Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:52

“Элимдин колдоосун сездим”. Париж Олимпиадасынын каарманы Мунарбек


Париж Олимпиадасында кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу күмүш байгеге ээ болду. Ал бокстон 57 килограмм салмакта финалдык беттеште өзбекстандык Абдумалик Халоковго утулуп калды (0:5). Бирок Олимп оюндарындагы спорттун бул түрүнөн Кыргызстандын алгачкы ийгилиги.

28 жаштагы Мунарбек Сейитбек уулу финалга чейин жеткен биринчи мушкер болду. Буга чейин кыргызстандык мушкерлер Олимп оюндарында чейрек финалдык беттештерге чейин гана жеткен.

“Элимдин колдоосун сездим, баарына ыракмат. Тагдырыбызга күмүш медал жазган экен, ошону буйруду. Албетте, башында алтын алабыз деп келгенбиз. Баарыңыздарга ыраазычылык”, -деди Мунарбек Сейитбек уулу беттештен кийин “Азаттыкка” маегинде.

“Биз рингде гана атаандашпыз. Анын сыртында бир тууганбыз. Күмүш медалы менен куттуктайм”, -деди өзбекстандык мушкер Абдумалик Халоков.

Халоков 24 жашта. Азия оюндарынын жеңүүчүсү. Дүйнө чемпионатынын алтын, күмүш байгелеринини ээси. Азия чемпионатында алтын, коло байгелерди уткан.

Бул Олимп оюндарында Халоков алгач Европа оюндарынын коло байгесинин ээси, швециялык Ибрахим Небилди, Европа оюндарынын күмүш байгесинин ээси, Токио Олимпиадасынын катышуучусу, испаниялык Хосе Кильести, жарым финалда Тынч океан оюндарынын жеңүүчүсү австралиялык Сениор Чарлини утуп, финалга чыккан.

Сейитбек уулу менен Халоков 2023-жылы Дүйнө чемпионатынын жарым финалында дагы беттешип, ал таймашта кыргыз мушкери жаракат алгандыгына байланыштуу жеңиш өзбекстандыкка ыйгарылган. Абдумалик Халоков өткөн жылы Дүйнө чемпионатын утуп алган.

Париж Олимпиадасында Мунарбек Сейитбек уулун курама команданын башкы машыктыруучусу Данияр Төлөгөн уулу менен чогуу өзбекстандык машыктыруучу Акмал Хасанов секундант катары коштоп чыкканы чоң талкууларды жаратты. Жыйынтыгында бул күйөрмандар үчүн жылуу маанай тартуулган окуя болуп калды. Финалда гана өзбекстандык мушкер чыккан үчүн Мунарбек башка секундант менен чыкты.

Мунарбек Сейитбек уулу жана курама команданын башкы машыктыруучусу Данияр Төлөгөн уулу менен өзбекстандык машыктыруучу Акмал Хасанов (Өзбекстандын улуттук Олимпиада комитети тарткан сүрөт).
Мунарбек Сейитбек уулу жана курама команданын башкы машыктыруучусу Данияр Төлөгөн уулу менен өзбекстандык машыктыруучу Акмал Хасанов (Өзбекстандын улуттук Олимпиада комитети тарткан сүрөт).

Париж Олимпиадасында Мунарбек Сейитбек уулу жалпысынан төрт беттеш өткөрдү. Алгач 1/8 финалда кубалык Орта Родригести 3:2 эсебинде, чейрек финалда дүйнө чемпиону жана Панамерика оюндарынын жеңүүчүсү, АКШ мушкери Жамал Харвини 3:2 эсебинде жеңген. Жарым финалда теги кубалык, учурда Болгариянын атынан мелдештерге катышкан Хавьер Ибаньес Диясты 4:1 эсеби менен утуп, финалга чыккан.

Мунарбек Сейитбек уулу бокс боюнча 2023-жылдагы Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси. Испанияда өткөн Boxam эл аралык мелдешинин жеңүүчүсү (2024-ж.). Жаштар арасындагы Азия чемпионатында коло медал уткан (2018-ж.). Беш жолу Кыргызстандын чемпиону болгон. Бир нече эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. Жайкы Олимп оюндарына ал алгачкы жолу катышууда.

Мунарбек Кыргызстандын атынан быйылкы Олимпиадага жолдомо алган жалгыз мушкер эле. Буга чейин Токиодогу Олимп оюндарына бокстон эч ким жолдомо ута алган эмес. Акыркы жолу кыргыз мушкерлери 2016-жылы Рио-де-Жанейродогу Олимпиадага катышкан. Андан кийинки Олимп оюндарына Кыргызстан спорттун бул түрүнөн эч кимди жөнөтө алган жок.

Олимпиадага жолдомону акыркы Таиландда өткөн лицензиялык мелдеште алды. Журналисттер сүрөттөп жазгандай жолдомону "тиши менен эле сууруп алып", үч күндө алты беттеш өткөрүп, беш беттеште жеңишке жеткен.

Мушкердин жеке машыктыруучусу Беганас Султанбаев Олимпиадага жолдомо утуу оор болгонун айтып берди:

“Таиландда өтө кыйынчылык менен жолдомо алды. Ал жакта билесиңер, күн аябай ысык. Беттешке үч күн катары менен чыкты. Кечинде беттешке чыгат, беттештен кийин салмагы 57 килограмм 400 грамм чыгат. Эртеси кайра эле беттеш. Салмагы 57 килограмм эле болушу керек да. Беттештен кийин бир саат эле эс алып, кайра машыгууну баштайбыз. 40 градус ысыкта тердете турган кийимдерди кийип машыгат. Тердеп, машыгып бүткөндөн кийин таразага түшсө салмагы кайра эле 57 килограмм 100 грамм. Дагы машыгабыз, жолдомо ушинтип өтө оорчулук менен келген”.

Профессионалдык бокс боюнча (WBA версиясы) дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаров буга чейин “Азаттыкка” курган маегинде Мунарбек кыргыз боксунун жаңы тарыхын жазганын белгилеп, буларга токтолгон:

"Биз бүгүн жөн гана медал тууралуу сөз кылып жатабыз. Кыргыз боксунан Кыргызстандын тарыхында Дүйнө чемпионатына катышып, байге алып, жеңишке жеткендер бар эле. Бирок Олимп оюндарында финалга чыккан жалгыз гана Мунарбек болду. Ошол себептен бул чоң тарых. Бул – Кыргызстандын Бокс федерациясы үчүн эле эмес, жалпы кыргыз эли үчүн чоң, эбегейсиз зор окуя", – деген О.Назаров мырза.

Париж Олимпиадасына Кыргызстандан 16 спортчу жолдомо алган. Учурда эки күмүш, төрт коло медалы менен Кыргызстан 81 өлкөнүн арасынан 67-орунда баратат. Олимпиада оюндары 11-августта жыйынтыкталат. (AbA)

XS
SM
MD
LG