Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:03

Паралимпиада-2024: Парижге аттанган спортчулар


Паралимпиада оюндарына катыша турган курама команда.
Паралимпиада оюндарына катыша турган курама команда.

Парижде өтө турган XVII жайкы Паралимпиада оюндарына саналуу күн калды. Ага Кыргызстандан төрт спортчу катышканы турат.

Алар - дзюдочу Маматибраим Суранов, пауэрлифтинг менен алектенген Миргүл Болоталиева, триатлончу Айтунук Жоомарт кызы жана жеңил атлет Гүлназ Жүзбаева.

21-августа, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Парижде боло турган жайкы Паралимпиада оюндарына лицензия алган спортчулар менен жолугушуп, Кыргызстандын курама командасынын капитаны Маматибраим Сурановго мамлекеттик тууну тапшырды.

Паралимпиада оюндарына катыша турган курама команда.
Паралимпиада оюндарына катыша турган курама команда.

Парижде өтө турган Паралимпиада оюндарында спорттун 22 түрүнөн 549 комплект медал ойнотулат. Мелдештер 28-августта башталып, 8-сентябрда жыйынтыкталат.

Кыргыз спортчулары 1-сентябрдан баштап мелдештерге катышат. Алгач Гүлназ Жүзбаева 1-сентябрда жеңил атлетикадан 1500 метрге жарышка чыгат.

2-сентябрда аялдар арасында триатлондон мелдештер болуп, Айтунук Жоомарт кызы жарышка чыгат.

Дзюдодон мелдештер 5-сентябрда башталса, Маматибраим Суранов 73 килограммга чейинки салмакта 6-сентябрда мелдешке катышат.

Пауэрлифтингден Миргүл Болоталиева 86 килограммга чейинки салмак категориясында 8-сентябрда күч сынашат.

Көзү азиздерге жол көрсөткөн Жүзбаева

Паралимпиада оюндарына жеңил атлетикадан Гүлназ Жүзбаева жолдомо утту. Спортчу коштоп жүрүчүсү Юлия Фернас менен Ноттвил шаарында (Швейцария) өткөн лицензиялык мелдеште 1500 метр аралыкты алты мүнөт 18 секундада чуркап өтүп, алтын медал утту. Мунун менен катар Париж Паралимпиадасына жолдомо алды.

“Жолдомо алыш үчүн ар бир спорт түрүндө өзүнүн жол-жобосу бар. Ар бир спорт түрүндө мөөнөт берилет. Ошол белгиленген убакыттын ичинде мелдештерге катышып, упай топтоп дүйнөлүк рейтингде жогорку орундарды ээлеш керек. 2024-жылы жалпы үч эл аралык мелдешке катышып, атайын нормативди толтуруп, жолдомо утуп алдым”, - деди Гүлназ Жүзбаева.

Спортчу Гүлназ Жүзбаева коштоочусу Юлия Фернас менен.
Спортчу Гүлназ Жүзбаева коштоочусу Юлия Фернас менен.

Гүлназ Жүзбаева 2023-жылы Кытайдын Ханчжоу шаарында өткөн Азиянын параоюндарында жеңил атлетикадан коло медал уткан.

Жүзбаева паратриатлондон Азия чемпионатынын эки күмүш медалын (2023-жылы, 2024-жылы), 2023-жылы өткөн Дүйнө кубогунда аялдар арасында (PTVI категориясында) алтын медал уткан.

BBC дүйнөлүк кызматы Гүлназды 2020-жылы таасирдүү жана үмүт жараткан 100 айымдын катарына кошкон. Жүзбаева бул тизмеге өкмөттүк документтердин Брайл шрифине өткөрүүгө тынымсыз аракет кылып, көзү азиздердин социалдык адаптациясы боюнча программаны ишке ашырганы үчүн кошулган.

Парижди мелжеген параолимпиадачы жубайлар
please wait

No media source currently available

0:00 0:16:21 0:00

Гүлназ Жүзбаева Кыргызстандагы көзү азиздер федерациясынын негиздөөчүсү. Анын жолдошу Жалалдин Абдувалиев паратриатлончу. Бир канча эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү.

Жүзбаева көзү азиздерди өз алдынча жашоого үйрөткөн окуу борборун негиздеген. Бул окуу жайда 10 жыл аралыгында 200дөй киши өз алдынча жашоого, компьютер, гажеттерди колдонгонду, окуганды үйрөнүшкөн. Алардын катарында спортто ийгилик жараткандары да арбын.

Жүзбаева кыздарга үлгү болуп, жол көрсөтүү үчүн да спортко келгенин "Азаттыкка" айтып берген:

"Паратриатлон боюнча Азиядагы мамлекеттерде кыздар көп машыкпайт экен. Аялдар арасында спорттун бул түрү азыраак өнүккөн. Менин спортко келгенимдин бирден бир себеби аларга үлгү болуп паратриотлонду Азия өлкөлөрүндө өнүктүрөлү деген максатым бар".

Айтунук Жоомарт кызы жана Маматибраим Суранов да бул үй-бүлөнүн шакирттери.

