Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:58

Бриллиант, батир, уй... Олимпиада жеңүүчүлөрүн кандай белек күтөт?


Париж Олимпиадасы жыйынтыкталды.
Париж Олимпиадасы жыйынтыкталды.

Ошентип Париж Олимпиадасы жыйынтыкталды. Спортчулар үйлөрүнө кайтып, кыска эс алуудан кийин ири мелдештерге, Лос-Анжелес оюндарына даярдана баштайт. Жеңүүчүлөр медалдан башка кандай сыйлыктарды алышат?

Өзбекстандын бокс боюнча башкы машыктыруучусунун өмүрүн британиялык команданын дарыгерлери кантип сактап калышты? Олимпиаданын айрым кызыктуу жагдайларына токтолобуз.

Бриллиант, батир, уй, аскерден бошотуу

Олимпиадада медал жеңгендер дагы кандай белек, жеңилдиктерди алышат?

Гонконгдо фехтованиеден мелдешти уткан Ченг Ка Лонг, Вивиан Конг, Ман Вай баштаган чемпиондор менен медал уткандар өмүрүнүн аягына чейин метродо бекер жүрө алышат.

Дзюдо боюнча медалдарды тапшыруу аземи. Париж, 30-июль 2024-жыл
Дзюдо боюнча медалдарды тапшыруу аземи. Париж, 30-июль 2024-жыл

Түштүк Кореяда медал уткандар милдеттүү аскер кызматынан бошотулат. Түндүк Корея менен согуш абалындагы ал өлкөдө жумушка жарамдуу эркектер бир жарым жылга аскерге чакырылат. Токио оюндарында жаадан атууда медал тагынган түштүк кореялык алты атлет демөөрчү Hyundai компаниясынан машинелер менен сыйланган.

Малайзияда өлкө тарыхындагы биринчи алтын медал уткан спортчуга тамак-аш жеткирген Grab деген компания өмүр бою бекер буюртма бере алат деп убада кылган. Өкмөт чемпионго Chery жол тандабас автоунаа жана люкс батир бөлүп бермек.

Колумбиялыктарга жергиликтүү Avianca аба компаниясы медалга жараша билет сатып алууда артыкчылык берген упай кошорун убада кылган.

Мексиканын президенти Андрес Мануэль Лопес Обрадор медал жеңгендерди сыйлоонун оригиналдуу жолун тапкан. Атап айтканда, АКШнын Юстиция министрлиги арам акчаны адалдагандыгы үчүн санкция салган мексикалык саясатчыдан конфискацияланган каражат спортчуларга бөлүнмөкчү.

Польша командалык эмес таймашта Олимпиада чемпиону болгондорду бриллиант, 58 миң евро, эки бөлмөлүү батир, сүрөт жана эс алууга жолдомо менен сыйламакчы.

Ирактын Олимпиада комитети билдиргендей, Париж оюндарына иргелип алган атлеттерге жер тилкеси жана 6 миң 600 евро берилди. Ошондой эле аларга өкмөт ай сайын 275 еврого тете стипендия бөлүп турат. Мисалы, оор атлетчи Али Аммар Ясер Олимпиадага жолдомо алгандан кийин жер тилкесинен тышкары машинелүү болду.

Баса, Токиодо бадминтондон чемпион болгон индонезиялык жупка, жергиликтүү пресса жазгандай, үч килограмм алтын, жер тилкеси жана 5 баш уй убада берилген.

Францияда чемпиондорго 80 миң евро, күмүш медалга 40 миң жана колого 20 миң евро тапшырылат.

Айылдын четиндеги талаада машыккан чемпион

Аршад Надим
Аршад Надим

Пакистан Париж Олимпиадасында биринчи жолу жеке мелдештерде алтын медал утту. 27 жаштагы Аршад Надим найзаны 92,97 метрге ыргытып, Олимпиаданын жана улуттук рекорддорду жаңылады.

Буга чейин Пакистан 1960, 1968 жана 1984-жылдары чөп үстүндөгү хоккей боюнча чемпион болгон. Андан тышкары пакистандыктар 1960-жылы күрөштөн жана 1988-жылы бокстон коло медал жеңишкен.

1992-жылкы Барселона оюндарынан бери бул өлкөгө бир да медал тийе элек болчу.

