Олимпиада комитети аны менен байланышты үзгөндөн кийин отставкага кеткен.

2019-жылы Эл аралык Олимпиада комитети AIBAны четтеткен. Комитет ассоциацияга байланышкан иликтөөлөрдү жүргүзгөн.

2020-жылы уюм аталышын Бокс боюнча эл аралык ассоциация (IBA) деп өзгөртүп, орусиялык спорт аткаминери Умар Кремлев жетекчи болгон. Анын тушунда “Газпром” ири демөөрчүгө айланып, ишинин көбүн Орусиядан жүргүзө баштаган.

Умар Кремлев
Умар Кремлев

Кремлев уюмдун алдында дүйнө чемпионатын өткөрүүнү сунуштап, 2023-жылы алтын медалга 200 миң доллар убадалаган.

Ошентип, Кремлевдин тушунда Токио жана Париждеги жайкы оюндарда бокс боюнча мелдешти Эл аралык Олимпиада комитети өзү өткөрүп, IBA болсо дүйнө чемпионаты менен алек болду.

Ушу тапта Лос-Анжелестеги жайкы оюндардын программасына бокс кошулабы же жокпу деген суроо ачык бойдон турат. Анткени Эл аралык Олимпиада комитети мелдешти профилдүү ассоциация өткөрүшү керек деп эсептейт. Бирок "ылайыктуу уюм али түзүлө электигин" жүйө кылууда. Ошондуктан боксту 2028-жылдагы Олимпиадага кошушкан жок.

Ушу тапта Олимпиада комитети 2025-жылдын соңуна чейин убакыт берип, жаңы бокс уюмун түзүүнү сунуштады. Эгерде ушул аралыкта жаңы уюм түзгөнгө мүмкүн болбосо, анда бокс 2028-жылдагы Жайкы оюндардын тизмесине кошулбай калат.

WORLD BOXING

АКШ жана Батыш өлкөлөрү 2023-жылы апрелде World Boxing деп аталган уюм түзүп, башка өлкөлөрдү дагы ошонун тегерегине топтоого умтулууда. Мына ушул бирикме келечекте Олимпиададагы бокс мелдештерин өткөрүүгө аракет кылат.

Былтыр ноябрда Франкфуртта (Германия) өткөн World Boxing жыйынына 27 өлкөдөн өкүлдөр келди. Азыркы мезгилде уюмга 37 өлкө мүчө болгон. Анын ичинде АКШ, Улуу Британия, Чехия, Германия, Нидерланд, Скандинав өлкөлөрү жана Сингапур бар.

World Boxing уюму 2025-жылы бир катар ири мелдештерди өткөрүүгө камынууда. Бирок орусиялык Умар Кремлев менен жакшы мамиледеги айрым өлкөлөрдүн бокс федерациялары IBA өткөргөн мелдештерге катышып жүрөт. Маселен, Казакстандын Бокс федерациясы.

Казакстандын УОК президенти Геннадий Головкин (профессионал бокс боюнча дүйнө чемпиону, Афина Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси) июль айынын башында Казакстанды жана башка өлкөлөрдү World Boxing уюмун кошулууга үндөгөн.

Геннадий Головкин
Геннадий Головкин

"Биз аларды [Казакстандын бокс федерациясын] World Boxing уюмуна кошулууга үндөп келебиз. Бирок чечимди Казакстандын Бокс федерациясы өзү кабыл алат. Юридикалык жактан алганда федерациянын чечимине таасир эте албайм. Алар бул жараяндын баарын өздөрү жасашы керек", - деген Головкин Reuters агенттигине.

КАЛЫСТАРГА АЙТЫЛГАН ДООМАТТАР

Бокстогу калыстардын чечими соңку убакта күйөрмандардын жана мушкерлердин нааразылыгын жаратып келүүдө. Эгерде рингдин бир тарабындагы калыс 30:27 деген упайды берсе, анын каршы тарабындагысы 27:30 деп баалаган учурлар бар. Күйөрмандар "эки калыс эки башка боксту көрүп жатабы" деп суроо коёт.

2021-жылы канадалык юрист Ричард Макларендин жетекчилиги менен AIBA уюмунда иликтөө жүрүп, Рио Олимпиадасындагы мелдештерде федерациянын расмий кишилери "пара алган" деп тапкан. Макларен жетектеген топ AIBA төрагасы (2006-2017-жылдары жетектеген) Чинг-Куо Вунун дагы коррупцияга тиешеси бар деген бүтүмгө келген.

Алардын бүтүмүндө 2016-жылы жазында Кытайда өткөн Олимпиадага тандоо мелдешинде AIBA өкүлдөрүнө Казакстан менен Өзбекстан тарабынан пара сунушталганы айтылат.

Мелдешке Казакстандын эркектер командасынан алты мушкер, ал эми Өзбекстандан дагы алтоо катышкан. Алардын баары Олимпиадага жолдомо уткан.

2016-жылдагы Рио оюндарындагы Левит менен Тищенконун беттеши.
2016-жылдагы Рио оюндарындагы Левит менен Тищенконун беттеши.

Ошондой эле Макларендин тобу Рио оюндарындагы Левит менен Тищенконун беттешиндеги тыянакты "манипуляциянын белгилери бар" деп тапкан.

Иликтөөчүлөр 2016-жылдагы Олимпиаданын жарым финалындагы (60 килограммга чейинки салмакта) монголиялык Доржнямбуугийн Отгондалай менен франциялык Софьян Умиа ортосундагы беттеште дагы сатып алуу аракети болгонун белгилеген.

Макларен баштаган иликтөө тобунун тыянагында казакстандык калыс Рахимжан Рысбаев монголиялык федерациянын өкүлдөрүн "опузалап", эгер "акча бербесе" мушкери утулат деп айтканы жазылган. Иликтөөчүлөр монгол тараптан 100 миңден 250 миң долларга чейинки каражат суралганын ырастайт. Бирок 2021-жылы "Азатыкка" берген интервьюсунда Рысбаев иликтөөдө айтылгандардын баары "карандай калп" деп четке каккан эле.

Иликтөөчүлөр бокстогу адилетсиз чечимдер боюнча бир катар ынанымдуу далилдерди келтирүүгө аракет кылышкан.

Бокс мелдештери учурунда калыстардын чечимдери кайра каралбайт. Ошентсе да чечимге федерация макул болбосо, даттана алат. Эгерде калыстын катасы аныкталса, аны дароо четтетишет. Бирок рингде кимдин колу көтөрүлгөн болсо, ошол жеңүүчү бойдон калат.

"Азаттыктын" казак кызматынын макаласы.
XS
SM
MD
LG