“Менин көзүм көрбөй калганына тогуз жыл болду. Гүлназ Жүзбаева эжекебиз бизди кыялданууга, жашоодо көп нерсеге умтулууга үйрөттү. Көзү азиздерди өз алдынча жашоого үйрөткөн окуу борборуна келгенде Жалалдин Абдувалиевдин көптөгөн мелдештерге катышып жүргөнүн көргөнбүз. Анын арты менен мен да окуучусу катары спортко катышып көрүүнү чечтим. Спорт менен алектенгениме үч жыл болду. Анын ичинен бир жыл сууда сүзүү боюнча машыгып, андан кийин триатлонго келдим”, - дейт Айтунук Жоомарт кызы.

Айтунук Жоомарт кызы коштоочусу Ангелина Блиндул менен.
Айтунук Жоомарт кызы коштоочусу Ангелина Блиндул менен.

Айтунук Жоомарт кызы паратриатлондон Азиянын эки жолку чемпиону. Дүйнө Кубогунун күмүш медалынын ээси. Паратриатлон, парадуатлон жана парасууда сүзүү боюнча Кыргызстандын көп жолку чемпиону.

Парадзюдочу Маматибраим

Маматибраим Суранов Париж Паралимпиадасына дзюдодон жолдомо алган жалгыз спортчу болду. Өткөн Токио Паралимпиадасында Кыргызстандын атынан Хаятхон Хусан кызы дзюдодон мелдештерге катышкан эле. Дзюдодон спортчуларга жолдомолор Эл аралык Парадзюдо федерациясынын сайтындагы рейтингдин негизинде берилет. Суранов бул рейтингде 55 спортчунун ичинен 13-орунда турат.

Маматибраим Суранов машыктыруучусу менен.
Маматибраим Суранов машыктыруучусу менен.

“2017-жылы көзүм көрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап, көрбөй калгандагы сезимдер эң оор болгон. Мени эми өмүрүмдүн аягына чейин ар дайым бирөө жетелеп жүрөрүн ойлоп, өзүмдү бул жашоодо ашыкча сезип кеткен күндөр болгон. ⁣Москвага дарыланууга барып, ал жактан менден оор көйгөйү бар адамдар бар экенин билгенден кийин, өзүмдү колго алууну чечтим. ⁣Кийин Көзү азиздер федерациясына келип, ал жактан жашоого үмүтүм кайрадан жанып, өз алдымча басканды, өз алдынча жашаганды үйрөндүм. 2019-жылы Парадзюдо федерациясынын курама командасына мүчө болуп катталып, ошондон бери бир канча эл аралык мелдтештерге катыштым. Башкы максатым Паралимпиада эле. Азыр оюндарга даярданып, анын башталышын чыдамсыздык менен күтүп атам”⁣⁣, - деди спортчу. ⠀

Маматибраим Суранов 2021-жылы Казакстанда өткөн Азия-Океания ачык чемпионатында коло медал, 2023-жылы Португалияда өткөн Гран-При мелдешинде коло, ушул эле жылы Казакстанда өткөн Азия чемпионатында да коло медал уткан. ⁣⁣⠀

Парапауэрлифтингчи Миргүл

Миргүл Болоталиева парапауэрлифтинг менен алектенген Кыргызстандагы жалгыз спортчу айым.

"Парапауэрлифтинг менен 2021-жылдан баштап алектене баштадым. Ага чейин кол күрөш менен машыгат элем. Пауэрлифтингде менден башка кыз жок. Олимпиадага менин салмагымда 10 спортчу жолдомо алдык. Лицензия утуу үчүн акыркы жылы беш мелдешке катыштым. Бирок байгелүү орундарга жете алган жокмун. Андан сырткары 2022-жылы рейтингдик мелдештердин бири болгон Дүйнө кубогуна катыша албай калган элем. Мындан улам Эл аралык парапауэрлифтинг федерациясы Кыргызстандагы бул спорт менен алектенген жалгыз кыз болгонум үчүн жолдомо берди. Кыска убакыттын ичинде бул спорт менен алектенип, Олимпиадага жолдомо алганым мен үчүн өтө чоң жетишкендик деп эсептейм", - деди Миргүл Болоталиева.

Миргүл Болоталиева.
Миргүл Болоталиева.

Спортчу пауэрлифтинг менен кыска убакыттын ичинде эле алектенгенине карабай 2023-жылы Тайландда өткөн Дүйнө Кубогунда күмүш медал уткан.

"Азиздердин футбол командасын түзөбүз"
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:47 0:00

Париж Паралимпиадасына дүйнөнүн 182 өлкөсүнөн беш миңге жакын спортчу катышары күтүлүүдө. Мелдештер Париждеги Олимпиада оюндары өткөн спорттук ареналарда болот.

1964-жылы Жапониянын башкалаасы Токиодо паралимпиадалык оюндары расмий түрдө өткөрүлүп, эн белгиси пайда болгон. 1976-жылдан тарта кышкы жана жайкы оюндар өтүп келе жатат.

Кыргызстандык спортчулар 1996-жылдан бери катышып келет. Азырынча бул оюндардан кыргыз спортчулары байге ута элек.

XS
SM
MD
LG