Аршад Надим. Париж, 8-август 2024-жыл
Аршад Надим. Париж, 8-август 2024-жыл

Курулушчунун баласы Надим алыскы Пенжаб провинциясындагы айылдын четиндеги эле талаада машыгып келген. Агасы Шахид медиага айтып бергендей, жаңы чемпионго шарт түзүлүп же алгылыктуу каражат бөлүнгөн эмес.

“Кудай аны миллион кишиден тандап алыптыр”, - деп айткан Шахид.

Олимпиадачы жашаган айылда спорттук зал мындай турсун, жадагалса оорукана жок.

Надимдин ата-энеси, чамасы чектелүү болгону менен, баласы машыксын деп, үйүнүн жанында цемент куюп аянтча жасап берген.

Жаратылыш тартуулаган күч-кубаты, талыкпаган мээнетинин аркасы менен ал эл аралык деңгээлдеги таймаштарда 2016-жылдан тарта медал ута баштаган.

Былтыр Венгрияда жеңил атлетика бонча дүйнө чемпионатында экинчи орунду алган.

Токио Олимпиадасын 5-орунда аяктаганда найзаны азыркыдан 8 метрге кыскараак аралыкка ыргыткан.

Пакистандын Спорт агенттигинин жетекчиси Шахид Ислам “Америка добушу” радиосуна билдиргендей, бийлик Надимди дайыма колдоп келатат. Анын айтымында, спортчу 2019-жылдан бери 80 миңден көп доллар алган жана медициналык тейлөө, спорттук жабдыктар менен камсыздалып келатат. Өкмөт анын сырт жактагы мелдештерге катышуусун каржылайт.

Париж оюндарына жакындаганда Надим Toyota жана Пакистандын телекоммуникациялык компаниясы менен демөөрчүлүк келишимдерге кол койду.

Олимпиададагы жеңишинен кийин аткаминерлер ага белектер берилерин, башкалары спорттук жайларга Надимдин ысымы ыйгарыларын айтышууда.

Кандай болгон күндө да, Пакистан үчүн бул алтын медал тарыхый окуя болуп калды.

Өзбек машыктыруучусун өлүмдөн алып калган британ дарыгерлери

Бокс күйөрмандары рингдеги бүйүр кызыткан беттешүүлөргө байкоо салып отурган кезде көшөгө артындагы окуялар көз жаздымда калганы түшүнүктүү. Андыктан Британия командасынын мүчөсү Өзбекстандын башкы машыктыруучусунун өмүрүн сактап калганын көбү билбей да калды.

Толкун Кылычев (оңдо) Дусматовдун жеңишинен кийин. Париж, 8-август 2024-жыл
Толкун Кылычев (оңдо) Дусматовдун жеңишинен кийин. Париж, 8-август 2024-жыл

Ал окуяны Guardian гезити баяндады. Өткөн бейшембиде Хасанбой Дусматов алтын медал уткандан кийин Толкун Кылычев катуу сүйүнүп кетип жүрөгү токтоп калган. Машыктыруучунун багына жанында британиялык команданын дарыгери Харж Сингх, физиотерапевт Робби Лиллис турган экен.

“Өзбек командасы машыгуу зонасына кайтып келгенде жеңишин майрамдап жатышты. Бир убакта чуру-чуу түшүп, "дарыгер, жардам" деп кыйкырып калышты. Харж биринчи болуп чуркады, мен тез жардам кутусун көтөрүп алып артынан жөнөдүм. Харж жандандырууга аракеттенип жатыптыр. Мен жүрөгүн иштетүү үчүн дефибрилляторду алып чыктым, - деп айтып берди Лиллис.

Кылычевдин жүрөгү 20-30 секундадан кийин кайра сого баштаган. Ал эсине келгенде бардыгы сүйүнгөнү айтпаса да түшүнүктүү. Кийин өзбек машыктыруучусун ооруканага алып кетишкен.

Макалада айтылгандай, Британиянын командасындагы медиктер ушундай абалдарга даяр туруу үчүн атайын окуудан өтүп турушат.

Лиллис ал окуядан кийин түнү бою уктабай чыкканын, бир кишинин өмүрүн сактап калганына жаратканга ыраазы болгонун айтат.

XS
SM
MD
LG