Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:46

Париж-2024: Бокстогу чыр, Головкиндин билдирүүсү


Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу жеке машыктыруучусу Беганас Султанбаев менен. (Б.Султанбаевдин жеке архиви).
Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу жеке машыктыруучусу Беганас Султанбаев менен. (Б.Султанбаевдин жеке архиви).

Кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулунун жеке машыктыруучусу Олимпиада оюндарына шакиртин коштоп барбай калганы Кырнетте курч талкууланды. Казакстандын Олимпиада комитети Париж Бокс биримдигине нааразы болду.

1-августка караган түнү 57 килограммга чейинки салмактагы кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Париж Олимпиадасындагы алгачкы беттешин өткөрүп, аны беттешке бокс боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Данияр Төлөгөн уулу менен өзбекстандык машыктыруучу секундант катары коштоп чыккан.

Мунарбектин жеке машыктыруучусу Беганас Султанбаев Олимпиадага барбай калган. Ал “Азаттыкка” буларды айтты:

“Мага Олимпиадага баруу буйрубаптыр. Бир спортчуга - бир машыктыруучу дешкенинен, башкы машыктыруучубуз кеткен. Башкы машыктыруучу Данияр өзү жалгыз баргандыктан, өзү секундант боло албайт. Жок дегенде эки адам керек. Бири рингге кирип спортчуга суу берип турса, бири сыртта капаны (тиш кап) жууп берет. Өзбекстандык машыктыруучу жардам берип, коштоп чыгып жатат. Ага чоң рахмат. Бирок өзүнүн жеке машыктыруучусу ошол жерде турса жакшы болмок да”, - деди ал.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин дене тарбия жана спорт департаментинин жетекчиси Айбек Абдымомунов мушкердин жеке машыктыруучусунун Олимпиадага барбай калганы тууралуу азырынча комментарий бере албай турганын "Азаттыкка" билдирди.

Мунарбек Сейитбек уулу 4-августка караган түнү чейрек финалда АКШ мушкери Жамал Харви менен беттешет.

Казакстан калыстарга нааразы

Казакстанда мушкерлердин катары менен жеңилип, мелдештен жыдышы алардын даярдыгына сынды күчөтсө, бул өлкөнүн айтылуу мушкери Геннадий Головкин жетектеген Олимпиада комитети калыстардын ишин сынга алды.

1-июлда чейрек финалдык беттеште Айбек Оралбай менен Мухамедсабыр Базарбайулы атаандаштарына жеңилип калды. Буга чейин төрт мушкери (эркектер арасында үчөө, кыздардан бирөө) мелдештен жыдыган.

Казак мушкери Айбек Оралбай чейрек финалда Азербайжандын атынан Олимпиадага катышып жаткан Лоренцо Альфонсо менен беттешип, жеңилди.
Казак мушкери Айбек Оралбай чейрек финалда Азербайжандын атынан Олимпиадага катышып жаткан Лоренцо Альфонсо менен беттешип, жеңилди.

“Биз казак мушкерлеринин жеңилгенине макул эмеспиз жана мелдештерди уюштуруп жаткан Париж Бокс биримдиги бизге түшүндүрмө берүүсүн талап кылдык”, - деген Казакстандын Олимпиада комитетинин баш катчысы Жанар Утешова “Азаттыктын” казак кызматына.

Париждеги бокс боюнча мелдештерди Париж Бокс биримдиги (Paris boxing Unit) өткөрүп жатат. Эл аралык Олимпиада комитети Эл аралык бокс федерациясынын ишиндеги алешемдиктерди жүйө кылып, Олимпиада оюндарына аралаштырган эмес.

Казакстандык мушкерлер Париж Олимпиадасына эркектер арасында жети, кыз-келиндер арасында үч салмакта жолдомо алышкан. Бокстон Париж Олимпиадасына фаворит катары барган казак мушкерлери катары менен жеңилип, эркектер арасында эки, кыз-келиндер арасында дагы эки спортчусу мелдешин улантып жатат.

Алар эркектер арасында Сакен Бибосынов (51 кг) менен Нурбек Оралбай (80 кг), кыз-келиндер арасында Назым Кызайбай (50 кг) менен Карина Ибрагимова (57 кг).

Парижде жылдызы жанган Юсуф Дикеч

Ок атуудан Түркия үчүн күмүш медаль уткан Юсуф Дикеч Париж Олимпиадасынын жылдызына айланды. Ал 10 метрге пневматикалык тапанчадан ок атууда эч кандай спорттук кийими, атайын көз айнеги, шаймандары жок эле мелдешке катышып, күмүш медаль утуп алды. Таймаш учурунда анын бир колун чөнтөгүнө салып алганы интернетте ар түрдүү мэмге айланып, желдей тарады.

Юсуф Дикечтин бул бешинчи Олимпиадасы. Ок атуудан дүйнөнүн эки жолку жана Европанын үч жолку чемпиону. Ал ок атууда командалашы Шеввал Илайда Тархан менен аралаш командалар арасында мелдеште атышып, сербиялык Зорана Арунович жана Дамир Микечтен артта калып, 2-орунду алган.

Ушу тапта мелдеш жадыбалында Кытай биринчи, АКШ экинчи, Франция курамасы үчүнчү орунда.

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндары, кыргыз спортчуларынын мелдештери тууралуу "Азаттыктын" "Париж-2024: Олимпиада жаңылыктары" баракчасынан окуңуз.

XS
SM
MD
LG